10-октябрь: Тарых барактары

Камбаралы Конгантиев.

Кыргыз уруулары арасындагы XIX кылымдын орто чениндеги араздашуу жогорку чегине жетип, кан төгүлгөн кыргын айынан бугу уруусунун башчысы Боромбай манап Орусия империясынан букаралык сурап кайрылган.
Боромбай Бекмуратовдун өтүнүчү Батыш Сибирь генерал-губернатордугунда каралып, 1844-жылдын 10-октябрында Тышкы иштер министрлигине жолдонгон. Бул туурасында министрликтин жооптуу кызматкери К. В. Нессельроддун кайрылуусунда кабарланат.

Шабдан Баатыр 1897-жылдын 10-октябрында орус императору Николай II өтүнүч кат менен кайрылган. Шабдан Баатыр атасы Жантай Карабековдун орус бийлигине өтөгөн кызматы, адал эмгегин белгилеп, ал генерал Колпаковскийдин сунушу менен кыргыздарды империяга курамына киришине үндөгөндүгүн жазган. Андан соң өзүнүн эмгегин тизмектеп, ал үчүн империялык бийлик тарабынан баалуу сыйлыктарды алгандыгын билдирген.

Шабдан Баатыр империялык бийликтин анын арбын бүлөлүү экендигин эске алып, Пишпек уездине караштуу Тынай жана Талкан волостугунан тоо этегиндеги жерлердин түбөлүккө менчикке берилишин өтүнгөн.

Шабдан Баатырдын ашы 1912-жылдын октябрь айында өткөн. Октябрь айынын жетисинен баштап чакырылган коноктор Кичи Кеминге агылып, ашка келгендердин аягы 10-октябрда барып соңуна чыккан. Айрым маалыматтарга караганда, ашка 50 миң чамалуу киши келген. Аларды тосуу үчүн Кичи Кеминге 2500 боз үй тигилип, 10 миң кой, 2 миңдей жылкы союлган. Чүй өрөөнүндөгү конокторду Тынай менен Шамшы болуштугу тосуп, Верный жана Ысык-Көлдөн келгендерди Атаке болуштугу коноктогон. Пишпек уезддик кызматкерлери жана Верный, Пржевальскиден келген жүздөй орус чиновниктерин Шабдандын балдары меймандыкка алган.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин айылдык, поселкалык, шаардык жана Бишкек шаардык кеңеш депутаттыгына шайлоо 2004-жылдын 10-октябрында өткөн.

Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Камбаралы Конгантиев 2005-жылдын бул күнү өлкөдө митинг, жүрүш жана башка нааразылык акцияларын өткөрүүгө бир жылга мораторий жарыялоо сунушун киргизген. К. Конгантиевдин сунушун депутаттар жана бейөкмөт уюмдар кескин сынга алган.

10-октябрь – Психикалык саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк күнү.

Европанын тарыхындагы тагдыр чечүүчү Пуатье салгылашы 732-жылдын 10-октябрында болгон. Тарых хроникаларында аталган окуя Тур кашындагы салгылаш деп белгиленсе, араб хроникалары аны Шахид когортасынын согушу деп аташат. Франк королдугу менен эгемен Аквитания ээлигинин ортосунда орун алган Тур шаарына жакын жерде 732-жылдын 10-октябрында франктар менен араб аскерлери согуш талаасында беттешишкен. Австразия майордому Карл Мартеллдин колу аль-Андалусия генерал-губернатору, Омейяд Халифатынын аскер башчысы Абдур-Рахман ибн Абдаллахтын армиясы менен согушуп, франктар жеңишке жетишкен. Франк хроникалары Карлга жараткан жардамга келди дешип, ага «Мертелл» деген ысым ыйгарышкан. Батыш тарыхчылары Пуатье салгылашын ислам дининин Европага жайылыш таасиринин токтотулушу катары баалашат.

Улуу Стен жетектеген швед жоокерлери 1471-жылдын 10-октябрь күнкү Брункеберг салгылашында даниялыктарды жеңишкен.

Кремль монахтары 1503-жылдын 10-октябрында биринчи жолу водканы чыгарышкан. Водка адегенде антисептик катары колдонулган.

Революциячыл бийлик 1789-жылдын 10-октябрында Франциядагы чиркөө мүлкүн улутташтырган.

Улуу композиторлор Рихард Вагнер менен Ференц Лист 1853-жылдын 10-октябрында жолугушкан.

АКШнын колдоосу менен 1858-жылдын 10-октябрында Кубада эгемендик үчүн Испанияга каршы куралдуу көтөрүлүш башталган.

Америкалык Жон Уэсли Хайятт 1865-жылдын 10-октябрында биллиард шарын патенттеген.

«Кызыл бейшемби» аталган 1907-жылдын 10-октябрь күнү Венгрияда Октябрь козголоңу башталган.

Кытайдагы Синьхай революциясына түрткү берген Учань көтөрүлүшү 1911-жылдын 10-октябрында чыккан.

Совет бийлиги узак мезгилдүү даярдыктан кийин 1918-жылдын 10-октябрында расмий түрдө жаңы орфография кабыл алган.

Антанта жана Америка Кошмо Штаттары 1919-жылдын 10-октябрында Совет өлкөсүнө блокада жарыялаган.

ДнепроГЭС 1932-жылдын 10-октябрында салтанат менен ачылган.

Советтер Союзу менен Литва ортосундагы 1939-жылдын 10-октябрындагы келишимге жараша Виленск областы Литвага берилген.

Батыш фронтунун командачылыгына 1941-жылдын 10-октябрында Георгий Жуков дайындалган.

Фашисттик бийлик тарабынан Люксембургду Германия курамына кабыл алуу үчүн 1941-жылдын 10-октябрында өткөрүлгөн референдум шайлоочулардын аз келишине байланыштуу көздөгөн максатына жеткен эмес.

Советтер союзундагы Богдан Хмельницкий ордени 1943-жылдын 10-октябрында кабыл алынган.

АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр 1957-жылдын 10-октябрында Гананын каржы министринен кечирим сураган. Дэлавер штатындагы Дувр шаарындагы ресторан кызматкерлери министрдин терисинин түсүнө байланыштуу тейлөөдөн баш тарткан.

Украина компартиясынын Борбордук комитети 1973-жылдын 10-октябрында катталбаган диний секталарга каршы күрөштү күчөтүү туурасында жашыруун токтом кабыл алган.

Киевдеги студенттер 1990-жылдын 10-октябрында Украинанын эгемендигин талап кылып ачкачылык жарыялашкан.

АКШ президенти Жорж Буш 2003-жылдын 10-октябрында Куба эркиндиги үчүн комиссия курула тургандыгын билдирген.