Т. Тургуналиев: Батышты туурабай, өз башатыбызга кайрылалы

Экологияны коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Топчубек Тургуналиев кыргыз тили менен катар, англис жана орус тилдерин милдеттүү түрдө окутуу жөнүндө жоболорду Баш мыйзам долбооруна киргизүүнү сунуш кылууда.

- Коомчулуктун талкуусуна коюлган Конституциянын жаңы редакциясы чала иштелип чыккан деген пикирлер айтылууда. Сиздин баамыңызда Баш мыйзам долбоорундагы кемчиликтер кайсылар?

-Чала иштелип чыккан дегенге мен кошулалбайм. Бирок талаш-тартыш сөзсүз болуш керек. Дүйнө жүзүндө телегейи тегиз Баш мыйзам жок. Ар бир өнүккөн мамлекеттерде дагы уламдан-улам Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип атканы чала дегендин бир жагы. Уламдан-улам турмуш алдыга баратат.

- Сиз дагы жаны Конституциянын долбооруна сунушуңузду киргизесизби. Кандай сунуштарыңыз бар?

- Ушул күнгө чейин биз табиятты талкалап гана келдик. Мындан кийин менин оюмча Убактылуу өкмөт жана кийинки туруктуу өкмөт мамлекеттик деңгээлде айлана-чөйрөнү коргоо жана токой байлыктарын өстүрүү боюнча сөзсүз өзүнө жоопкерчиликти жана милдетти алыш керек. Мына ушул сүйлөмдү мен Баш мыйзамдын долбооруна киргизүүнү сунуш кылам.

- Конституциянын долбооруна кыргызча, англисче, орусча тил киргизүү боюнча демилге көтөрүп аткандай болдуңуз эле?

- Биз 2006-жылы президенттик, аралаш, парламенттик деп үч долбоорду тең жазып чыкканбыз. Ошондо сунуш кылдык эле, мындан кийин балдар бакчасынан баштап, мектеп, жогорку окуу жайларда кыргыздын келечек муундары сөзсүз үч тилди билиш керек. Катар менен айтайын, мамлекеттик кыргыз тил, демек эне тилин, андан кийин англис тили, себеби бул дүйнөдө уламдан-улам кеңири жайылып бараткан мамлекеттик тил жана орус тили деп сунуш кылдык эле. Мен ушуну дагы ушул Баш мыйзамга киргизүү абдан ылайыктуу болор эле дейм.

- Конституциянын жаңы долбоорундагы парламенттик башкаруу формасына кандай карайсыз?

- Мен дагы муну колдойм. Себеби биз аралаш дегенди көрдүк. Аралашты биротоло ашмалтайын чыгарып таштады Акаевдер, өзгөчө Бакиевдер. Ал эми кээ бирлер айтып атат Кыргызстанда президенттик башкаруу болгон деп. Жок, аралаш башкарууну иш жүзүндө чексиз президенттик бийликке айландырып жибергенин көрдүк. Демек бизде аралашы дагы, президенттик башкаруу дагы кыргыздын өзүнүн табиятына туура келбейт экен. Батышты туурай бербестен, өзүбүздүн улуттун байыркы дүйнөдөн берки келаткан акыйкат, демократиялык улуу салттар бар. Мына ушуга кайрылышыбыз керек.

- Айрым талдоочулар Конституциясынын редакциясынын жаңы долбоорунда парламенттик башкаруу формасынын толук үлгүсү көрсөтүлбөй, парламенттик-президенттик дегенге окшоп калыптыр деп атышат. Ушуга кандай карайсыз?

- Жок, бул туура эмес. Парламенттик дегендин дагы бир нече түрү бар. Биринчи түрү көпчүлүк мамлекеттерде парламенттик башкарууда жеңип келген партиялар президентти өзү шайлайт. Ал эми биз кыргыз улутунун өзүнүн өзгөчөлүгүнө карап, эртеңки келечекке ылайыктуу болот деп президентти дагы эл шайласын дедик. Мындай нерсе бар кээ бирки өлкөлөрдө. Бирок президенттин ыйгарым укуктары өтө чектелген.

- Өмүрбек Абдрахманов мурдагы бийликке кызмат кылып булганган кадрлардан мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо жөнүндө мыйзамды референдумга коюу боюнча сунуш киргизип жатат. Ушуну колдойсузбу?

- Мен аны толук колдойм. Кечээ Убактылуу өкмөттүн жыйынында бул маселе көтөрүлдү. Мен айттым, социализм кыйрагандан кийин өзгөчө Европадагы өлкөлөр, тактап айтканда ошондогу Чехословакия, Венгрия, Польша деген мамлекеттер ушундай жолго барышкан.

Кыргызстандын ыйык жерлерин башка мамлекеттерге өткөрүп бергендер, коррупцияга биротоло өлкөнү батырып койгондор, өздөрү уурулук кылгандар жана Конституцияны өзүнүн үй-бүлөсүнө Максим Бакиевге калтыралы дегендер, атадан балага монархиялык башкарууга бурабыз дегендер менин оюмча эл алдында, сот алдында жоопко тартылыш керек.