Роза Отунбаева Оштун арыз-муңун укту

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева түштүк борборун адегенде тик учак менен кыдырып, андан соң кандуу коогалаңда жарадар болгондордун саламатчылыгын сураштырды. Андан соң Ош облустук акимчилигин имаратында аймактын жетекчилиги жана коомчулугу менен кең-кесири жолугушту.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева тик учак менен түштүк борборун кыдыргандан кийин журналисттердин чукул суроолоруна жооп кайтарып жатып, Ош шаары кыйла талкалангандыгын белгилеп, аны калыбына келтирүү жана качкындарды Мекенине кайтаруу багытында бардык чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Андан соң Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Ош шаардык ооруканасына баш багып, кандуу коогалаңда жабырлангандардын ал-акыбалын сураштырды. Ошондой эле тополоңдо жапа чеккен аймактарга 15 медициналык тез жардам машинасын тартуулады.

- Орусиянын аскерлери келип Орусиянын башкы консулдугун кайтара баштайт. Андан башка стратегиялык объектилерди да кайтара баштайт. ОДКБнын чечимине карата бизге бир топ аскер техникасы келмей болду, - деди Роза Отунбаева Ош аймагынынын активи жана коомчулук өклдөрү менен жолугушуп жатып.

Андан ары Убактылуу Өкмөтттүн төрайымы буларды кошмчалады:

- Ислам Каримов менен да сүйлөштүм эле биринчи күндөрү. Ал киши мага айтты, силерге да кыйын болуп, бизге да кыйын болуп атат азыр. Мен сизге айтып атам, бул сөзүмдү бузбайм, бир дагы аскер иш болбойт силер жактан, биз тараптан, туугандардын барын тең ошол жактан сатпайм деген киши болбойт деп ал киши айтты мага. Өзбекстандын ушундай позициясы бизге чындан эле кандайдыр бир жардам берип атат. Болбосо ал жактан чек ара ачылып кетип, ал жактан адамдар бул жакка жулкунуп келсе, анда ким билет, эки эл кармашып калат белек.

Эмгек ардагери Абдыкадыр Сапарбаев олуттуу кемчиликтери үчүн өткөөл мезгилдин президентинин дарегине сын жолдоду:

- Байболовдун, Субаналиевдин келиши абалды эки күндө өзгөрттү. Ошолор телевизордон чыгып атты, бириңер муну укпай койдуңар. Жаганы сиздин жанынызда жүргөн деп ичти тарытып аларды жолотпой келди. Ошолорду укканда бул окуя болбойт эле. Бул бир. Экинчи, менин айтаарым, азыр шайлоолоду өткөрүүгө бүгүн убакыт эмес. Партиялар элди тополоң кылып атат. Абал жакшы болгонго чейин декрет менен бүт партиялардын ишин токтотуш керек.

Кепти улаган Ош шаарынын тургуну Тургунай Айтиева Убактылуу Өкмөттүн ыркы жоктугуна ичи ачышкандыгын жашырган жок:

- Бириң бирди сүйлөсөң бириң сүйлөйсүң. Төртөөң чогуу чыгып сөз айта албайсың, элди кантип башкарасың. Кечээ күнү тополоң болгондо эмне кылып атасың? Бекназаров дегениңер чыгып алып аэропорт чакырып атат телефон менен, барсак ложный вызов дейт. Бети жок экен ал кишинин таптакыр.

Ал эми мугалим Рахима Матраим кызы араздашкан тараптардын жарашуусу бийликтин күчү аркасында жасалма болуп жаткандыгын ачыктады:

- Биринчиден, бул жерде азыр тынчтыкты орнотуш керек.

Өз кезегинде жергиликтүү журналист Нурлан Адаев буларга токтолду:

- Кечээ интернетти ачып окуп, таңкалдым. Өзбектерди тукум курут кылган эч ким жок. Бул жерде жөн эле кагылышуу жүрүп жатат. Роза Исаковна, Убактылуу Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай учурда иштегени билинбейт. Маалымат согушунда утулдуңар. Кыйын шартта, келгиле, чогуу иштеп, бейтараптуу маалыматтарды жайылталы. Болбосо айрым массалык маалымат каражаттары бүтүн дүйнөгө Кыргызстанды жек көргөзүп жатышат.

Жыйындын катышуучуларынын суроолоруна жооп кайтарып жатып, Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева төмөнкүлөрдү баса белгиледи:

- Партиялардын бул жакта иштегендерин биз тыябыз. Өкмөттө бул маселени катуу талкуулайбыз. Азыр андай убакыт эмес партиялардын партиялардын келип соревнование жасаган. Баңгизат Оштон өтүп атат, биз болсо өрт менен алекпиз, алар болсо наркотрафитен уруп атат. Ошон үчүн мен сиздерге айтат элем, накрагенттиктерди ордуна коем деп, ушуну чечиш керек азыр.

Роза Отунбаева жыйында айтылган сын-пикрлерден Убактылуу Өкмөт жана анын мүчөлөрү оң жыйынтык чыгараарын, ошондой эле мындай жолугушуулар мындан ары көп болоорун убада кылды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Роза Отунбаева Ошто болду