Жашырын жыйындын жабык чечими

26-июнда парламент күч кызмат жетекчилеринин катышуусунда жабык жыйын өткөрүп, анда террорчулукка күрөштү күчөтүү маселеси каралганы белгилүү болду. Жыйында 22-июнда Жалал-Абадда өткөрүлгөн атайын операция, коопсуздук кызматкерлерине катуу каршылык көрсөткөн куралдуу топтун башчысынын мындан эки жыл мурда боштондукка чыгышына кимдердин жардамы тийгендигин аныктоо маселелери каралганы маалымдалды.
Жогорку Кеңеш депутаты Алтынбек Сулайманов 25-июнь күнкү парламент жыйынында Жалал-Абаддагы атайын операция учурунда коопсуздук кызматынын “Альфа” тобунун бир жоокери окко учканын, жок кылынган куралдуу топтун башчысы мындан эки жыл илгери сотко 40 миң доллар акча берип боштондук алып чыгып кеткенин жарыя кылган. Эл өкүлүнүн айтуусунда, Жалал-Абадда окко учкан куралчан топтун башчысы Хасан - Фара 2006-жылкы Кадамжайдагы атышууда набыт болгон Хусандын түгөйү болгон. Кадамжайда куралчандардан бешөө, Кыргызстандын күч кызмат өкүлдөрүнөн да ошончо адам курман болушкан.

Террорчулукка көмөк көрсөттү деп айыпталынган Хасандын кылмыш ишин 2007-жылдын июнунда Бишкектин Свердлов райондук соту Төлөев териштиргенин ошол эле парламенттик жыйында Жогорку Сот төрайымы Жаңыл Алиева маалымдады. Парламентте соттук тергөө маалында прокурордун айыпты колдоодон баш тартканы, сот Хасан-Фараны 2 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратканы айтылды. Айтылгандардын кайсынысы чын экенин ушу тапта эки мекеме териштирип, кимдер мыйзамга кайчы иш жасаганын, иштин жөн-жайын текшерүүдө.

Жок кылынган куралчан топко байланышкан кылмыш ишти Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети тергөөдө. Ошол себептүү Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов ал жөнүндө эч кандай маалымат айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

- Билбейм да, билбейм. Мен эч нерсе айтпашым керек.

Анткен менен Чек ара кызматынын жетекчиси Өзбекстан тарап дагыле чек ара бойлотуп аң казып жатканын ырастады. Аңдар демекчи, айрым эксперттер коңшулар менен чек араны көзөмөлдөө, бекем кайтаруу маселеси кыйла эле оорго түшүп жаткан чакта Өзбекстандын өзүнө тийиштүү жерди казып, коргон курушунун Кыргызстанга зыяны деле жок, деп эсептешет.

Жалал-Абадда окко учкан куралчандар чет өлкөдөн машыгуудан өтүп келишкенин коопсуздук кызматы маалымдоодо.

Депутат Ибрагим Жунусовдун айтымында, парламент мүчөлөрү куралчан топтун башчысы Хасан Сулаймановдун 2007-жылы боштондукка чыгышына кимдер көмөктөш болгонун Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети иликтөөгө алмакчы.

- Ошону ким кое берди? Эмне үчүн кое берди. Кайсы беренелер боюнча кетти? Ошону аныктап, ким күнөөлүү, прокурорбу, сотпу, ошону аныктап бергиле деген нерсени комитетке жүктөдүк.

Парламенттик иликтөөнүн жыйынтыгы Жогорку Кеңештин күзгү отурумуна чейин чыгышы керек. Аны “Ак жол” фракциясынын жетекчиси Улукбек Ормонов да бышыктады.

- Комитетке ушул ишти толук изилдеп, биздин күч кызматтарынын ишине атайын баа берилсин, деген тапшырма болду.

Ал эми парламенттин Коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча комитетинин төрайымы Лейла Сыдыкова эл өкүлдөрү коргонуу менен коопсуздукка байланышып кеткен маселени кылдат иликтөөгө аларын билдирди. Анын жыйынтыгы чыкканча ал тууралуу пикир айтыш мүмкүн эместигин айтты.

- Бул коопсуздук маселеси. Анан да ал коргонууга байланышкан маселе. Өлкөгө жалпы коркунуч туулуп жатат деп ойлобойм. Андай коркунуч азырынча жок. Анткен менен кеп Кыргызстандын өз коопсуздугун камсыз кылып, чек арасын бекемдеши, коргонуу, ички коопсуздукту күчөтүшү жөнүндө болууда.

22-июндагы Жалал-Абаддагы атайын операция учурунда куралчан 5 киши жок кылынып, алар жашынган үйдөн толтура ок-дарысы менен 5 автомат, “Муха” гранатометтору, тапанчалар, гранаталар, ок-дарылар, ошондой эле жанкечтилер кийчү кара түс кийимдер табылган.