Кыргызстандын түштүгүндө орун алган тополоң жана Убактылуу өкмөттүн көрүп жаткан иш-чаралары тууралуу Батыштын басма сөз каражаттарында көңүл бурулду.
Eurasia View интернет баракчасында апта соңунда жарыяланган эки макалада Кыргызстандын түштүгүндө болгон коогалаңдын түпкүрүндө жаткан себептер иликтөөгө алынган. Биринчи макалада июнь айында түштүктө орун алган этностор аралык араздашууларга “Хизб-ут Тахрир” жана Өзбекстандын Ислам кыймылы өңдүү радикалдуу уюмдардын катышы болдубу деген суроонун жандырмагы изделген. Экинчи макалада болсо түштүктөгү тополоңго уюшкан кылмыштуу топтордун тиешеси иликтенип, буга байланыштуу айрым адистердин пикирлери баяндалган.
“Wall Street Journal” гезити өткөн аптада чыккан сандарынын биринде кулатылган президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин Жалал-Абадда кармалганын маалымдап, “Жалал-Абаддын “көмүскө губернатору” аталган Акмат Бакиев түштүктөгү тополоңго тиешеси бар деп айыпталып жатканын жазды.
Лондондун “Guardian” гезити да мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев Жалал-Абадда кармалганын билдирген. Гезит “Акмат Бакиев түштүктөгү тополоңго тийешеси болгонун мойнуна алды” деген ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин сөздөрүнө шилтеме жасап, аны утурлай Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаев башкы прокуратурага өзү келип бергенине көңүлдү бурган.
“Irish Times” гезитинде чыккан макалада “Кыргызстандын түштүгүндө кармалып жаткан өзбек улутундагы адамдар коопсуздук кызматчылары тарабынан кыйноолорго алынып жатат” деп БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллейдин айткан сөздөрүнүн тегерегинде кеп салган. Анда Пиллей “менин Кыргызстандагы жардамчыларыма жергиликтүү бийлик мыйзамсыз кармап кетүүлөрдүн, кыйнап-сабоолордун, кармалгандарды айыпты моюнга алдыруу үчүн ур-токмокко алуулардын фактыларын көрмөксөнгө салып жатышканы тууралуу маалыматтар келди. Көпчүлүгү жаш жана дээрлик бардыгы өзбек улутундагы адамдар улутка бөлүп мамиле жасоочулуктун негизинде, эл аралык укук нормаларын бузуу менен кармалып жатышат” деп баяндаган.
Баш кеңсеси Цюрих калаасында жайлашкан “Эл аралык изилдөөлөр жана коопсуздук түйүнү” аттуу бейөкмөт уюмдун баракчасында чыккан макалада, түстүү ыңкылаптардын башында кара булуттар түнөрө баштаганы билдирилип, буга Украинадагы саргылт жана Кыргызстандагы жоогазын ыңкылаптар мисалга тартылган.
Макаланын Кыргызстанга арналган бөлүмүндө АКШ Кыргызстанда демократияны орнотуу тууралуу берешен убадаларды берип келгенине карабастан, Вашингтондун 11- сентябрдагы окуясынан бери Кыргызстандагы “Манас” аба базасына кызыгуу күч болгону билдирилет. СССР ыдырагандан 19 жыл өткөндөн кийин мурдагы советтик жарандардын басымдуу көпчүлүгүнүн турмушу дегеле жакшырбаганы баяндалып, анда муну Украинадагы шайлоолордун натыйжасы жана Кыргызстандын көчөлөрүндөгү тополоңдор даана чагылдырып жатканы далилделет.