Жаңы реформа кайда алып барат?

Президент К.Бакиев өткөн аптада көп тармактуу реформа жүргүзүү ниетин билдирди. Бирок аны ишке ашыруунун жол-жобосу али белгисиз бойдон турат.
Президент Курманбек Бакиев учурда мамлекеттин бакубаттыгын, бүтүндүгүн, стабилдүүлүгүн камсыздоого кудуреттүү мамлекеттик башкаруу системасын кургусу келүүдө. Мындай ниетин ал 1-сентябрда башталган Жогорку Кеңешин быйылкы алгачкы күзгү сессиясында билдирди:

- Мен шайлоо кампаниясы маалында өлкөнү башкарууда бийлик менен коомдун диалогу жана шериктештигинин зарылдыгы жөнүндө көп жолу айткам жана буга ишенем. Ал эми коомдун катышуусу кандай болорун, анын жол-жоболорун жана механизмдерин, ошондой эле бийликтин компетенциясы менен жоопкерчилигин так ажыратуу деген башка кеп. Бул, менимче, реформалардын биринчи даражадагы милдети.

Ошентип, президент бийлик менен коомдун камыр-жумур мамилесин камсыздай турган реформанын өзөгүн мамлекеттик кызматкерлерди алмаштыруудан эмес, мамлекеттик башкаруу системасын кайра карап чыгуудан көрүүдө. Ага жараша өзгөрүүлөрдү президенттик институттан баштаганы турат. Тагыраак айтканда, президенттик администрация кайра түзүлүп, бир топ кайталанма структуралар өкмөттүн карамагына берилчүдөй. Эң негизгиси - мамлекеттик катчы институту, кеңешчилер тобу жоюлуп, президенттин алдында Кыргызстандын Жогорку Курултайы жана Президенттик Кеңешме деп аталган эки институт түзүлмөй болду:

- Президенттин институтунун алкагында эки жаңы структура – Жогорку Курултай жана Президенттик Кеңешме түзүлмөкчү. Кыргызстандын Жогорку Курултайы – бул Президенттин алдындагы кеңешүүчү орган болуп, ага өлкөбүздүн аймактык, конфессиялык жана этно-маданий жамааттары кирмекчи. Президенттик Кеңешме ар кандай кызыкчылыктагы топтордун – жаштардын, бизнестин, жалданма эмгектин, агрардык жана өнөр жай комплексинин жана башкалардын тынымсыз диалогунун жана өз ара тең салмагынын аянтчасы болуп калат.

Бул түзүмдөр кандай түптөлөт, Курултай шайланабы-дайындалабы, буга чейин түзүлгөн Коомдук палата ишмердүүлүгүн улантабы же анын укуктары Курултайга берилеби, Президенттик Кеңешме менен Курултай бири-бирин кайталабайбы – бул өңдүү суроолор учурда коомчулуктагы акыл калчагандардын назарына түшүүдө.

Айрым байкоочулар Жогорку Курултайдын түзүлүшүн президенттин бийлигин бекемдөө максатына байлап, бул институт шайлоо аркылуу түзүлгөн шартта гана өзүн актаарын айтышууда. Бул үчүн Конституцияга күтүлүп жаткан өзгөртүү ушул нукка бурулушу керек. Маселен, президенттикке талапкерлердин бири Жеңишбек Назаралиев да мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо демилгесинде түшүнүксүз өңүттөр арбын болуп жатканын билдирди:


- Жогорку Курултай дегенди эл шайлайбы же кайрадан эле президенттин жардыгы менен келеби? Эгерде дайындала турган болсо бул кайра эле президенттик администрациясын күчөткөн аракет болот. Эгерде шайлоо аркылуу келсе, аз болсо да пайдасы болушу мүмкүн. Бирок кайрадан суроо чыгып атат, анда бул Жогорку Кеңештин функциясын аткарып атпайбы, анда Жогорку Кеңешти жоюш керек деген маселе чыгат. Мына, Ирландияда Жогорку Кеңеш жок, өзүнчө чоң президенттик кеңеш бар. Ошондуктан буга кызыгуу бар, бирок ичинде көп суроолору да бар. Бул келечекте кандай ишке ашат, же кайрадан эле коррупция болуп, кайрадан эле элдин көзүнө бийлик аркылуу көргөзмө болуп атабы?

Ирландиянын үлгүсүн кайталоо президенттик башкарууну тандап алган Кыргызстан үчүн кыйынчылык жаратпайт. Азыркы бийликти сындап жүргөн коомчулук жана саясий топтор ансыз деле азыркы Жогорку Кеңешти “чөнтөк” парламент деп атап жүрүшөт. Бул парламентти президент таратпай тургандыгын жаңы реформаны жарыялаар алдында так кесе айтты. Бирок муну президенттин акыркы чечими деп эсептебегендер жаңы реформаларга таандык мыйзамдарга, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин президент Жогорку Кеңешти таратып, Курултайды күчтөндүрүшү ыктымал деген жоромолдорду айтышууда.

Кандай болгон шартта да өз реформасы боюнча апта этегинде президент экинчи кадам жасады. Өз администрациясында жана катчылыкта иштеген он бир кишиден турган жумушчу топ түзүп, анын башына президенттик администрация башчысынын орун басары Каныбек Жороевди, орун басарлыгына Катчылыктын башчысы Оксана Малеванаяны койду. Бул топко президенттик институттардын түзүмүнүн жана регламентинин долбоорун даярдоо тапшырылды.

Талдоочу Темир Жумакадыровдун пикиринде, реформаны оңой-олтоң ишке ашыруу мүмкүн эмес, анын тагдыры туура жолду тандоодо:

- Бул реформанын өзгөчөлүгү – мамлекеттик башкарууну тереңирээк деңгээлде реформалоого баратабыз. Мындай реформаны ишке ашырганга башынан эле бир топ ресурстар жана шарттар керек болуп келген. Бул реформа оңой-олтоң эле ишке ашып кетет дегенден алысмын. Бирок муну бардык коомчулук, бардык мамлекеттик башкарууга тишелүү адамдар, структуралар туура түшүнүп, туура жолду тандап алса бул реформанын ишке ашырылышы реалдуу.

Ал эми президент Курманбек Бакиевдин саясатынан Кыргызстандын жаркын келечегин көрө албаган саясий күчтөрдү реформалоо демилгеси ынандырган жери жок. Бириккен Элдик кыймылдын мүчөсү, “Улуу Биримдик” партиясынын жол башчысы Эмил Каптагаев президенттин реформасын чыныгы реформа деп эсептебейт:

- Бул реформа биздин мамлекеттик түзүлүштө эч кандай өзгөрүүгө алып келбейт. Анткени үй-бүлө мүчөлөрү көп министрликтер менен иштейби, көп структуралар менен иштейби же азы менен иштейби – баары бир. Баары бир башкаруу системасы биздин Конституциядан, мыйзамдан тышкары калып жатат. Эгерде президент бул жолу президенттикте эптеп-септеп кайра калдым, эми иштейлии, мына үй-бүлөлүк башкарууну токтоттум, эми эч жакка кийлигишпейт десе эл жакшылыктан үмүт этсе болот. Мисалы жөнөкөй эле мисал, Өнүгүү фондусу болот, ачык иштейбиз деди, ага өздөрүнүн Елисеев деген адвокатын коюп коюшту. Анан кантип ишенсе болот үй-бүлө башкарбай турат деп.

Оппозициялык саясатчынын ишениминде, президент Бакиев жасалма реформа менен алектенип жатат:

- Оппозиция деп жалданма же кичине “белин сындырып” оппозиция болумуш болуп койгондорду киргизип коет да, мына оппозиция өкүлү отурат деп коет. Тике турган оппозицияны чакырбайт. Президент чындап эле мамлекеттик башкарууну өзгөртөм десе, анда күч органдарын: башкы прокуратураны, ИИМди, каржы министрлигин оппозицияга берип иштесин. Ошондо а-а чын эле бул жакшылык жагына ооп калган экен деп ишенсе болот.

Президент Бакиев дүйшөмбү күнкү парламенттеги кайрылуусунда да, кийинки күндөрү ага берилген түшүндүрмөлөрдө да мамлекетти башкарууга бийлик менен коомчулук бирдей катышаары баса белгиленип, бирок ошол эле мезгилде оппозиция менен жаңы нуктагы кызматташтык маселеси көтөрүлгөн жок. Бириккен оппозициядагы таасирдүү саясатчылар дээрлик бул демилгеге маани бербегендей түр көрсөтүүдө. Ал эми өздөрүн оппозицияда санаган саясий күчтөрдүн башка бөлүгү өз позицияларын билдирбей турушат. Ошол эле мезгилде коомчулукта президент башкаруу реформасын ишке ашырууда дал ушул оппозициянын экинчи тарабын бооруна тартаары болжолдонуп жатат.

Мындай көз карашты тутунгандардын бири талдоочу Темир Жумакадыров:

- Акыркы күндөрү коомчулукта оппозиция десе эле жат көрүнүштү ойлоп атышат. Демократиялык коомдо оппозиция деген бийликтин оюнан башка ою бар, анын маңызы мамлекетти өнүктүрүү, бакубат жашоого жетишүү деген ойлор да. Бирок жолдору гана башкача. Ошондуктан бул жерде эч кандай коркунуч жок. Эгер реформа, мамлекеттик башкаруу системасы натыйжалуу иштеп кетсин десек бийлик тарабынан демилге болуп, оппозициянын конструктивдүү бөлүгүн сөзсүз түрдө кошот деп ойлойм.

Жаңы жарыяланган реформа кандай шартта ишке ашпасын, анын түпкү максаты авторитардык бийликти бекемдөөдө тургандыгы – көз карандысыз талдоочулар белгилеген негизги ой болууда. Мунун калети жогун саясат таануучу Александар Князев “Азаттыкка” берген интервьюсунда белгиледи:

- Мен мындан жамандыкты көргөн жокмун. Бул дүйнөдөгү жалпы тенденция. Израил окумуштуулары иштеп чыккан теория бар: ресурстар азайып, конкуренция күчөп турган азыркы шартта авторитардык режимдер гана жашап кете алат. Демократия болсо башкаруу формасы катары бүтүп баратат. Азыр АКШ, Европа өлкөлөрүндө мамлекеттин ролу күчөтүлүүдө. Биз алардан четте эмеспиз.

Постсоветтик өлкөлөрдө демократиялык башкарууну авторитардык режимге кайтарган президенттердин бири саналган президент Бакиев өзү дагы жаңы кайрылуусуна “Батыштын шаблондорун жана бөтөн үлгүлөрдү сокурлук менен көчүрүүдөн да эч пайда жок” деп билдиргени бар.

Ошол эле мезгилде жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар президент Курманбек Бакиев башкарган Кыргызстанда демократиялык баалуулуктар авторитардык өктөм саясаттын сүрүндүсүндө калып баратканын байма-бай айтып келатышат. Айрыкча президенттик акыркы шайлоо жана анын тыянактары адам укуктары жеке кызыкчылыктардын курмандыктарына айланып, өзгөчө көз караштары бар жарандар куугунтукка кабылып жаткандыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу жергиликтүү укук коргоочулар кыргыз бийлигин демократиялык баалуулуктарды сактоого үзгүлтүксүз чакырып жүрүшөт. Президенттин ар тараптуу реформа жүргүзүү демилгесин демократиянын эрежелерин сактоо аркылуу ишке ашырууга багытталган өз сунуштарын берет деп күтүлүүдө.