Эгемендиктен бери 23-июлда президенттик шайлоого калк төртүнчү жолу катышкан турат.“Сен укугуңду билесиңби?” түрмөгүбүз бул жолу президенттик шайлоодо кыргызстандыктардын добуш берүү укуктары тууралуу болду.
Суроолорго Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын уюштуруу жана укук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мырзабек Аргынбаев жооп берет.
Суроо:-Мен Абдираимова Гүлнара, учурда Бишкекте жашайм, “Ак өргө” жаңы конушунда ижарада турабыз. Пропискам жок, президенттик шайлоого кантип катышсам болот, ал үчүн каякка кайрылсам болот. Ушуну билейин дедим эле.
Жооп: -Мисалы Көлдө, же Ошто, же Баткенде бир жерде пропискада турат. Пропискада турган жеринде негизги тизмеге киргизилген .Ошол негизги тизмеге кирген жеринен тизмеден чыгуу күбөлүгүн алып туруп, ошол өзү каалаган жеринде барып, жазылып, добуш берсе болот. Тизмеден чыгуу күбөлүгүн алуу мөөнөтү 15 жана бир күн. Андай күбөлүктү шайлоого 15 күн калганга чейин ала берсе болот. Эмне үчүн мындай иш-чара көрсөтүлгөн? Себеби тигил жакта да, бул жакта дагы негизги тизмеге түшүп калып, эки жолу катталып калбашы үчүн ошондуктан ушундай процедура киргизилген. Эгерде шайлоочу Таластан бир шайлоо участогундагы негизги тизмеден түшүп, тизмеден чыгуу күбөлүгун алганда, ошол жердеги шайлоо участогунда жазылып калат. Ал эми шайлоо күнү ал адам ал түгүл чет өлкөдө болсо дагы ошол аймакта уюштурулган шайлоо участогуна барып, добушун бере алат.
Суроо: - Мен учурда паспортумду жоготуп алып, кайра жаңы паспорт ала элекмин. Шайлоого чейин жаңы паспорт алууга улгүрбөйт экем. Мен шайлоого кайсы документ менен катышып, добуш бере алам? Мисалы эркектер мындай учурда айдоочулук күбөлугү менен барып, добуш бере алат экен? А мен кайсы документтин негизинде шайлоого катышып, добуш берсем болот? Калыйкан Кутманалиева
Жооп:-Бул тууралуу мыйзамда так жазылган. Эгерде негизги тизмеде турса, паспорту жок болсо аны алмаштыруучу документтер кайсылар болоору так жазылып коюлган. Анда айди-картасы, айдоочулук күбөлүгү, пенсия алуучунун күбөлүгү, аскер кызматкеринин күбөлүгү же болбосо жоокерлердин күбөлүгү менен негизги тизмеде турса гана шайлоо бюллетинин алса болот. Ал эми аялдар үчүн мындай жагдайларда башка документ каралган эмес.
Суроо:-Мен шайлоо убагында Чолпон-Ата шаарында эс алууда болом. Шайлоо убагында мен кандайча добуш берсем болот? Ал үчүн кимдерге, кайда кайрылсам туура болот? Мырзабеков Санжар.
Жооп:- Ысык-Көлгө барып эс алган учуру 10-июлга туш болду деп эсептесек. Ошондуктан өзү негизги тизмеге кирген шайлоо участогуна барып, тизмеден чыгуу күбөлүгүн алып, эс алуу учурунда Чолпон-Атанын шайлоо участогуна барып, добуш бере алат.
Суроо:- Менин эки иним турмуш-шартка байланыштуу Орусияга иштегени кетип жатат. 23-июлга чейин эрте шайлоого добуш берип кете алабы? Эгерде андай мүмкүнчүлүк болбосо анда Орусиянын шаарларында добуш берүү участогу уюшулабы? Таалай Саматов.
Жооп:- Эрте добуш берүү жагдайы да мыйзамда көрсөтүлгөн. Мындай учурда шайлоого чейин 9-1 күн калганга чейин эртелеп добуш берүүгө укугу бар. Ал үчүн паспортун көтөрүп алып, өзү жашаган район же шаардагы шайлоо комиссиясына барып, “Мен шайлоо күнү бул жерде болбойм. Орусияга кетип жатам, алып койгон билетим мына. Же болбосо командировкага кетип жатса, командировкага жөнөтүү күбөлүгүн көрсөтсө, эрте добуш берүү укугунан пайдаланып, добушун берип кете берет.
“Азаттык” үналгысынын угармандары, өзүнүздөрдүн укугуңуздарды билүүдө кыйынчылыктар жаралып, суроолор болсо, 31-61-63 телефонуна чалыңыздар. Суроолоруңузду жазып алып, адистерден жооп алып, аны “Азаттыктан” уктуруп, интернет сайтка жарыялап турабыз.