Орус эксперттери кыргыздардын шайлоосу жөнүндө

Орусиялык эксперттер Кыргызстанда 10-октябрда парламенттик шайлоонун уюшкандыкта, чыр-чатаксыз өтүшүн өрнөктүү өнөктүк катары белгилешүүдө.
А.Дубнов, «Время новостей» басылмасынын серепчиси
:


"Шайлоо азыркы кыргызстандык коомчулуктун, элитанын ички ымаласын сынап көрүү үчүн сунулган апсап болду. Ал орточо эсеп менен алганда коомчулукта кыйла эле жарылып-бөлүнүү бар экенин көргөздү."

А.Улунян, саясий эксперт:


"Эксперттердин кай бирлеринин кулак какты айтып, өлкөнү түндүк-түштүк кылып бөлүп келаткан аңырттары ишке ашкан жок, бул абдан жакшы жөрөлгө. Азыркы Кыргызстанда ал болгон жок. Бөлүнүү партиялык жик жана аймактык жик менен болду."


А.Куртов, Орусиянын стратегиялык институтунун эксперти:

"Алдыга озуп чыккан беш партия («Ата-Журт», КСДП, «Ар-Намыс», «Республика», «Ата-Мекен») үчүн берилген добуштарды бир тарапка алып, экинчи тарапта калган добуштарды бир коюп салыштыра келгенде, алардын чогулткан үлүшү жалпы эсептен аздык кылат. Жалпы добуштун элүү пайызынан аз болот. Бул деген жаңы пайда болуп аткан саясий күчтөргө, Жогорку Кеңештен орун алып атышкан партияларга Кыргызстандын эли бүт ишеним артты дегенди билдирбейт."

"Азаттык": Алдыга чыккан беш партиянын коалициялык биригүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө дагы эксперттер ар башка пикирде.

А.Улунян:

"Мен тил табышуунун бирден бир жолу катары ич ара макулдашуу болот деп эсептеймин. Анан кандай гана кырдаал болбосун, Баш мыйзамды өзгөртүүдөн баш тартуу. Эмне дегенде азыркы тушта Жогорку Кеңешти баалуу-барктуу кылып турган дал ошол - Баш мыйзам. Эгерде аны өзгөрттү дегиче анда буга дейре болуп келген окуялар кайра кайталанат."

А.Куртов:

"
Альянстарга убактылуу топтолушат. Анын үстүнө Министрлер кабинетин түзүүдө жана Жогорку Кеңештин туруктуу көпчүлүк тарабын жаратууда Кыргызстандын мыйзамы кайрадан башка топ болуп уюшууга жол берет."

А.Дубнов:

"Болочок өкмөт курамы кыйла ар тараптаруу жактардан уюшулат. Балким ушул көрүнүш кандайдыр бир ыраатуулуктун кепили болор."