Транзиттик борбордун бормуласы

Америкалык базаны чыгаруу кыймылы Транзиттик борбордун түзүлүшү өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептешет. Кыргызстанда бир да чет өлкөлүк база болбошу керек.
Быйыл жыл башында “Манас” абамайданындагы АКШ аскер базасы чыгарылары жарыя кылынганда андай талапты эки жылдан бери козголоп келаткан кыймыл мүчөлөрү менен коммунисттер, “Ак жол” партиясы өкмөт чечимин кош колдоп колдоого алышкан. Базанын чыгарылышын президент К.Бакиев жалпысынан экономикалык себеп-жагдайга байланыштуу түшүндүргөн.

- Кийинки үч жылда мен президент катары бир нече ирет ушул маселени көтөрүп келдим. Мен бир гана Ж.Буш менен жолукканым жок. Кондолиза Райс менен кездешкенде айттым. Коргоо министри Р.Гейтс мырзага айттым. Бул жакка келип мени менен жолуккан сенаторлордун баарына “урматтуу мырзалар, келишим шарттарын кайра карап чыгуу керек, мезгил өзгөрдү. Баалар өзгөрдү. Кыргызстан кыйын финансылык абалда экенин” айттым. “Бизди түшүнгүлө, кайра карап чыгалы”, дедим. Алар “жакшы, жакшы” дегенден башка сөз айтышкан жок.

Кыргызстан 2001-жылдын аягында түзүлгөн келишимдерден чыга тургандыгын жарыя кылгандан аз өтпөй эле ортодо жаңы сүйлөшүүлөр башталганы кабарланган. Бирок да андай сүйлөшүүлөр болбогонун кыргыз өкмөтү жаңы келишимдерге кол коюлганча эрикпей ырастап келди.

- Жазуусун гана алмаштырып салышканы болбосо иш жүзүндө база калып калды. Дипломатиялык кол тийбестик иш жүзүндө өзгөргөн жок. Мурдагы база аткарган милдеттердин баары сакталды. Башкача айтканда, эки келишим түзүлгөнү айтылбай келатат. Экинчиден таламандын тал тушунда эле апачык алдоо болууда,- деп билдирди америкалык авиабазаны чыгаруу боюнча координациялык кеңештин төрагасы Александр Типеров.

Анын пикирин улап адвокат Галина Скрипкина АКШ аскер базасын чыгаруу жөнүндө сөз болгондо мындан эки жыл илгери америкалык аскердин колунан мерт болгон кыргыз жараны Александр Ивановдун бейажал өлүмү, укугун коргоо жайында арбын кеп болгонун отургандардын эсине салды.

- Улуу-урматтуу Курманбек Салиевич Москвада капысынан кыргыз жараны атып өлтүрүлгөнүн эстеп, чоң билдирүү жасаган. Бирок анысын АКШ өкмөтү көп акча бөлүүгө макул болгондо унутуп калды. А.Ивановдун атып өлтүрүлүшү биздин аткаминерлердин колундагы оюн картасына айланды.

АКШ базасын чыгарууда улам-улам эскерилген А.Ивановдун өлүмү жаңы келишимдерге кол коюлары менен бийлик башчыларынын жадынан чыгып калганын маркумдун жесири Марина Иванова да ырастады.

- Жөн эле айткым келет. Азыр бизге үгүтчүлөр келип: “Келгиле, Курманбек Бакиев үчүн добушуңуздарды бергиле!” деп жатышат. Кечиресиз, үй-бүлөм менен биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кыла албаган, алардын кызыкчылыгын коргой албаган президентке кантип добуш берем?

Марина Иванова 2007-жылдын майында америкалык база азыноолок материалдык көмөк көрсөтүү менен гана чектелип, кыргыз өкмөтү маркумдун үй-бүлөсүнө эч кандай социалдык колдоо көрсөтпөгөндүгүн, кенже уулун Кыргыз техникалык университетинин бюджеттик бөлүмүнө кабыл алуу жөнүндөгү өтүнүчү жоопсуз калгандыгын билдирди. “Манас” абамайданындагы АКШ аскер базасын чыгаруу маселеси парламентте талкууланып жаткан чакта Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев А.Ивановду атып өлтүргөн америкалык аскерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси сүйлөшүүлөрдө такай козголуп келатканын ырастаган.

- Америкалык тарап менен сүйлөшүүлөрдө биз бул маселени бир нече ирет козгодук. Бир нече ноталар жазылган. Бирок, баарыбызга белгилүү болгондой, эмдигиче биздин жаранды атып койгон аскер эмне болгону жөнүндө эч кандай жооп келе элек.

Ушул жылдын 22-июнунда кыргыз-америкалык өкмөттөрдүн “Манас” абамайданында Транзиттик борборду түзүү жөнүндө келишимдерге кол коюлуп, үч күндөн кийин ал парламент жактыруусуна ээ болгон. Февраль айында АКШ базасынын чыгарылышын жапырт дегидей колдоп берген парламент мүчөлөрү ошондой эле ышкы менен жаңы келишимдерди жактырып беришкен.