БШК үгүт өнөктүгү баштала электигин эскертет

Борбордук Шайлоо Комиссиясы үгүт иштерин жүргүзүү баштала электиги жөнүндө саясий партияларга эскертүү жасады. Анткени расмий үгүт өнөктүгү баштала элек болсо дагы көп жерлерде саясий партиялардын жарнамалары жана жарнактары илинип турат. Бул маселе боюнча "Азаттыкка" БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов түшүндүрмө берди.

- БШК шайлоо алдындагы үгүт иштери азырынча баштала электигин эскертип атат. Бирок азыр көп эле жерлерде саясий партиялардын жарнамалары, жарнактары турат. Ушуга байланыштуу мөрөй талашуу эрежелерин тактап, түшүндүрүп кетсеңиз. Мыйзамда көрсөтүлгөн бул эрежелер бузулган учурда кандай чаралар көрүлөт?

- Шайлоо жөнүндөгү кодекстин нормаларына ылайык шайлоо күнү дайындалган убактан баштап ар кандай агитациялык материалдарын илүүгө тыюу салынат. Ошондуктан биз каттоого өз ниетин билдирген партиянын бардыгына эскертүү кагаздарын жибергенбиз. Ошого байланыштуу өзүңүздөр деле күбө болдуңуздар, шаар ичи көптөгөн партиялардын жарнактарына толуп кетти эле.

Мына ошол биздин берген эскертүүлөрдөн кийин бардыгы өздөрүнүн жарнактарын алып салышты. Кечээ биздин атайын жумушчу топ шаардагы, шаардын чекесиндеги айылдарды кыдырганда, «Ар-намыс» партиясынын жарнагы 2-3 жерде калган экен, кечээ аталган партиянын атайын өкүлү чакыртылып, ага бул боюнча атайын эскертүү берилди.

Алар кечээ, бүгүнкүгө чейин ал жарнактарын алып салууга убада кылышкан. Кодекс боюнча 10-сентябрга чейин эч кандай үгүт кагаздарынын илинишине мыйзам жол бербейт.

- Ошол үгүт иштерине катышчу маалымат каражаттарына коюлган талаптар тууралуу айтып өтсөңүз?

- Бул жерде кодекстин нормасына ылайык улуттар аралык диний чакырыктарга жол берилбейт, ошондой эле тогузуна чейин партиялардын ар кандай маалыматns, өздөрүнүн аттарын, партиянын кылган иштерин жарыялоого да тыюу салынат.

- Эгер ушундай учурлар болуп кетсе кандай аларга чара көрүлөт, же аккредитациясын бербей коесуздарбы?

- ММКлар боюнча биздин мыйзамда абдан көбүрөк эркиндик берилип калынган, жазалоо жолдору жок. Бир гана административдик чара көрө алабыз, ал жерде айып салуу маселеси гана бар. Ал эми аккредитациясын жоюп салуу бул турган иш. Бирок катуу жазадан административдик гана айып салуу жазасы бар.

- Эмне себептен мындай эскертүүлөрдү мурдарак жасаган эмессиздер. Жер-суунун барына жарнактар илинип чыгып кеткенден кийин?

- Биздеги кодекстин нормаларына ылайык шайлоо дайындалганга чейин БШКнын андай тыюу салганга укугу болгон эмес. Шайлоо күнү дайындалгандан баштап биз андай укукка ээ болдук.

- Шайлоо дайындалганына бир жумадан өтпөдүбү

-
Өттү, ал жерде бул партия шайлоого барабы-барбайбы бул маселе да турду да. Бизде өзүңүздөр билесиздер, он беши күнү кечинде акыркы шайлоого катышам деген 57 партия дайын болду. Ошондон кийин биз ошол партияларга тыюу салдык. Ал эми шайлоого барбаган партияга биз тыюу сала албайбыз.

-Рахмат.