«Ата Мекен» партиясынын артынан бүгүн Конституциялык Сотко оппозициядагы дагы бир лидер, Балыкчы окуясы боюнча айыпталуучулардын адвокаты Азимбек Бекназаров дагы арыз менен кайрылды.
- Конституциялык Сотко жана Жогорку Кеңешке кандай максат менен кандай негизде кайрылып жатасыз?
- Мен радио угуучуларга түшүнүктүү болушу үчүн жөнөкөй сөз менен айтайын. Ушул күнгө чейин соттун катышуучулары ишти карап аткан сотко ишенбөөчүлүк көрсөтсө, аны экинчи инстанциядагы сот карап көрчү, ушулардын арызы жөндүүбү-жөндүү эмеспи деп.
Ишенбөөчүлүк келтирилген күндөн баштап ишти карап аткан сот ишти кароону облустук сот чечим чыгарганга чейин токтотуп койчу. Облустук сот арыз жазуучулардын арызын канаттандырса, анда ишти башка сот карачу. Жазык-процесстик кодексинин 73-статьясында облустук сот карагандан кийин Жогорку Сотко арызданууга жатпайт деген жобо болгон. Мына ушул жобо Конституцияга каршы келет деп атуулдар Каптагаев менен Исаков Конституциялык Сотко арыз келтиришкен.
Конституциялык Сот бул арызды карап, Исаков менен Каптагаевдин арызын канаттандырган. Же болбосо облустук соттун чыгарган чечими боюнча Жогорку Сотко арызданууга атуулдардын конституциялык укугу калыбына келтирилген. Жогорку Сот чекит койгонго чейин ылдыйкы турган соттор ал ишти кароого мүмкүн эмес эле.
Бирок ушул жылдын 23-октябрында Жогорку Соттун төрайымы Алиева Конституциялык Соттун чыгарган чечимин мындай түшүнгүлө деп бардык жергиликтүү соттордун судьяларына кат жибериптир, арыздануу болсо да ишти токтотпой карай бергиле деп.
Ошонун негизинде бүгүн Балыкчы шаарында камалган 19 адамдын, дегеле Кыргызстандагы сотторго ишенбөөчүлүк көрсөткөн арыздары боюнча бардык иштер токтотулуп, ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөн соттор токтобой эле кайра ишин улантып атат.
Бул Конституцияга да, мыйзамга дагы каршы келет. Эмне үчүн дегенде соттор Конституцияга жана мыйзамга гана таянып иш алып барышы керек. Башка эч кандай нормативдик укуктарга, же Жогорку Соттун төрайымынын катына негизделбеш керек.
- Балыкчы окуясы боюнча айыпталуучулардын Жогорку Сотко кайрылган арыз-даттанусу эмне болуп атат?
- Арызын карап атат. 24-ноябрда биз ишенбөөчүлүк көрсөткөн сот эле өзүнүн ишин уланта берет. Себеби Алиева карай бергиле деген кат жолдоду деп атат. Ошондуктан биз Жогорку Кеңешке жана Конституциялык Сотко кат жолдодук. Силердин чечимиңерди Жогорку Соттун төрайымы "каалагандай түшүнгүлө, колдонгула" деп айтууга укугу бар беле деп Конституциялык Сотко жаздык. Ал эми Жогорку Кеңешке болсо конституциянын жоболоруна жана мыйзамдын жоболоруна силер түшүндүрмө бергиле, Жогорку Соттун төрайымы мындай түшүнгүлө деп атат, мыйзам боюнча силер гана түшүндүрмө беришиңер керек, туурабы, же туура эмеспи чечип бергиле деген катты жолдодук.
- Бүгүн Жогорку Кеңештин 70-жылдыгы белгиленип жатат. Сиз бир нече жолку чакырылыштын депутаты болдуңуз. Бүгүнкү мааракеге оппозициянын өкүлдөрү катышабы, анын ичинде сиз барасызбы?
- Мага чакыруу келди, бирок мен катыша албайм. Себеби башка орчундуу иштерим бар, ошол жакка катышып атам. Мен ойлойм, бул бүгүнкү бийликтин эле майрамы эмес. Бул биздин жалпы Кыргызстан мамлекетинин тарыхы, парламенттин тарыхы. Ошондуктан оппозиция дебей, башка дебей, аркы жээк- берки жээк дебей, биздин Кыргыз мамлекетинин тарыхы боюнча юбилей болуп атканына байланыштуу катышуу керек деп ойлойм.
- Маегиңизге чоң рахмат.