Бул аптада Жаңы жылга арналган оюн-зооктор башталат.
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры балдар үчүн Андерсендин чыгармасынын негизинде коюлган Жаңы жылдык жомок тартуулашат. Бул спектаклдер сөзсүз оюн-зооктор менен коштолот, деди театрдын жетекчисинин орун басары Елена Смирнова:
- Спектаклдер театрдын чоң сахнасында аяз ата менен аяз кыздын Жаңы жылдык оюн-зоогунан кийин тартууланат. Балдарга жана жалпы эле көрөрмандарга Жаңы жылдык маанай тартуулоо үчүн имаратты балатылар менен кооздоп койдук. Балдарга арналган Жаңы жылдык программабыз 14-январга чейин созулат.
Орус драма театрында бул аптада Гоголдун “Сүйүүнү орустар ойлоп табышкан” жана Николай Коледанын “Театралдык роман” комедиялары тартууланат.
Улуттук филармониянын артистери апта соңунда Жаңы жылга арналган программасын тартуулашат. Ага филармониянын баардык чыгармачыл жамааттары катышарын кабарлады филармониянын менеджери Светлана Фитоленко:
- Жаңы жылдык бул кечени күлкү, тамашалуу бийлер, жагымдуу ырлар коштойт. Аяз ата менен аяз кыз бардык көрүүчүлөр үчүн кызыктуу белектерди даярдашкан.
25-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда ырчы Кубаныч Атаев жеке концертин тартуулайт. Ырчынын айтуусунда, бул кечени ыр күйөрмандарына Жаңы жылдык белек катары уюштурууда. Анда көрөрмандар үчүн Жаңы жылдык белектер даярдалган.
Чуйков музейинде сүрөтчүлөр Аман Асранкулов, Белек Жумабаев, Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат. Анда 20 живопистик иш коюлат.
Ольга Мануйлованын үй музейинде Сүрөтчү аялдар ассоциациясына кирген кыл калем чеберлеринин жеке көргөзмөсү ачылды. Анда ар кыл темада, түрдүү жанрда тартылган сүрөттөр жана прикладдык көркөм өнөрдүн эмгектери коюлган.