5-сентябрда Ч. Айтматов атындагы орус драма театры М. Старицкийдин пьесасына коюлган “Эки коенду кубалап” спектакли менен 75-сезонун ачат.
“Эки коенду кубалап” аттуу спектаклди Өзбекстандын эмгек сиңирген ишмери Вячеслав Бродянский сахналаштырууда. Оюнда 16 каарман катышат. Спектаклде орус драма театрынын белгилүү жана жаш артисттери ойношот.
Театрдын жетекчисинин орун басары Елена Смирнова бул чыгарма көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт деген ишеничте:
- Өткөн сезонду жаап жатканда биздин театр сахнасында режиссер Бродянский англис драматургу Кунинин “Аялынан карыш чыга албаган эркек” аттуу комедиясын койгон. Бул чыгарманы көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алышкан. Андыктан Бродянскийдин жаңы коюп жаткан оюну да театр күйөрмандарын кайдыгер калтырбайт деп ойлойм.
Елена Смирнованын айтуусунда, орус драма театры аталган комедияныны экинчи бөлүгүн коет. Ошондой эле дагы бир катар драматург-жазуучулардын чыгармаларын сахналаштырат. Алардын катарында кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун да чыгармасы бар.
- Декабрь айында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасын да сахналаштырууну көздөп жатабыз. Бул оюнду режиссер Нурлан Асанбеков коет. Мындан тышкары “Кар ханышасы” жана башка ушул сыяктуу балдар үчүн жомоктордун үстүндө иштейбиз.
75-театралдык сезондо көрүүчүлөр ошондой эле Гогольдун “Сүйүүнү орустар ойлоп табышкан” комедиясын, Николай Коляданын “Театралдык роман” мелодрамасын, Мар Байжиевдин “Кыз-күйөө” комедиясын, Клод Маньенин “Ак чүч”, Карло Гальдонин “Мейманканын кожоюну” аттуу спектаклдерин көрсөтүшөт. Орус драма театры буга чейин жуманын ар шаршембисинде кайрымдуулук акциясын уюштуруп, спектаклдерди бекер көрсөтүп келген. Бул сезондо да ал салты улантаарын кабарлады Елена Смирнова.
- Кайрымдуулук акцияларын биз 16-сентябрда Евгени Унгардын “Баардык аялдар акылсыздар” аттуу комедиясы менен баштайбыз. Адаттагыдай эле оюнга пенсионерлерди, мүмкүнчүлүгү чектелеген адамдарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөлөрдү чакырабыз.
Тетарда ошондой эле спектаклдерден тышкары ар кандай маданий иш-чаралар өтөөрү күтүлүүдө. Орус драма театрынын режиссеру Елвира Ибрагимова театрдын жалпы жамааты үчүн бул театралдык сезон өзгөчө экенин белгилейт.
-Бул театралдык сезон мурункудан айрымаланат. Себеби 75-мааркелик сезонду ачып, бул майрамга өтө кызуу даярданып жатабыз. Мен ойлойм жаңы-жаңы оюндар, дагы башка маданий иш-чаралар менен мааракени жакшы белгилейбиз деп.
Елвира Ибрагимова белгилегендей, бул жылы театр артисттеринин чет өлкөгө барып тажрыйба алмашып келүүсү күтүлүүдө.