Оштогу окуялардын Бишкектеги жаңырыгы

Бишкекте жоон топ жигит Ошко барууга унаа талап кылышты.11-май, 2010-жыл.

Бүгүн Бишкекте жоон топ жигиттер Убактылуу өкмөттөн Ошко барууга унаа талап кылышты. У.Барыктабасовдун кайтып келишине шарт түзүүнү талап кылып, анын жүздөгөн тарапкерлери да митинг уюштурушту. Өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева улуттук каналдан кайрылуу менен чыгып, калкты сабырдуулукка чакырды.

Бүгүн Оштогу окуядан сырткары Бишкекте да бир топ саясий окуяларга орун берилди.

“Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовдун 500 чукул тарапкерлери бүгүн Бишкектеги Горький атындагы эс алуу багында митингге чыгышып, Барыктабасовго Кыргызстанга кирүүсүнө тоскоолдуктар жасалбасын деп Убактылуу өкмөткө талап коюшту.

“Мекен туу” партиясынын өкүлдөрү Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, алар У.Барыктабасовдун мекенине келишине эч кандай тоскоолдук болбостугун айтып кепилдик катка кол коюп беришкенин аталган партиянын жетекчиси Кенжалы Сарымсаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эртең (12-июнда) У.Барыктабасовдун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.

Ал эми Акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтан кетүүсүн талап кылышып, Ала-Тоо аянтына анын орун басары Таалай Кошоков баштаган беш-алты адам пикет өткөрүштү. Алар Турсунбек Акунду кызматын аткара албаган, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жетекчи катары баалап, Убактылуу өкмөт аны кызматтан кетирүүсү керектигин айтышты.

Турсунбек Акун буга чейин орун басары Т.Кошоковду кызматтык милдетин Ошто өткөрүү жөнүндө буйрук чыгарып, аны Ошко баруусун өтүнгөн. Бирок Т.Кошоков ал жакка баруудан баш тарткан.

Анын айтымында, Т.Кошоков менен кошо Акыйкатчы институтунан кесиптик деңгээли төмөн, жөндөмсүз делип кызматынан бошотулган 3-4 кызматкердин коюп жаткан дооматтары негизсиз.

Ушул эле күнү түштөн кийин Убактылуу өкмөт жайгашкан Жогорку Кеңештин имаратынын жанында 200гө чукул жигиттер чогулуп алышып, Ошко барууга унаа менен камсыз кылуусун бийликтен талап кылышты. Алар менен убактылуу өкмөттүн коопсуздук коргонуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Бусурманкул Табалдиев жолугушуп, Оштогу кырдаал боюнча маалымат берип, укук коргоо органдары тарабынан Ош аймагы көзөмөлдө турганын жана Бишкектен ал жакка баруунун кажети жоктугун айтып, элди сабырдуулукка чакырды.

Бирок жаш жигиттер Табалдиевдин айткандарына ишенбей, автобус таап берүүсүн талап кылышып, Ош базары жакка барышып, ал жерден дагы Ошко өз каалоосу менен баруучуларга чакырык таштады. Ал жерден алар Коомдук телевидениеге барып, эфирге чыгууга жасаган аракети ишке ашпагандан кийин, Жогорку Кеңештин жанында Ошко барууга унаа талап кылышты.

Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин имаратында өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Ош шаарындагы кырдаал кооптуу экенин айтып, кыскача маалымат берди. Анын айтымында, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү И.Исаков, Ө.Текебаев, А.Бекназаров Оштогу кырдаалды калыбына келтирүү аракетин көрүүдө.

Ошто өзгөчө кырдаал киргизилип, коменданттык саат киргизилип, ички
иштер министринин милдетин аткаруучунун орун басары Б.Алымбеков комендант болуп дайындалганын белгилеген Роза Отунбаева Бишкектин базарында азыркы бийликке, анын алган багытына каршы күчтөр баракчаларды таратып, коомдо туруксуздукту жаратууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Ал эми Оштогу окуяны Кыргызстандын бейпилдигине каршы күчтөр уюштуруп жатканын, мунун артында сырткы күчтөр турат дегенге негиз жоктугун айтты:

-Ал жакта ички күчтөр бар. Мен азырынча сырткы күчтөрдү көрө алган жокмун. Жанагы ички күчтөр алдыдагы референдумду үзгүлтүккө учуратууну, Кыргызстандын жаңы багыт менен алга өнүгүүсүнө бөгөт коюуга, артка тартууга аракет кылып жатышат.

Роза Отунбаева жарандык уюмдардын өкүлдөрүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, элди чагымчыларга алдырбоого, сабырдуулукка үндөөгө чакырды.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев болсо Оштогу окуяны сырткы күчтөр уюштурушу мүмкүн деген божомолун айтты:

Орозбек Молдалиев "Азаттыктын" кеңсесинде. 2010-жыл, январь.


-Азыр Бакиевдер ички күчтөр болбой калды. Алар сыртка чыгып кеткенден кийин, сырткы күчтөр болуп калды. Экинчиден Бакиевдердин наркобарондор менен байланышы бар экендиги эч кимге жашыруун эмес. Наркомафия да чоң күч. Азыр дүйнөлүк саясатта тероррчулук менен наркомафия өзүнчө чоң сырткы күчтөр. Анан дагы сырткы мамлекеттер бар. Алар сырткы фактор дегенге кирет. Улуттар аралык (транснациональный) кылмышкерлик булар сырткы мамлекеттер менен тең ата мамиле кылып калышкан азыр. Учурдагы татаал кырдаал эмнеде болуп жатат? Ошолордун бардыгынын максаты бир жерден чыгып жатат. Бакиевчилердин да, тышкы мамлекетердики да Кыргызстандагы кырдаалды дестабилдештирип, Бакиевдер болсо кайра бийликке келсек дейт. Булар деле мурунку бийлик келсе, азыркы парламенттик жолго түшпөсө деген максатты көздөп турушат. Жанагы Чеченстандын модели бар, баягы Кадыровдун убагындагыдай. Тышкы башкаруудагы көз карандысыз күчтү башкарып, үстөмдүк кылалык деген ойдо туруп атышат деп ойлойм.

Орозбек Молдалиев белгилегендей, Убактылуу өкмөт Жалал-Абаддагы кырдаалды убагында көзөмөлгө алып туруктуштурганы менен улуттар аралык, диний маселелрди, жалпысынан өлкө коопсуздугунун алдын алуу иштери активдүү иштелбей калды.

Ушу тапта Бишкекте Ошко унаа талап кылышкан эки миңдей адам Чүй проспектиси менен жөө жүрүш жасап, күн батыш жакта Ош тарапка кетүүчү таксилер токтоочу жайдын жанына топтолушту.