Төрт түлүк малың канча болду, кыргыз?

Кыргыз өкмөтү жаңы жылдан баштап өлкөдөгү малдын башына санак жүргүзүү жөнүндө чечим кылды. Бул иш чаранын максат-мааниси жөнүндө Мамлекеттик ветеринардык департаментинин жетекчиси Калыс Жумаканов “Азаттыктагы” маегинде айтып кетти.
- Мына жаңы жылдан баштап өлкөдө малдын башын санай турган иш чара өткөрүлгөнү турат. Анын максаты, чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

- Жакында өкмөттүн токтому чыкты, бул Кыргыз Республикасында малдын санын так аныктоого багытталган. Бул жыл сайын болуп жүргөн иш чара. Негизи малдын санын аныктоо бул Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүн дагы эсепке алуу, малдын саны чоң таасирин берет.

Эгер малдын санын толук билсек, мал чарба, азык-түлүктөрүн өндүрүү, аларды иштетүү, сатуу жагын дагы пландаштыруу бир жагынан каралса, экинчи жагынан ветеринардык иш чараларды жүргүзүүгө дагы өтө зор мааниси бар. Анткени малдын саны так болсо, жыл башында атайын жугуштуу ооруларга каршы изилдөө, эмдөө иштери дагы так болот. Ошого сатып алынуучу вакциналар, диагностикалык каражаттар башында так пландап, ошого дагы акча каражатын туура пландап бөлүштүргөнгө өтө зор таасири бар.

- Ошол малдын башын тактоо менен малга салык дагы кошулабы?

-Салык кошулар-кошулбасын мен билбейт экемин. Менимче, азыр Кыргыз Республикасында малга салык жок. Биздин көп атуулдар салык түшөт экен деп эле көп убактарда, жыл сайын практиканы алып карасак, малдын башын жашырып, туура каттатпагандыктын натыйжасында биздин ветеринардык иш чаралар туура жүрбөй калган да фактылар да бар. Анткени бир региондун малы өтө аз болуп калып, бир региондун малы туура саналып, бирөө калып калгандай. Мындан коркпош керек. Малдын санын так аныктоо бизге абдан зарыл. Ошондуктан атуулдар каттатпай туруп, туура көрсөтсө, бул биздин экономикага дагы өтө чоң жакшы таасир берет эле.

- Калыс мырза, мындай дагы маалыматтар бар, чөөлөр, иттер кутурма оорусуна чадыгып, адамдар да ооруган деген. Ушул боюнча кандай иштер жүрүп атат?

- Кутурма боюнча эпизоотиялык абал дүйнө жүзүндө чынында оорлошуп атат. Европанын чок ортосунда дагы түлкүлөр, чөөлөр активдешип кеткенине байланыштуу ушундай бар. Биздин республика тоолуу аймак, бизде карышкыр, түлкүлөрдүн саны да жыл сайын өсүп атат. Ошолордун негизинде табигый резервуар болуп, кутурманын вирусун алып жүрүүчүлөр болуп ошолор эсептелет. Анан алар малга, адамга кол салган фактылар көбөйүп атат. Ошондуктан биз иттердин санын дагы тактап алышыбыз керек. Биз мал санак болгон учурда ушундай кийиребиз. Бирок жылда эле саналбай калып жүрөт. Иттердин, мышыктардын санын так билсек, кутурмага каршы дары-дармектерди дагы туура пайдаланат элек.

- Бишкекте чогуу жашап атып, мен күбө болуп атам, жолбун иттер аябай көбөйүп кетти. Ушул боюнча ким иш-чара алып барыш керек?

- Жолбун иттерди азайтуу, булардын санын тактап туруу бул жергиликтүү бийлик ээлерине, ал эми шаар жерлеринде болсо коммуналдык чарбаларга жүктөлгөн. Ветеринардык кызматкерлер муну жогото албайбыз, илгери Советтер Союзу убагында мылтык алып атчу элек. Бирок азыр ветврачка мылтык көтөргөнгө уруксат берилбейт. Ошондуктан биз жергиликтүү бийлик ээлерине кайрылып атабыз, эгерде ит, мышыктардын санын берип, жолбун иттерди жоготсо оорунун булагы жоголот эле. Ошондуктан бул жергиликтүү бийлик ээлеринин милдети болуп эсептелет.

-Маегиңизге рахмат.