Жазуучулардан ынтымак-ырк кетти

Кыргыз жазуучуларынын аксакалдары али унчуга элек

Жазуучулар союзунун жаңы төрагасы Абдрахман Алымбаев баш болгон отуз чакты жазуучу ишти баштоо үчүн союздун Омор Султанов отурган кеңсесине келишти. Бирок эки тарап ынтымакка келалбай жатышат.

22-майда Улуттук жазуучулар союзунда “Жаңы АлаТоо” журналынын бет ачары белгиленип жаткан учурда Тарых музейинде союздун башкармалыгынын 54 мүчөсү катышкан пленум өтүп, союз төрагалыгына жазуучу Абдрахман Алымбаев шайланган. Жазуучулардын экиге бөлүнүп жатышынын себеби, жазуучу Мелис Абакировдун айтымында Уставдын бузулгандыгында болуп жатат:

- Бир жылда экиден кем эмес пленум чакырылыш керек. Төрт жылда бир сьезд чакырылып туруш керек. Уставда жазылып турат. Эки жыл эки ай болду. Бир да пленум өтпөдү. Сьездди чакыруу мөөнөтү былтыр декабрда бүткөн. Ал да өтпөдү.

Абдрахман Алымбаев башында турган жазуучулар Мелис Абакировдун айтымында Омор Султановдун алдына ынтымакташалы деп келишкен:

- Омоке деген чоң акын. Кыргыздын төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу кишиси болгондон кийин, жаңы жетекчиликтер ал кишиге калпак кийгизип, чапан жаап коелу деп келсек, жок, ОМОНду коюп, милийсаларды чогултуп алыптыр.

Аңгыча мында келген жазуучулардын алдына Омор Султанов келип калды:

- Уят болбой, көпчүлүгүңөр бул жерден кетип калгыла. Сотко бергиле. Отурабыз десеңер отура бергиле. Эгер бирдеме жоголчу болсо, бул кылмыш иши болуп калат. Ошондуктан силер тынч отурсаңар отургула, болбосо үйүңөргө тынч кетип, чыгарма жазгыла.

Мыйзамга ылайык союздун пленуму жылына эки ирет өтүүгө тийиш. Омор Султанов жетекчиликке келген эки жарым жылдай убакыттан бери Жазуучулар союзунун пленуму бир да жолу өтпөй келди. Себеби эмнеде?

Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишовдун пикирин угалы:

- Омор Султанов пленум чакырбай жатат деп жатышат. Бир пленум чакырыш үчүн эки жүз миң сом керек экен! Кайталап айтам, эки жүз миң сом! Эки жүз миң сом эмес, эки тыйыны жок отурат Жазуучулар союзу. Анан кайдан пленум чакырат?

Жазуучу жана котормочу Мырзаян Төлөмүшовдун пикиринде эки тарап ынтымакка келип, талаш маселелерди 21-июнга белгиленген сьездде чечүүгө болор эле:

- Жаңы жетекчилик пленум өткөрдүк деп жатышпайбы. Бул мыйзамсыз. Мыйзамсыздыгы ушундай, бизде бардык кагаздар турат, биздики мыйзамдуу деп жатышса, алар сотко бериши керек. Биз барып жооп беришибиз керек. Бул биринчиден. Экинчиден, бул абалдан чыгыш үчүн, сьездди күтүшүбүз керек. Сьезд деле жыйырма күндүн аржак-бержагында болгону калды.