Дыйкандар кант кызылчасын айдоодон кооптонуп турушат

Былтыр кант кызылчасынын он беш миң тоннадан ашуун түшүмү жарымы малга тоют болуп, жарымы кар алдында калган. Өкмөт болсо быйылкы жылы он миң гектар жерге кант кызылчасы айдалат, деп ишендирүүдө.
Жаздын бир күнү кышты багат

Жаз-жарыш, демекчи кыштын ызгаар суугу кеткенден тарта дыйкандар кайра жазгы талаа жумуштарына камынып, быйыл айдап-себе турган эгиндерин дайындап, кам-чомун көрө башташты. Ал эми кызылчачылар болсо азырынча кызылча айдаар айдабасын билбей, баш катып турушкан учур. Анткени өткөн жылы 15 миң тоннадан ашуун кызылчанын түшүмү жарымы кар алдында калып, жарымы малга тоют болгон. Өлкөдөгү кызылчаны кайра иштетүүчү бирден-бир монополист ишкана “Кайыңды кант заводу” өткөн жылдын аягында дыйкандар өндүргөн кызылчаны “өтө аз өлчөмдө” деп кабыл алуудан баш тарткан. Жыйынтыгында минтип жайды жайлай кылган мээнети сууга агып кеткен дыйкандар быйыл кызылча айдабайбыз, деп билдиришүүдө.

Кант кызылчасын көп айдап, арбын түшүм алып келген Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун дыйкандары кызылча айдоодон өткөн жылы эле баш тартышкан. Алардын белгилегени боюнча кант кызылчасынын мээнети арбын болгону менен пайдасы аз болуп калууда, анткени “Кайыңды кант заводу” кызылча кабыл алууда бааны өзүнө көп пайда алып келгидей кылып ыңгайлаштырып алчу, дешет дыйкандар. Жазгы талаа жумуштарынын башталышы менен дыйкандар талаларын айдатышып, арыктарын чийдирип, канча жерге эмне себерин ойлонуп турган чактары. Мира Жороева тогуз жыл катары менен кант кызылчасын сээп, ал ортодо өткөн жылы кызылчадан баш тарткан:

-«Кайынды-кант» бир тонна кызылчага 70кг шекер бергенде деле өзүн актаган эмес. Азыр дыйкандарга бериле турган шекердин пайызы андан да азайып кеткен. Ошондуктан дыйкандар кызылча тигүүдөн баш тартып жатышат. Үрөөн, күйүүчү май, техника кызматынын акылары кымбат. Элди жалдап иштетсең күнүнө аз дегенде 150 сом төлөшүң керек. Кыйынчылыгы көп, кирешеси болсо жок болуп жатат.

Жерди айдап сээп, тигүүдөн тышкары, техника кызматын бир нече жолу колдонуп, үч-төрт ирээт кетмен чаап, отоп, сугаруу жана казуу иштери көп жумушту талап кылат. Ошондуктан дыйкандар кант кызылчасын эгүүдөн баш тартышууда.
Нурманбет айылына караштуу “Нурбер” кооперативинин карамагында 49 гектар жер бар. Алар өткөн жылы бир чарчы метрге дагы кызылча эгишкен эмес.
Быйыл дыйкандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жок, алар кайсы өсүмдүктү эксек деп ойлонуп турган чактары, дейт Нуржан Рыспаева:

-“Кайынды-кант” ишканасы өздөрү каалаган бааны коюп, таразадан жеп, калдык пайызын да көп чыгарып дыйкандардын көңүлүн калтырган. Экинчиден айылда трактор аз, тетиктери кымбат, солярка дагы арзан эмес айтор жерден алган пайданды актабайт. Биздин айылда 2003-жылы 1000 гектардай кызылча айдаган. Быйыл болсо 50 гектарга да жетпейт го деп турам.

Бир гектар жерди айдап, малалап, үрөн себүү үчүн 45 литр күйүүчү май керектелет. Бул солярканын акчасы 1200 сом, ал эми техника акысы дагы ушул акчага барабар болот. Кызылчаны өстүрүү үчүн жаздан күзгө чейин талыкпас эмгек керек. Кирешеси дагы ошого жараша болсо, деген тилектерин дыйкандар билдиришти:

-Атым Сулайман: Өткөн жылдагыдай эле быйыл дагы кызылча сеппейли деп чечтик. Себеби пайда жок. Баары кымбат. Бир гектар жерди бир киши иштете албайт экен. Киши жалдайын десен озүн кур жалак каласың. Өкмөт кант кызылчасынын баасын жакшылап коюп берсе биз тигебиз. Биздин жумуш ошол да.

-Алтынбек: Бир тонна кызылчага 100кг шекер берсе туура болмок. Дыйкандардын эмгеги ошондо бир аз болсо дагы акталмак. Азыр талаа ээлери жүгөрү анан беде эгишүүдө. Талаалардын көпчүлүк бөлүгүнө беде тигилген.

Дыйкандардын көпчүлүгү аз эмгекти талап кылып, көбүрөөк кирешени алып келген өсүмдүктөрдү тигүүгө умтулушууда. Алсак өткөн жылы дыйкандардын бир бөлүгү арпа, буудай, жүгөрү эгишсе, экинчи жарымы беде өсүмдүгүнө өтүшкөн. Себеби алар бедени бир жолу тигип, үч-төрт жылга чейин түшүмүн алып келишет.
Дыйкан Азамат Сартов быйыл бир гектар аянтка кызылча тиксемби деп турат. Үй-бүлөөбүз менен биргеликте иштейбиз дейт ал:

-Талааларыбыз бош калбасын деп дыйканчылык менен алектенип жатабыз. Кант кызылчасын себип, багып өстүрүү кыйын жумуш. Аз дегенде эле жети жолу сугаруу керек. Андан бөлөк жайы менен эмгектенүү керек. Үй-бүлүүдү беш адамбыз бир гектар тиксек жайы менен иштеп чыгаарбыз.

Кызылча өрүк гүлдөгөндө себилет

Чүйдүн Панфилов айылынын тургуну Алымбек Сарымсаков өткөн жылы 25 гектар жерге кант кызылчасын айдап, аягында жыйган түшүмүн кайда алпарарын билбей, жарымысын малына тоют кылып, жарымысын кар түшкөнчө жыйнап үлгүрө албай калган. Натыйжада “кызылчанын түшүмүн сатсам эсептешем,” деп банктан алган кредитин төлөй албай, 2 млн сомго жабыр тарткан. Биздин маектеш минтип кызылча айдоодон көңүлү беш көчкөн журттай калып отурса да, көнүп калган кызылчаны айдай бермекпиз, ал үчүн “Кайыңды кант заводу” биз менен кагаз жүзүндө келишим түзсүн, деген оюн “Азаттыкка” телефон аркылуу билдирди:

-Жардам берип, үрөн-сүрөндөн каралашса айдайбыз. Жер кургаса эле айдап, уруктарын дайындай берүү керек да. Бирок баары бир былтыркыдай жел ооз убадасына ишенбейбиз. Быйыл завод биз менен кагаз жүзүндө келишим түзсүн. Мына айтып атышат, али келишимдин дайыны да жок. Бизге айтышты, ушул жуманын ичинде келишим даяр болот деп атат. Даярдасын, апкелсин, анан көрөбүз,-дейт Алымбек Сарымсаков.

Ал эми өткөн жылы 2 гектар жерге кызылча айдаган дыйкан Сарыбай Кулубаев быйыл таптакыр эле кызылча айдоодон баш тарткандыгын билдирди:

-Быйыл кудай сактасын, башка эле эгин айдайм. Өткөн жылы ушунчалык көңүлүм калды. Телевизордон мен деле уктум, кызылчанын килосун 2 сом 20 тыйынга көтөрдүк, деп атышат. Кызылча айдап жүргөн биз билебиз да, баа ушунча болгон күндө да баары бир завод баткакка көп чыгарып, кызылчанын канттуулугун төмөндөтүп, мына ушундай жолдор менен баары бир өз пайдасына гана иштейт. Баары бир келип-келип дыйкандар күйүп кете берет, -дейт Панфиловдук дыйкан Сарыбай Кулубаев.

Бул арада кыргыз өкмөтү быйыл кант кызылчасы кеминде 10 миң гектар жерге айдаларын, түшүмдү сатып алып, кайра иштетүү боюнча “Кайыңды кант заводу” менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын маалымдады. Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиевдин парламентте билдиргени боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:

-Быйылкы жылы заводдор иштейт. Кант заводдорунун баары макул болушуп, кызылчанын баасын 2 сом 20 тыйындан алмак болушту. Бизде эки облуста: Чүй менен Таласта кант кызылчасы айдалат. Чүй облустук жетекчилигин кабардар кылдык. Эгер биз кеминде 10 миң гектар жерге кызылча айдасак, андан 250-300 миң тонна түшүм алабыз. Бул бир гана заводдун иштетүүсүнө жетет.

Кыргызстандагы монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет кант кызылчасынын сатылуу баасын 2 сом 20 тыйын, деп бекитип берген. Бул баа дыйкандарды канааттандырат, бирок кептин баары завод кызылчаны дыйкандардан алабы, мына ушунда, деп белгилеген эл завод менен кагаз жүзүндө келишим түзүлмөйүнчө 1 метр жерге да кызылча айдабай тургандыгын билдиришүүдө. Кызылча көп айдалган Панфилов районунун акими Самарбек Күчүковдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча быйыл район жетекчилиги дыйкандарды кызылча айдоого үгүттөп,1000 гектардан ашуун жерге себүүнү көздөөдө. Бул былтыркыдан 2 эсе көп:

-Кызылча өтө пайдалуу өсүмдүк. Кант заводу иштеп турса, дыйкандар кызылчадан башка эгин айдашпайт. Азыр бир гана нерсе: завод дыйкандар менен келишим түзүп, колдоруна карматса гана айдашат. Болбосо айдабайбыз, деп атышат.

Азырынча “Кайыңды кант заводунан” дыйкандардын кызылча айдоо же айдабоо тууралуу суроосуна эч кандай жооп боло элек. Убакыт болсо өтүп баратат. Дыйкандардын айтуусунда кант кызылчасын өрүк гүлдөгөн тушта сепсе, түшүмү арбын болот. Ашып барса бир-эки жумадан кийин өрүк гүлдөйт.

Устанын тогоосу жок

Бир жылдары кант кызылчасын эң көп айдап, кантка маарып турган Кыргызстан бүгүнкү күнү өзү кантты сырттан импорттойт. Соода жана экономика министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдөгү канттын 80% импорт. Кумшекер бизге Кытайдан, Казакстандан, Украинадан алып келинет. Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2003-жылы Кыргызстанда 812 миң тонна кызылча өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч 2007-жылы 155 миң тоннага түшкөн, өткөн жылы андан дээрлик он эсе азайган. Адистердин айтуусунда кызылчанын өндүрүшү мынчалык төмөн болуп жаткан соң, кант өндүрүшү да төмөндөйт. Албетте Кыргызстан мындан ары да кантты импорттоого кызыкдар болот, ал эми кумшекердин баасы бир топ кымбаттайт. Кант кызылчасын көп айдап, андан алынган түшүмдү кайра иштетүү менен өлкөдө миңдеген жумуш орундары пайда болуп, жергиликтүү элдин чет өлкөлөргө мигрант болуп агылуусу азаймак.