Баалардын көтөрүлүшү айныксыз

Жаңырып кирип келген жаңы жылда баалар көтөрүлөт деген божомолдор кыргыз өкмөтү энергетика акысын кымбаттаткан учурда эле айтыла баштаган. Расмий бийлик жаңы жылда инфляция 10% болот деп бекемдөөдө.

Баалардын өсүшү - кымбатчылыкты шарттайбы?

1-январдан тарта жылуулукка жана электр энергиясына баалар көтөрүлдү. Жыл жаңыргандан бери кыргызстандык керектөөчүлөр 1 киловатт электр энергиясына 1 сом 50 тыйын, ал эми бир гикакалорий жылуулук үчүн 1050 сомдон төлөп башташты. Июль айында тарифтердин көтөрүлүшүнүн экинчи этабы белгиленген. Ал боюнча бир киловатт электр энергиясы 1 сом 90 тыйын, бир гикакалорий жылуулук 2500 сом болоору айтылган.

Энергетика бааларынын өсүшү өлкөдө кымбатчылыкты шарттайт, инфляция жогорку чекке жетет деген божомолдор айтыла баштаганына бир топ убакыт болду. Адистердин белгилегени боюнча, электр энергиясына, жылуулукка, ысык сууга болгон баалардын эселеп көтөрүлүшү өлкөдөгү дээрлик бардык товарлардын кымбатташына алып келмекчи. Анткени, экономика мыйзамдары боюнча өндүрүш ишканалары болобу, тейлөө кызматы болобу, бардыгы тең электрге, жылуулукка кеткен чыгымдарын эсепке алышат.

Ун азыктарын өндүрүүчү “Акун” фирмасынын жетекчиси, Кыргызстандагы ишкерлер биримдигинин президенти Чыныбай Турсунбековдун айтуусунда, энергетика тарифтеринин кымбатташы баалардын көтөрүлүшүнө негизги себеп болот:

-Электр энергиясынын кымбатташы аркылуу бизге келе турган сырье болобу же башка бир көмөкчү кызматтар болобу ошонун баары кымбаттайт. Мунун баары биз өндүргөн товарлардын баасына да өз таасирин тийгизет.

Өкмөттүн жаңы-жылдан тарта электр энергияга жана жылуулука бааларды кымбаттатышы калктын басымдуу бөлүгү жакыр жашаган түштүк аймагында элди катуу бушайманга салды. Маселен Ош шаарынын миңдеген жашоочулары тарифтердин жогорулашынан улам жылуулук системасын пайдалануудан баш тартышкан. Ал эми шаар калкын түрдүү кызматтар менен тейлеген электр жарыгына көз каранды ишканалар жакынкы бир-эки айдын ичинде тейлөө акысын кымбаттатууну көздөп жатышат.
Балдардын тамагына акча табамбы, же жарык менен жылуулук үчүн эле иштеймби?..

Ош шаарынын тургуну Жолдошбек Сеитов өкмөттүн энергетика баасын кескин жогорулатып жибергенине нааразы:

- Бул деген туура эмес. Элдин кызыкчылыгын ойлобогон өкмөттүн эмне кереги бар? Мен көп балалуумун. Алардын тамагына акча иштеп табамбы, же жарык менен жылуулукка эле иштейминби?..

Баалардын эки-беш эселеп кымбатташына карапайым калк гана эмес, ишкерлер да кабатыр. Ош шаарынын чок ортосунда компьютердик кызмат көрсөтүп, кардары үзүлбөгөн “Марс” ишканасынын жетекчиси Кубаныч Самаков электр энергия баасынын жогорулашына байланыштуу кызмат көрсөтүү акыларын көтөрүүнү көздөөдө:

- Электр жок болсо биздин ишибиз токтоп калат. Ошондуктан, кымбат болсо да бар болсун дейбиз да. Эми эки эсе деген да кымбат эле, ошондуктан, азырынча болбосо да кийинчерээк көтөрүүгө аргасыз болобуз.

Ишкер белгилегендей, шаардагы тейлөө кызматтарынын, товарлардын баасы кымбаттаса керектөөчүлөрдүн да нааразылыгы күчөйт. Шаар тургуну Айбек Асан уулу ансыз да өп-чап жашап жаткан элди мындай кымбаттоолор кыйынчылыкка саларын белгилейт:
Баалардын өсүшү чоң нааразылыкты туудурушу мүмкүн, ансыз да социалдык начар абалды кыйындатып жатат.

- Бир жагынан азыр биздин кыйратып жашап аткан жерибиз деле жок да. Түштүктө ансыз деле эл кыйналып жашайт, мигранттардын эсебинен жашап келе жатат. Жумуш жок, эмгекке жарамдуу адамдардын баары сыртка кетип аткан шартта бардык коммуналдык төлөмдөргө болгон баалардын өсүшү адамдарды кабатыр кылып жатат. Бул чоң нааразылыкты туудурушу мүмкүн, ансыз да социалдык жактан төмөн абалды кыйындатып жатат.

Кыргыз өкмөтү болсо тарифтердин көтөрүлүшүнө элдин нааразылык билдирүүсүнө эч кандай негиз жок деп белгилеп келет. Ош шаарынын вице-мэри Алымжан Байгазаков мындай кымбаттоолорго шаардыктардын кылы кыйшайбайт деген пикирде:

- Азыр коюлган 1 сом 50 тыйын деген баа дагы энергетика тармагын оңдоого жетпейт. Элдин жашоосу кудайга шүгүр. Пенсияны, социалдык жардамдарды алып атат. Тарифтер көтөрүлгөнү менен президенттин жардыгы чыкпадыбы аларга жардам берүү тууралуу. Ушуга байланыштуу аз камсыз болгон калкка жардам берилет.

Деген менен бийлик өкүлдөрүнүн мындай маалыматын шаар калкы жөн гана элди сооротуу деп кабыл алышууда. Ош шаарынын сыртындагы айылдардын биринде жашаган Салтанат айым 2-3 миң сомго жетпеген айлык акы менен үй-бүлө багуу оор болуп калганын белгиледи:
200 сомдон кошуп беребиз деп атат, аны кайсы жагына жеткиребиз?

- Албетте терс таасирин тийгизет, анткени азыр көпчүлүк жумушсуз. Жумушу болсо да жарыбаган айлык акы алышат. 200 сомдон кошуп беребиз деп атат, бирок ал 200 сомду кайсы жагына жеткиребиз? Электр энергиясынабы, жылуулуккабы же булардын баасы көтөрүлүшү менен кошо кымбаттаган азык-түлүктөрдү сатып алгангабы? Жеген тамактарыбызга жеткире албай калып атпайбызбы, балдардын кийим-кечегин сатып беребизби же алардын окуусун, китептерин төлөйбүзбү?

1 сом 19 тыйын -1 сом 50 тыйын =?

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы жаңы жылга чейин карапайым калктан жана ишканалардан ар түрдүү алынчы. Карапайым керектөөчүлөр 1 кВт. саат электр энергиясы үчүн 72 тыйындан төлөп келген болсо, ишкерлер 1 кВт. саат электр энергиясы үчүн 1 сом 19 тыйындан төлөп келишкен. Ошондуктан, баалардын 1 сом 50 тыйынга чыгарылышынан көп деле айырма болбойт деген жүйөөнү өкмөт кайра-кайра кайталоодо. Жыл аягында маалымат жыйынын өткөргөн монополияга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Надырбек Турганбаев баалардын айырмасы анчалык болбойт, деп бышыктады:

- Жаңы жылдан тарта баалардын кымбатташы менен электр энергиясынын баасы 1,7 пайызга гана кымбаттайт. Акчага айландырсак 21 тыйын болот. Ошондо мурунку акы менен азыркы акынын айырмасы ашып барса алты тыйын болот.

Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы эгер ишкерлер бааларды өзүм билемдик менен көтөрө турган болсо, агенттик тарабынан тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын да эскертип кетти.

Ишкерлер болсо өкмөттүн мындай эскертүүлөрүнө таң калуу менен мамиле кылышууда. Ишкерлер биримдигин президенти Чыныбай Турсунбеков өнөр жай продукцияларынын баалары экономиканын жазылбаган мыйзамдарына ылайык, чынжыр сымал чырмалышкан жүйөөлөрдүн негизинде көтөрүлөт деп бекемдейт. Анын айтуусунда сырье өндүргөндөр да бааларды кошууга аргасыз болот:

- Биз чийки заттан азык-түлүк өндүрөбүз. Аны бизге саткандар, ташып жеткиргендер да ар бири өзүнүн баасын көтөрөт. Жашоосунун кымбаттаганын да кошот. Мындан тышкары менде иштеген жумушчулар үйүндөгү электр энергиясы менен жылуулук жана башка коммуналдык кызмат акылардын өскөнүнө байланыштуу айлык акыны көтөр деп талап кылышы ыктымал. Мына ушунун баары биз өндүргөн товарлардын баасына таасирин тийгизбей койбойт. Мунун баарын эске алуу керек да.

Чыныбай Турсунбековдун сөзүнө социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Иса Өмүркулов да кошулат. Анын айтуусунда өкмөт элдин жашоосун жакшыртуунун ордуна бааларды кымбаттатып, кайрадан кыйынчылыктын күчөшүн шарттап жатат:

-Өзгөчө кырдаал, ушундай экономикалык абал начар кезде, албетте мамлекет биринчи кезекте бюджеттен каржыланган тармактарды: пенсионерлерди, мугалимдерди, дарыгерлерди, жөлөк пул менен жашап келе жаткан элдин катмарын жашоо-шартын алдыңкы деңгээлге чыгарып, булардын маселесин чечүүсү керек. Андай кылбаган соң мамлекеттин эмне кереги бар? Кыргызда “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө” деген сөз бар. Ошондуктан, иш-чаралардын баары бүгүн жүргүзүлүп, бүгүн ордуна коюлууга тийиш.

Белгилүү болгондой, өлкөдөгү оппозициялык “Ата Мекен”, Социал-демократтар партиялары өкмөттүн энергетикага бааларды кымбаттатуу саясатын катуу сынга алып чыгышкан.

Жаңы жылдан тарта баалардын көтөрүлүшү менен инфляциянын деңгээли 10-15% чыгарын Улуттун банктын төрагасы Марат Алапаев ырастады. Анын айтуусунда, баалардын көтөрүлүшү инфляцияны шарттайт:

- Албетте энергетика тарифтеринин кымбатташы инфляциянын деңгээлине таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан, биз буга азыртан көз салып, иликтөөнүн үстүндөбүз, анткени ошого жараша Улуттук банк өзүнүн акчалай-кредиттик саясатын калыптайт.

Марат Алапаев бирок мындан чочулоого негиз жоктугун кошумчалады.

Энергетикага баалардын көтөрүлүшү кымбатчылыкты шарттай тургандыгын, мындан эң биринчи калктын аялуу катмары – пенсионерлер менен карып адамдар жабыркай тургандыгын Коммунисттер партиясынын парламенттеги өкүлү Николай Байло дагы бекемдеди. Анын пикиринде, эң көңүл чөгөрчү нерсе – кымбатчылыкка каршы мамлекет тарабынан эч кандай чара көрүлбөстүгүндө жатат:

- Бардык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар жогорулайт, ал эми аларды көзөмөлгө алган эч ким болбойт. Биздин монополияга каршы күрөшүү агенттиги да эч кандай иш кылбайт. Бүгүн Кыргызстанда базар экономикасы деген жок, бардык жерде монополисттер бийлеп жатышат.

Жыл сайын жаңы жылдык майрам алдында көпчүлүк товарларга, азык-түлүккө баалар жогорулайт. Бул жылы буга кошул-ташыл кызмат көрсөтүү тармагындагы баалар да өскөнү байкалды. Айрым пикирлер боюнча, эми мындан ары баалар жогорулоонун үстүндө гана болушу ыктымал.