М. Чолпонбаев: Убактылуу өкмөттү мыйзамдаштыруу керек

Парламенттин мурунку төрөгасы, “Элдик кеңеш” кыймылынын жетекчиси Мукар Чолпонбаев жалпы кыргыз элинин курултайын чакырып, бүгүнкү убактылуу өкмөттү мыйзамдуу кылып бекитүү зарыл деген оюн билдирди.
- Кечээ убактылуу өкмөт Конституциялык Сотту таратты. Президент Курманбек Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратты. Убактылуу өкмөттүн соңку иш-аракеттерине кандай баа бересиз?

- Бул жерден мен бир нерсени айткым келет, биздин убактылуу өкмөтүбүз өзүн мыйзамдаштырып алып туруп иштесе абдан жакшы болот эле. Албетте, Курманбек Салиевичтен мурунку президенттин кол тийбестигин алып таштаганы туура. Антпесе, бул өзү эч кимге баш ийбей, укук коргоо органдарынын кармап келүүгө мүмкүнчүлүгү болбой жатпайбы.

Ал эми Конституциялык Сотту таратып жибергендигин мен туура эмес эле көрүп отурам. Анткени кандай кылган күндө дагы Конституциялык Соттун бүгүнкү күнкү убактылуу өкмөттүн мындан аркы иштеп кетишине мыйзамдык шарт түзүп берүү мүмкүнчүлүгү бар эле.

Эми бул шарттардын баары артта калып калгандан кийин биздин болгон бир сунушубуз ушул болуп атат. Анткен себеби башка мамлекеттер биздин убактылуу өкмөтүбүздү толук бойдон тааныбай тургандыгына байланыштуу. Дүйнөлүк практикада революцияны жүргүзүүнүн шартына байланыштуу, азыр элдик курултайды чакыруу милдети турат. Азыр "Кыргыз эл биримдиги" жана "Элдик кеңеш" кыймылдары жалпы кыргыз элинин курултайын уюштуруп, бүгүнкү биздин өкмөтүбүздү мыйзамдаштырып, ошолорду легитимизация кылып берели деген ой менен турабыз.

Эгер ошону жасап берсе биздин убактылуу өкмөтүбүздүн бийлиги толугу менен Кыргызстанга мыйзамдуу иретинде болуп турат эле, убактылуу болсо дагы.

- Кадрдык дайындоолор да бир катар сөздөрдү жаратууда. Мына Бажы кызматынын жетекчиси үч-төрт күндүн ичинде үч жолу алмашты. Кадр маселесин ката кетирбей кантип чечүүгө болот?

- Бул проблемаларды чечүүнүн жолу - жалпы элдик курултай боло турган болсо, дүйнөлүк практикага салыштырып, элдик революциялык комитетти түзүп, мына ошол элдик революциялык комитет убактылуу өкмөттү көзөмөлдөп, алардын иштерин туура жолго салып турса болот эле.

Антпесе биздин убактылуу өкмөтүбүздүн мүчөлөрү келише албай, биринин коюп койгон кызматкерин экинчиси алып таштап, мына ушунчалык Кыргызстандын ичинде чаржайыттыкты алып келип атканы көрүнүп атат. Ошону түз жолго салып койсок жакшы болот эле.

Ал эми убактылуу өкмөттүн лидерлеринин бири менен бири кармашып аткандыгы, биринин койгон адамын экинчиси алып койгондугу, биздин саясий партияларыбыздын эмитен эле шайлоого даярдык көрүп, өздөрүнүн штабдарын ар бир облустарда, райондордо, ал аз келгенсип министрликтерде, ведомстволордо түзүп баштагандай көрүнөт.

Ал аз келгенсип азыр Жогорку Кеңеште отурган убактылуу өкмөттүн резиденциясы деп коебузбу, штабы деп коебузбу, ошол жерде партиялардын штабдары деп эшиктерге чаптап койгондугу көп элди, жаштарды өтө нааразы кылып атканын айтып кетиш керек.

- Президент Курманбек Бакиев өзүнө жана үй-бүлөсүнө толук коопсуздукту камсыз кылып берсе кызматтан кете турганын билдирди. Бул азыркы абалды жөнгө сала алабы?

- Мындай талабы кырдаалды чечмек тургай кайра күчөтүп атат да. Анткени азыр Кыргызстанда революцияны жасаган жаштар, жаштардын ичинен көп курман болгондор, ошолордун теңтуштары, достору, алардын бир туугандары, ата-энелери ушунчалык өч ала албай ичтери күйүп турат да.

Мына ушул кезде Бакиев өзүнүн бир туугандарын чогулутуп алып, мен президентмин, силердин эч кимиңердин алыңар жетпейт деп туруп алганы бул өтө коркунучтуу нерсе да. Мен Курманбек Салиевичке айтаар элем, эгерде угуп аткан болсо. Элдин кыжырын көп кайнатпай, элдин астында күнөөсү өтө көп экендигин мойнуна алып, өзгөчө акыркы өлгөн 82 кырчындай жаш жигиттердин өмүрүн эске алып, жанындагы жан сакчыларынын баарын таратып жиберип, эми соттосоңор соттогула, кыргыз эли келгиле десе, мен ошондо К.Бакиевди түшүнөт элем. Мына ошондо кармап келип туруп атпай, тепкилетпей мыйзамдуу соттун алдына алып чыксак, ошондо бүт кыргыз элине, кыргыз элинин жетекчилерине абийир болот эле.

- Өлкөнүн өнүгүшүн кандай көрөсүз. Мисалы парламенттик өлкө болушу керек деп айтып атышат?

- Биз мындай жыйынтыкка келип атабыз. Биринчиден, парламенттик же президенттик болобу, кеп анда эмес. Эң негизгиси бул бийлик органдары элдин көзөмөлүндө болуш керек дагы, элдин астында жооп бергендей болуш керек.