Адамдын жашоосуна, руханий жана физикалык абалына кам көргөн йога илими Кыргызстанда өнүгүү жолуна түшмөкчү. Мындай максатты жаңыдан уюшулган бул багыттагы федерациянын өкүлдөрү билдиришти.
Оксана Патаковская 17 жылдан бери йога менен машыгып келет. Ал үчүн йога бир жагынан ден соолуктун булагы болсо, экинчи жагынан руханий багытта өсүү болуп саналат. Оксананын йога менен машыкканга чейинки салмагы 85 кг болсо, учурдагы салмагы 50 кг.
- Мен 17 жылдан бери йога менен машыгып келем. Ошол маалда спорттун бул түрүнө арыктоо максатында аралашкам. Андан бери йога менин жашоомдун образына айланды. Мен бул багытты жакшы билген адамдардан сабак алдым. Акыркы 10 жылдан бери өзүм да машыктыруучу болуп эмгектенем. Бардык адамдар ички руханий күчкө ээ. Мындай учурда адам аны сезе билип, йога менен машыгуу зарыл.
Йога адамдын жашоосуна, алардын руханий жана физикалык абалына кам көрөөрү белгилүү. Алардын ар бири адамга түрдүү багыттар боюнча өрнөк болууга жөндөмдүү. Алсак, Хатха йогасы - денени физикалык жактан калыбына келтирсе, Штанга йога - булчуңдардын өсүшүнө шарт түзөт. Кундалини йога - адамдын ички дүйнөсүндөгү жөндөмдүүлүктү ойготсо, Раджа йога - адамга руханий жактан өсүшкө колдоо көрсөтөт.
- Йога илим катары илгертеден бери белгилүү. Адамдын жашоосундагы физикалык кубулуштар да бардыгыбызга маалым. Мисалы, эгер сүрөтчү өз эмгегине кунт коюп, оюн жыйып мамиле кылса, бул эмгегинин арты менен мыкты сүрөтчүгө айланат. Ошондой эле мисалды йогага байланыштырсак болот. Йога жашоодогу энергияны туура пайдаланууга жол ачат.
Учурда Бишкек шаарында йога менен 300гө жакын адам машыгат. Муну эске алган адистер жакында Улуттук йога федерациясын ачышты. Курамына жети машыктыруучуну камтыган бирикме йога багытына кызыккандарга туура жол көрсөтүп машыктырууну көздөйт.
Оксана Патаковская буларды айтат:
- Тилекке каршы, китептер жана кассеталар йога багытына кызыккандарга руханий өсүш бере албайт. Ошондуктан бул адамды керектүү жана туура багытка тартуу зарыл. Биз бул максатты көздөп, йога федерациясын каттоодон өткөрдүк. Эми жакын арада мектеп ачабыз. Ал жерден сабак алган машыктыруучуларга лицензия берилет. Мындай кадамдар йогадан жарат алган мисалдарды жокко чыгарышы керек. Себеби йога адамдарга ден соолукту гана алып келиши зарыл.
Йога жашоодогу энергияны туура пайдаланууга жол ачат.