“Адам жана базар” аттуу берүүбүздө бул жолу мектеп окуучуларынын кийим-кечелери, окуу куралдары жана алардын баалары тууралуу сөз болот.
Мына ушинтип жайкы каникул да аяктап, кайрадан жаңы окуу жылы башталганы турат. Ушул тапта ата-энелер саналуу күндөрдөн кийин мектеп босогосун аттай турган балдарына кийим-кече, окуу куралдарын, ал тургай окуу китептерине чейин сатып берип, толук түрдө балдарынын түйшүгүн тартып турган кездери.
Балдарын мектепке даярдап, базар-дүкөн аралап жүргөн ата-энелердин көпчүлүгү быйыл баалар бир топ кымбаттап кеткендигин айтышат. Ал эми сатуучулар болсо буга АКШ долларынын көтөрүлүп кеткендигин негизги себеп кылышууда. Бишкектеги “Дордой” базарында кыздардын мектепке кийүүчү кара юбка, ак кофталарын дүңүнөн сатып жаткан Маралдын айтуусунда, кийим-кечелер Кыргызстандын өзүндө, жергиликтүү тигүүчүлөр тарабынан тигилгени менен, ага сарпталуучу сырьелор чет жактан апкелинет. Ошондуктан, баары бир АКШ долларынын курсу жогорулаганы бааларга таасир этпей койгон жок.
Доллар демекчи, АКШ долларынын курсу өткөн жылы азыркыдан дээрлик 10 сомго арзан болчу. Алсак, Улуттук Банктын өткөн жылдын 23-августундагы көрсөткүчү боюнча 1 АКШ доллары 34 сом 75 тыйын турчу, бүгүнкү расмий көрсөткүч болсо 1 АКШ доллары 44 сомго барабар деп турат.
Темадан алыстабай кайра мектепке даярдык тууралуу кеп кылсак, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн базарларында кыздардын жана эркек балдардын мектепке кийүүчү ак көйнөгүнүн баасы 250 сомдон башталат. Юбка, шымдар дагы дээрлик мына ушундай баада. Албетте, сапатына карай баалар да өзгөрүп жүрүп отурат. Мектеп окуучуларынын бут кийимдери, дене тарбия сабагына кийүүчү спорттук кийим-кечелеринин баалары 500 сомдон өйдө. Мектепке баруу үчүн балдарга кийим-кечеден тышкары окуу куралдары да зарыл. Ушул тапта окуучунун кадимки 12 барактуу дептери 3 сомдон башталып сатылат. Дептер дагы кагазынын сапатына, Орусиядан апкелинген, чет жактыкы жана башка деп баалары өзгөрө берет. Көп барактуу жалпы дептерлердин баалары 12 сомдон өйдө. 12 сомго 20 барактуу жалпы дептер сатып алууга болот. Калемсаптар 3 сомдон, сүрөт тартуучу алты түстүү калем 12 сомдон, альбом 15 сомдон башталат. Мындан башка китеп-дептерлердин тыштары, түстүү кагаздар, боек ж.б. деген окууга керектүү нерселерди айта берсе түгөнгүс. Ошондой эле айрым учурларда окуу китептери да мектептердин өзүндө жетишпей, базарлардан сатып алууга туура келет. Окуу китептеринин мурда колдонулганы базарда 250 сомдон өйдө, жапжаңысы 500 сомдон жогору турат.
Жалал-Абаттагы баалар
Жалал-Абат облусунда бир окуучуну баштан-аяк кийинтип, китеп-дептер сатып берип, мектепке даярдоо үчүн эки жарым миң сомдон беш миң сомго дейре каражат керек. Сурамжылоого туш болгон ата-энелер бул акчага баш жана ички, спорт кийимдери, китеп баштыктары кошулбай тургандыгын айтышты.
Азиза аттуу кыздын ата-энеси анын Аксы районундагы 3- класста окуучу инисине мектеп формасынан сырткаркы кийим-кечекти Бишкек шаарынан сатып берген.
- Себеби элет жерине караганда борбор шаардын базарларында кийимдин сапаттуусун тандоого мүмкүнчүлүк чоң. Ошондой эле баалар дагы Жалал-Абаддагы базарлардан арзан. Айыл-кыштак тургундары үчүн уул-кызынын кийимине көп өлчөмдөгү каражатты табуу оңойго турбайт.
Жалал-Абат шаардык билим берүү башкармасынын башчысы Чырмаш Доороновдун айтымында, шаардагы мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги жок. Кыргыз тилинде окуу жүргүзүлгөн мектептер китеп менен 90 пайыздан ашык камсыз болду:
-Эми маселе орус жана өзбек мектептерине китептин жетишсиздигинде турат. Мектеп программасы талап кылган китептерди чыгарууга өлкөдө миллиондогон сом каражаттар бөлүнгөнү менен талап андан 3- 4 эсе жогору болоорун турмуш айкындап жатат. Китептер окуучуларга акысыз берилет, жетишсиз болгон китептерди ата-энелер базарлардан сатып алышат. Мектеп формасын киесиң, деп окуучулардын бардыгынан талап кылуу деген болбойт. Ал кийим уул-кыздардын каалоосуна жараша, - дейт Чырмаш Дооронов
Шаар тургуну Элмира Мавлянованын мектепке бир уулу барат. Ал уулуна зарыл кийимдерди камдап койду. Китептер мектеп тарабынан берилет, балдар ал үчүн 40 сомдон ижара акы төлөшөт.
Бирдей мектеп формасы зарылбы?
Өткөн жылдан тартып билим берүү министрлиги жалпы мектептерге бирдей мектеп формасын киргизүүгө аракет кылууда. Министрликтин көрсөтмөсү менен бирдей мектеп формасы былтыр башталгыч класстар үчүн киргизилген болчу. Быйылкы жылы 5-6-7-8-9-класстардын окуучуларын да бирдей мектеп формасын кийгизүүгө жетишкен мектептер бар. Бирок мындай мектептер саналуу гана. Жалпыга бирдей мектеп формасы мектептеги социалдык ажырымды жоюуга жана баланын аң-сезимине, билимди кабыл алуусуна да оң таасирин тийгизет, деп айтылганы менен бул айрым ата-энелердин каршылыгын жаратууда.
Бишкектеги мектептердин биринде окуган кызы бар Гүлнара Карыбекованын пикиринде, мектеп формасы тигилген кездемелер балдардын денесине ылайыксыз, ошондуктан, ал аны кызына кийгизүүдөн баш тартууда:
- Мектептин атын айтпай эле коеюн, менин башталгыч класста окуган уулума форма ал дешти. Бирок ал форманын кездемеси дагы, тигилиши да мага жаккан жок. Биринчиден, кездеме синтетикалык жиптен согулуптур, бул деген баланын ден соолугуна зыян. Анын үстүнө менин уулумдун териси сезгич, бир аз эле жакпаган кездемелерге аллергия боло берет. Экинчиден тигилишинде ичилиги да начар кездемеден тигилиптир, андай кездемелер бат эле тытылып, баланы жүдөтө берет. Ошондуктан, мен албайм деп баш тарттым. Мен андан көрө ошол эле акчага же кымбат болсо дагы, уулума кадимки табигый жиптерден даярдалган кездемеден тигилген кийимдерди алып берем.
Айрым ата-энелер болсо жалпыга бирдей мектеп формасынын баалары базар бааларынан алда канча кымбаттыгын айтып, нааразылыгын билдиришүүдө.
Көпчүлүк мектептер али бирдей мектеп формасына өтө элек, бирок аларда дагы окуучулар кара шым, юбка, ак көйнөк менен гана сабакка келүүгө тийиштиги айтылган. Кыздарга сентябрь айы бою мектепке шым кийип келүүсүнө болбойт, чачтарына ак түстөгү гана бантик тагынышы керек, деп белгилейт Бишкектеги №59 орто мектептин башталгыч классынын мугалими Светлана Тулкиева:
-Жалпыга бирдей форма болсо балдардын баары тегиз болот. Жакшы турмушта жашаган, начар турмушта жашаган балдар деп бөлүнүү болбойт. Анткени мына ушундан улам да балдар кысынып, бөлүнүп, ортосунда келишпестик көп болуп атат. Бул болсо балдардын билим алуусуна дагы терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, биздин мектепте азырынча бардык класстарга бирдей форма кийгизилбегени менен 1-класстан 11-класска чейин бардыгына ак көйнөк, кара юбка, эркек балдар кара шым кийип келсин деген талап бар. Күн сууктаганда гана кыздарга кара шым кийүүгө уруксат берилет.
Баланы мектепке даярдап, ага кийим-кечесин, окуу куралдарын сатып берүү менен эле мектеп түйшүгү түгөнө койбосун жакшы билсеңиз керек. Мектепке кирүү үчүн төлөнүүчү акча, андан кийин окуу жылынын аягына чейин ай сайын мектеп фондуна, аягында мектептин ремонт иштерине, окуу китептеринин ижарасына, пол жууган адамга, коопсуздук кызматкерине, мугалимдин кошумча айлыгына жана башкага деген узун тизме менен төлөнүүчү акча да бар. Бирок бул тууралуу өзүнчө сөз болмокчу.
Тасмада: Алтын балалык жана мектеп босогосу
Кыргызстандагы миңдеген мектептердей эле, ордо шаар Бишкектеги № 72-орто мектеп 1-сентябрда өз эшигин салтанаттуу түрдө ачты. MiT, SA.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.