Тазалануу ташпиши

Жалпыга маалымдоо булактарынын арасына бүгүн “Лозунг” аттуу кыргыз тилдүү гезит келип кошулду. Башкы редактору белгилүү журналист Семетей Талас уулу. Кызматкерлери айтылуу журналисттер Алым Токтомушев, Дүйшөн Керимов, Төлөгөн Карыкеев, Нестан Бектурсунова жана башкалар. Гезит чыкканда эле 10 миң нуска менен чыкты.

“Лозунг” гезити алгачкы санын Алым Токтомушевдин “Люстрация” аттуу жолбүгүнү менен ачты. Макаласында автор негизинен тазалануу дегендин өзү абдан тууралыгын, бирок кимдерден тазаланабыз, кеп төркүнү ушунда экендигин, анткени “кыргыз люстрациясы” илгерки сталиндик саясаттын вирусуна айланып кетиши ыктымалдыгын белгилеген.

Алым Токтомушев жүйөлүү сөз козгоп, алтургай Өмүрбек Текебаев баш болгон Башмыйзам комиссиясында баягы эле Данияр Нарынбаев, Чолпонкул Арабаев сыяктуу Акаевдин да, Бакиевдин да конституцияларынын башкы авторлору болушканын мисалга тартат.

-Кыскасы,-дейт автор,- ашынган радикалдар талап кылгандай люстрация мыйзамын кабыл алсак, кырдаал андан бетер курчуйт. Анткени элибиз регион, айыл, уруу-уруу болуп бөлүнүп, патриахалдык-феодалдык аң-сезимден арыла элек. Люстрацияга кабылгандардын айыл-апасы, урук-тууганы эртең эле көтөрүлүп чыгат,-деп чекит коет.

“Лозунг” гезити андан ары Дүйшөн Керимовдун “Ушак. Миф. Кыял...” деген макаласын басты. Автор президенттин депутаттыкка аттанып аткан иниси Болот Отунбаевге кайрылып: “Азыр бүт дүйнө бир тең, Кыргызстан бир тең болуп турат. Бир жарым жыл чыдачы, иним. Өткөн эки президенттин үй-бүлөсү да “акылдуу-билимдүүбүз” деп атып, экөөнү тең жексур, тирүү өлүк акыбалга кептеп тындык” деп жазды.

Дүйшөн Керимов андан ары: “Бирөөсү Соң-Көлгө кут түштү деп 41 күн баса жатса, экинчиси Алтайдан 40 байтал минип бакыт издеп кетсе, үчүнчүсү Манастын айкелин коюп алып Мекке-Мединага айландыргысы келет. “Кара дуба” түшкөн элбиз деп эле, эңкейип эмгек кылгандын ордуна бак-таалайыбызды асмандан, тоо-таштан издеп калабызбы?” деп суроо койду.

“Лозунг” гезитинде булардан тышкары У. Барктабасов, Д. Үсөнов, Н. Түлеев, Ө. Текебаев жөнүндө макалалар бар.

Буга дейре “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити деген ат менен чыгып келаткан жумалык бүгүн “МК Азия” деген ат менен жарык көрдү. Он беш миң нускада көз жарган гезит адегенде эле журналист Агееванын саясатчы Текебаевди чаап түшкөн макаласы менен жаңы санын ачты.

Ал эми журналист Улугбек Бабакулов “Ош республикасы” аттуу макаласында Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов жөнүндө кеп кылып, шаар башчысы саясый партиялардын үгүт иштери Ош шаарындагы абалды кайрадан курчутарын, ошондуктан аларды “Ошко киргизбейм” деди деп жазды. Автор ошол “киргизбейм” деген партиялар албетте “Ата Мекен”, “Ак шумкар” жана Алмазбек Атамбаевдин КСДПСы болорун, ал эми качкын президенттин этегинен чыккан “Ата Журт” партиясы ошол эле Ош шаарында үгүт ишин ээн-элкин жүргүзө бериши мүмкүндүгүн божомолго алган.

Журналист Бабакулов муну менен бирге мэр Мелисбек Мырзакматов эгер президент Роза Отунбаева аны кызматтан ала турган болсо, тос-тополоң чыгара тургандыгын айтып коркутканын, буга Роза Отунбаева да, анын басма сөз кызматы да кың этип үн катып койбогонун, ошондуктан Отунбаеванын жана анын шакирттеринин бийлиги Кыргызстандын Бишкек шаары менен чектелип калганбы деген ой кетип жаткандыгын кеп кылды.

“МК Азия” гезити ошону менен бирге эле Урмат Барктабасовго арналган макаласын тартуулады.

Нурлан Исмаиловдун макаласы Борбор Азия аймагынын проблемалары жагдайында сөз кылса, журналист Сергей Кривошапов Россияны көздөй кетип аткан кыргызстандыктардын саны күчөгөнүн жазган.

Ырасмий маалыматтар боюнча акыркы жарым жыл ичинде эле Жалал-Абад облусунан Россияга кеткендердин саны 57 миң адамга жеткен. Облбийликтин айтуусуна караганда кетип жаткандардын өзөгүн жумушу жок жаштар түзөт. Түштүктөгү калабадан кийин Кыргызстанды таштап кеткендердин саны 18 миң адамга жеткен.

Аталган басылма бажы союзун да талдоого алды. Мисалы рынок бирикмелеринин президенти Серпгей Понамаревдун айтымында орус-казак бажы союзунун эрежелери киргенден баштап, аткезчилик жол менен чыгарылып кетүүчү товарлардын көлөмү азайган. Бирок соодагерлер мындай товарларды алып өтүүнүн амалын кантип табышканын ушул макаладан окууга болот.