Кытай “жортуулу”

“Туш-тушка тарагыла, тукумдап көбөйгүлө!” Так ушундай жазылбаган чакырык алдында кытай мигранттары планетаны каптап келатканын “Дело №….” жазды. “Московский комсомолец- Кыргызстан” гезити ЦАРИИнин башчысы Максим Бакиевдин Кытайдагы биринчи иш сапарында аны кызмат даражасы боюнча андан жогору турган бир катар чиновниктер ээрчип жүргөнүн баяндады.
“2 бөлмөлүү квартира үчүн 8 жылга кесилди” деген баштеманы 1-бетине алып чыккан “Дело №…” гезити сот залындагы акыркы күндү, аялдар кыйкырып, ыйлап, эркектер Исмаил Исаковдун колун кармап, коштошуп калууга далбасташканын, сыртка чыккан адамдарды жүзгө жакын милийсалар тосуп, сот имаратынын эшигине арты менен жылып барган түрмөнүн машинеси Исмаил Исаковду салып алып, Улуттук коопсуздук кызматынын абагына алып кеткенин ирети менен баяндап берген.

Буга байланыштуу оппозициянын бир катар өкүлдөрү бүгүн ачкачылык жарыяларын, ал БЭКтин штабы жайгашкан имаратта, саат 2де башталарын, оппозиция ушундай жол аркылуу бийлик менен коомчулуктун, эл аралык уюмдардын көңүлүн бурууга аракет кылып жатканын маалымдады.

“Туш-тушка тарагыла, тукумдап көбөйгүлө!” Так ушундай жазылбаган чакырык алдында кытай мигранттары планетаны каптап келатканын белгилеген “Дело №….” Кыргызстанда бүгүн канча кытай жашарын эч ким билбестигине, болжол менен 10 миңден 100 миңге чейинки сан айтылып жүргөнүнө, Орусияда да канча кытай жашап турары так айтылбаган менен ал өлкөдө мамлекеттин көзөмөлү катуу экенине, кыскасы кытай миграциясы ушу тапта улуттун коопсуздугуна чындап коркунуч келтирүүчү баш ооруга айлана баштаганына токтолгон.

Ошол эле Орусиядан орун-очок алган элдердин ичинен, тагыраак айтканда орусиялык орустардын өздөрүнөн, татарлар менен украиндерден кийинки саны жагынан көптүк кылган төртүнчү эл кытай болуп калганын, федералдык миграция кызматынын билдиргени боюнча Орусияга иштеш үчүн эле 200 млн. кытай келгиси келерин кабарлаган жумалык Кыргызстандагы абалды кеп кылды.

Гезит 95-2000-жылдары кыргыз президентине караштуу жарандык комиссиянын мүчөсү болуп иштеген саясат таануучу Токтогул Какчееевдин айткандарын, ошо кезде эле көптөгөн кытай жарандары кыргыз жарандыгын алуу үчүн аталган комиссияга кайрылып турушканын, 300 доллардан өйдөкү баага кыргыз паспорттору жашыруун сатылып келгенин, маселен Талас дубанында эле 2 миңге жакын паспорт бланктары жоголгонун, эң эле кызыгы кызматынан ар кандай кыянаттык менен бошотулган милийсалардын көбү кайра барып эле паспорт үстөлдөрүнун начальниктери болуп иштеп калгандыктарын байкаганын мисалга тарткан.

Алтургай Токтогул Какчекеевге Акүйдөгү аткаминерлердин бири “экономикалык жарандык” жөнүндө мыйзам долбооруна рецензия жасап берүүнүн сунуш кылганын, эгер бул долбоор жүзөгө ашса чет өлкөнүн 50 миң доллар төлөгөн кайсыл гана жараны болбосун автоматтык түрдө кыргыз жаранына айланарын, ал анан мындай мыйзмага каршы экенин жазып бергенин, көрсө бул долбоордун автору Аскар Акаевдин жакын шакирттеринин бири болуп чыкканын эске салган.

Саясат таануучунун айтымында, кытай булактарынын өз маалыматы боюнча 2000-жылы кытай мигранттарынын чет өлкөлөрдөн иштеп тапкан акчасынын көлөмү эле 3 триллион долларды түзүп, дүйнөлүк финансы лидерлери эсептелген арабдар менен еврейлердин катарына келип кошулган.

Кытай темасы ушул эле гезитте Артур Исаевдин “Кытай триадалары… Алар эми Кыргызстанда” деген макаласы аркылуу андан ары кайра улантылат…

“Московский комсомолей Кыргызстан” гезити “Патриоттордун оюну” деген рубрика алдында “Бардык жакшы нерселердин баары – Кытайга” деген аталыштагы чакан макаласында бүгүн кечинде Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин же бул чубалжыган аттын орусча кыскартылган аталышы боюнча алганда ЦАРИИнин башчысы Максим Бакиевдин, президенттин уулунун Кытайдагы биринчи иш сапары аяктарын сөз кылып атып, “цариевич” жетектеген делегацияда кызмат даражасы боюнча андан жогору турган бир катар чиновниктер тээрчип жүргөнүн белгилеп өттү.

Кытай тарап менен жолугушууда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси талкууланганын, Камбар Ата ГЭСинин курулушуна кытай катышса боло тургандыгы тууралуу ниет билдирилгенин, Кыргызстанда Кытай банкын, Кытайда Кыргыз банкын ачуу ж.б. маселелер жагдайында пикири алышуулар болгонун жазып чыкты.

Исмаил Исаковдун кесилишине байланыштуу журналист Улугбек Бабакуловдун макаласы толугу менен гезиттин бешинчи бетинен орун алды.

Сот чечими чыккан учурду толук баяндаган автор макаласынын аягында кандай болгон күндө дагы оппозиция бардык фронттор боюнча катуу соккуга дуушар болгонун, бийлик бурамасын бурап олтуруп, оппозицияны түпкүргө (подполье) түртүп баратканын байкаган.

“МК Кыргызстан” ошондой эле Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу Сергей Кривошаповдун макаласын окурмандарга сунуш кылды. Макалада өткөн жылдын 30-декабрында Казакстандын Мамлекеттик КТК телекомпаниясы журналист Г. Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын чалгындоо кызматынын тиешеси бар дегендей маалымат таратканын, эми казак тарап мунун чын-төгүнүн аныктап чыгышы керектигин, антпесе көп жылдардан бери ОБСЕге төрагалык кылууну эңсеп келип эми жеткен Казакстанга, тагыраак айтканда ырасмий Астанага көлөкө түшүп калары жөнүндө сөз болгон.