Исмаил Исаковго өкүм күчүндө калды

Бүгүн Аскер сотунун судьясы Тилек Абдрашитов Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, генерал-лейтенанттык аскер наамын алуу жөнүндө Бишкек гарнизондук аскер сотунун өкүмүн күчүндө калтырып, экс-министрди Коопсуздук кызматынын абагынан №1 убактылуу кармоочу жайга которуу чечимин чыгарды.
Прокурор сот жыйынында И. Исаковго коюлган айыпты күчүндө калтырууну өтүнгөн. Андан мурда И Исаковдун коргоочусу А. Бекназаров сотко ишеним көргөзбөй, чыгып кетип калды. Ошол себептүү экс-генерал сотто соңку сөз сүйлөөдөн баш тартты.

И. Исаков 11-январда сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ага кызматынан пайдаланып аскер кызматындагы уулуна мыйзамсыз үй берген деген айып тагылууда. Мурдагы коргоо министри бул иш-аракеттерди саясий буйрук катары баалап жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Исмаил Исаков сотто сүйлөөдөн баш тартты