Кыргыздын 22 залкар күүлөрүн үйрөнгөн, Францияда фольклордук фестивалда баш байге уткан 10 жаштагы Кылымдар Азыкбеков комузчу Нурак Абдрахмановдун шакирти.
Үч кылы шаңшыган кыргыз комузу кыргызды музыка дүйнөсүндө ааламга таанытып келет. Өнөр менен талант гана дүйнөгө таанытарын эч ким танбас. Ар улуттун өзүнө тиешелүү баалуулуктары бар сыяктуу кыргыздыкы үч кыл комуз. Мына ушундай өнөрдү сыйлап, комузда кол ойноткон “Азаттыктын” кичинекей коногу- Кылымдар Асыкбеков.
Ал былтыр Францияда өткөн эл аралык фольклордук фестивалда биринчи орунду ээлеп, быйыл Кыргызстандын жаш таланттар конкурсунда баш байгени алды.
Кичинекей болсо да өнөр багып, кыргыздын залкар күүлөрүнүн жыйырма экисин чертип, үйрөнгөн он жаштагы Кылымдарды кепке тарттык.
Азаттык:- Атыңды эмнеге Кылымдар деп койду эле?
Кылымдар:-1999-жылы туулгам, ошондо кылым тогошкон мезгилге туш келип калды деп койгон экен.
Азаттык:- Комузду канча жашыңдан баштап черте баштадың?
Кылымдар:-Атам мандалин чертет. Атамдын мандалин черткенин кызыгып кара олтура берчүмүн. Кичинекей комузум бар эле, ошону көтөрүп алып башыма калпак кийип, комузчу болом деп эле черте берчи экем. 7 жашыман баштап, 3-кичирайонундагы комуз ийримине катышып үйрөнө баштадым. Болгон кыргыздын күүлөрүн үйрөнөйүн деп, учурда “Устат-шакирт” борборунда белгилүү комузчу Нурак Абдрахманов агайымдан тарбия алып дагы өркүндөтүп жатам.
Азаттык: -Кайсы күүлөрдү жакшы чертесиң?
Кылымдар:- Баш аягы 22 күүнү үйрөнүп, жеке жана ансамблде чертип жүрөм. "Айдаралы жөргөлөк", "Таң булбулу", "Тогуз кайрык", "Миң кыял", "Чоң кербез", "Ак бакай", "Солтон сары" деген жана башка көп күүлөрдү Нурак агайымдан үйрөндүм.
Азаттык:-Франциядагы фестивалда биринчи орунду алган турбайсыңбы, ал фестивалга кандайча барып калдың?
Кылымдар: -Бүткүл дүйнөлүк жаштар арасында ар улуттун элдик аспаптарын кароо сынагы болуп мен, Канат анан Адинай деген кыз үчөөбүз барып келдик. Филипп деген француз миллионери уюштурган экен. Барган-келген жол акыбызды, тамак ашыбызга чейин өздөрү төлөп беришти. Францияда он сегиз күн болдук. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен - Индия, Кытай, Лаос, Вьетнам, Мароккодон жана амазонкалык индеецтер келишиптир. Таанышып, чогуу сүрөткө түштүк. Шумдук аспаптар бар экен. Үчөбүз тең комуз менен күү чертип, биринчи орунду алдык. Ошончо улуттун ичинен биздин комузубуз биринчи орун алганына абдан кубандым. Башка улуттардын аспабынан комуздун добушу айрыкча кооз экенин ошол фестивалда сездим. Дүйнө жүзүндө аспапта кол ойнотуп черткен биз эле экенбиз.
Азаттык:- Ошол Франциядагы эл аралык фестивалда кайсы күүлөрдү аткардыңар эле?
Кылымдар:-Үчөөбүз үч башка жеке номурлардан кийин ансамбль болуп да чыгып жаттык. Мен "Таң булбулу" деген күүнү ойнодум. Анан "Айдараалы жөргөлөктү" ансамбль болуп чертип чыктык. Элдин бизди кабыл алганын сөз менен жеткизип айтып бере албайм. Үч жолу суранышып, улам-улам ойнотуп жатышты.
Азаттык: -Башка өлкөнүн балдарынан дос таап келдиңби?
Кылымдар:- Ооба, бизди кечинде конокко ар кимиси алып кетип жатышты. Канат экөөбүз Тимон деген музыкант адамдын үйүнө барып жатып жүрдүк. Алардын Артур, Даниель деген балдары бар экен. Алар менен бат эле ынак болуп кеттим. Азыркы күндө да телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Быйыл "Кыргызстанга келип конок болуп кеткиле" деп чакыртсак "эмдиги жылы барабыз" дешти. Буйруса келсе Ысык-Көлгө алып барып, дагы Кыргызстандын кооз жерлерин көргөзүп коелук деп күтүп жатабыз. Менимче аларга Кыргызстан аябай жагат болуш керек. Анткени Кыргызстан жөнүндө аларга кызыктуу кылып айтып бергем да.
Азаттык: -Алар менен кантип сүйлөшүп жаттың же француз тилин билесиңби?
Кылымдар: -Францияга барасың дегенден баштап ата-энем "кичине болсо да француз тилин үйрөнүп ал" деп үйрөтүшкөн. Туура кылышыптыр, бир аз болсо да жардамы тийди. Анан бир кызык, "дүйнөдөгү үндөрдүн падышасы болгон Париж шаарына, Европа маданиятынын очогу болгон француз элине, Азиядан байыркы эл болгон кыргыздардан жалындуу ысык салам" деген сөздү французча которуп жаттап алып, сахнага чыкканда ушул сөздү айтып туруп баштасам, баарысы ордунан туруп, көпкө кол чаап туруп алышты. Толкунданганымды айтпаңыз.
Азаттык: -Чоң аталарыңда комуз черткен бирөө бар го!
Кылымдар: -Жок, атам мандалин чертип, аккордеондо ойной алат. Атамдын таасири мага көп тийди. Шыгымды ойготту десем болот.
Азаттык: -Идеал туткан адамың барбы?
Кылымдар: -Кыргыз комузчуларынан көптөрдү эле жакшы көрүп, алардын черткен күүлөрүнө суктанам. Бирок, эмнегедир жүрөгүмө жакыны Токтогул Сатылганов. Биринчи классымда үйдөгүлөр болуп Ат-Башыга баратып, жолдон чоң күмбөздү көрүп, эмнегедир Токтогул Сатылганов эсиме түшүп кетти. Атамдан сурадым "ата, Токтогулдун күмбөзү барбы?" десем бар деди, анда ошол күмбөзгө барып келбейлиби дедим, атам макул болуп, кийин аяш атам Түгөлбай Казаков болуп үйдөгүлөр менен күмбөзүнө барып куран окудук. Чолпон-Ата деген жерде экен. Жанына музейин да салып коюшуптур. Катары менен Коргоол ырчынын, энесинин, анан Топчубек деген баласынын мүрзөлөрү турат. Жанында шак ийилген алма өсүп турган экен, баарыбыз ырымдап алма терип жатсак, чоң алма келип менин башыма түштү эле көзүмө жаш айланып кетти. Анан атам "кой ыйлаба, куран окутуп бата тилеп келдик эле. Токтогул атаң алма аркылуу сага батасын берип жатат, буйруса Токтогул атаңдай болгон чоң комузчу болосуң" дегенинен дароо токтоп калдым.
Азаттык: -Азыр канчанчы класста окуп жатасың?
Кылымдар: -Бишкек шаарындагы №39 орто мектепте 4-класста окуп жатам.
Азаттык: -Окууларың жакшы окуйсуңбу? Кайсыл сабактарды жакшы көрөсүң?
Кылымдар: -Жаман эмес, бирок көп убактымды комузга арнайм. Мага математика жана кыргыз тили абдан жагат. Башка балдардай болуп көчөгө да көп ойнобойм. Мектептен келип эле дароо комузумду алам да, чертип отура берем. Атам жумуштан келет, ал мандалин, мен комузду алам да, бири-бирибизге билбеген нерселерибизди үйрөтүп жарышып черте беребиз.
Азаттык: -Жакында кайсыл жерге барып концерт коюп келдиңер?
Кылымдар: -Жакында эле бир жума Ош шаарына жана Ош облусуна бир жума концертке катышып келдим. Бул концерт- “Биз силерди сагындык?!” деп аталып, ага улуу муундагы ырчы, обончулар Исрадин Аманбаев, Майрам Дүйшекеева, Бабрабшан Тургунбаев, Нуржамал Табалдиева, Кудайберген Темиров, Апас Жайнаков, Шара Талипова жана мен катыштым. Эл абдан жакшы кабыл алып, мени 5-6 күү чертүүгө суранып, улам-улам сахнага чыгууга аргасыз кылды.