Афиша: "Ак кеме" - Бишкекте, жылдыздар - манежде

Бүгүн улуттук филармонияда президенттик "Манас" камералык оркестринин концерти болот. Борбордогу кино үйүндө кыргыз кинолорунун жумалыгы өтүүдө.
Президенттик "Манас" камералык оркестринин концерти эки жарым саатка созулуп, программа боюнча эки бөлүктөн турат. Оркестрдин жетекчиси Эрнис Асаналиев кабарлагандай, бул кечеде музыка күйөрмандары элге тааныла элек жаш таланттардын да өнөрлөрүнө күбө болушуп, дүйнөлүк чыгармалардан уга алышат.

Борбордогу кино үйүндө кыргыз кинолорунун жумалыгы өтүүдө. Апталыктын алкагында кино күйөрмандарына кыргыз тасмалары акысыз көрсөтүлүүдө. Жумалыктын програмасына ылайык Мелис Убукеевдин “Манас ааламы”, Төлөмүш Океевдин “Бабалардын өрөөнү”, Болот Шамшиевдин “Ак кеме” сыяктуу тасмалары тартууланууда.

Бул киножумалык Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде өткөрүлүп жатат деп билдирди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Ленин райондук администрация башчысынын орун басары Аида Давлетова:

-Биздин өлкөдө ар кыл улуттардын өкүлдөрү жашашат. Андыктан кыргыз кинолору аркылуу мына ошол башка улуттарга кыргыз тилин даңазалап, кыргыз маданиятынан кабар берүүнү көздөп ушул иш-чараны уюштурдук. Бүгүн жумалыктын алкагында Геннадий Базаровдун “Көчө” тасмасы көрсөтүлөт.

Жыл башына бери өтүп келе жаткан, УТРК менен кыргыз цирки уюштурган “Жылдыздар манежде” долбоору ишемби күнү жыйынтыкталып, 100 миң сомдун ээси аныкталат.

Бул долбоорго ырчы-чоорчулардан 9 талапкер катышып, цирк жанрынын ар кыл багытында өнөрлөрүн сынашууда. Долбоордун уюштуруучуларынын бири Элмира Тезекбаева билдиргендей, 5 кишиден турган калыстар тобунун чечими менен эң көп упай топтогон катышуучу баш байгенин ээси болот.

Уюштуруучулар келечекте бул долбоорду улантып, ар кыл чөйрөнүн өкүлдөрүнөн кайрадан жаңы катышуучуларды тандап алышмакчы.