Өлкө азык-түлүк коопсуздугу менен камсызбы?

Айыл,суу чарба министрлигинин статс-катчысы Камбаралы Касымов Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз деген ойдо. Бирок аны камсыздоого багытталган азык-түлүк корпорациясы иштей элек.

-Камбаралы мырза, министр Арстанбек Ногоев “Эксперт Казакстана” деген журналга берген интервьюсунда Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу камсыздалды деп билдирди. Мунун чындыгы барбы? Президент жайында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн азык-түлүк корпорациясы түзүлсүн деген жардыгын чыгарды эле. Бирок алигиче ал ишин баштай элек. Буга эмне себеп?

-Президент Курманбек Бакиев 17-октябрдагы кайрылуусунда Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча коркунуч жок деп белгиледи. Демек министр Арстанбек Ногоев берген интервьюсундагы фактылар туура. Мисалы быйыл 843 миң тонна буудай даярдалды. Былтыр ушул мезгилге салыштырмалуу 703 миң тонна гана буудай бар болчу. Демек быйыл 143 миң тоннадан ашык буудай жыйналды. Мунун өзү эле далилдүү факт. Бирок муну менен биз эл дан менен толук камсыз болду дегенден алыспыз. Себеби Жогорку Кеңеште коюлган эң аз норма боюнча ар бир жаранды жылына 89 килограмм дан менен камсыз кылуу үчүн 463 миң тонна даярдалганда камсыздалды деп айта алабыз. Ал эми медициналык жогорку деңгээлдеги камсыздоо үчүн ар бир жаранга 207 килограмм дан зарыл деп ала турган болсок өлкө үчүн 1 миллион 67 миң тонна буудай зарыл. Азыр колубуздагы буудайдын көлөмү 1 миллион 67 миң тонна болгон жок. Бирок 843 миң тонна кырманда бар. Ошондуктан, былтыркыга салыштырмалуу камсыздоо бир топ жакшы десек болот.

-Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл деген азык-түлүк корпорациясы ишке киришсе иштөө механизми кандай болот? Ага мамлекеттен берилет деген каражат бөлүндүбү?

-Азык-түлүк корпорациясын түзүү боюнча президенттин жардыгы август айында чыккан. Ал чындыгында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жардам берүүчү, тактап айтканда, айыл чарба продукцияларын сатып алып топтоп, кампаны толтурууда жана сатууда кызмат көрсөтөт. Өкмөттүн токтомунун негизинде Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу ал корпорация мамлекеттик акционердик коом болуп түзүлдү. Азыр устав, программасы жана иштөө эрежелери боюнча жоболор даярдалып жатат. Укуктук негиздердин баары даярдалгандан кийин акча бөлүнүп иштей баштайт. Азыр жетекчиси дайындалып, иштөө структуралары түзүлүп жатат. Өткөндө президент ага 10 миллион сом бөлүнүп жатат деп айтты. Демек жакында ишке киришет.

-Демек анын ишке кириши менен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү тармак жанданат, дароо иштей баштайт деп айта алабызбы?

-Ооба, бул көп тармакта иш алып барат. Биринчиден, азык-түлүк продукцияларын сатууга мамлекеттик деңгээлде жардам берет. Анан өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетип, андан кийин сатуу жолго коюлат.