23-сентябрь: Тарых барактары

Совет мамлекети урардын акыркы жылдары союздук республикаларда улуттук сезим күч алып, тарых, маданият жана тил маселесине айрыкча көңүл бурула баштаган. Кыргызстан да бул ургаалдан сыртта калбай, өлкөдө демократиялык көз караш кеңири тараган.
Улуттук интеллигенция тил маселесин көтөрүп, борбор шаардагы мектептерде, мамлекеттик мекемелерде кыргыз тили таптакыр колдонуудан калгандыгын жар салышкан.

Улуттук интеллигенциянын сүрөөнү менен көтөрүлгөн маселе коомчулуктун көйгөйүнө айланып, акыры Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.

Шаңхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны 2004-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында өткөн. Өкмөт башчылары тогуз пункттук маселенин тегерегинде пикир алмашып, көп тармактуу соода-экономикалык кызматташтык программасын аткаруу планын талкуулашкан.

Бишкекте өткөн жыйында Шаңхай кызматташтык уюмунун бюджетин классификациялоонун жобосу, уюмдун 2005-жыл үчүн каралган бюджети, уюмду каржылоонун абалы, фонду, ишкердик кеңеш, катчылыктын жана антитеррордук борбордун 2004-жылдагы чыгымдарын кайра бөлүштүрүү өңдүү орчундуу маселелер тегерегинде пикир алмашуулар жүргөн.

Өкмөт башчыларынын Биргелешкен коммюникесинде Шаңхай кызматташтык уюмунун алкагында алаканы тереңдетүү жана өнүктүрүү, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү маселелерине басым жасалган. Шаңхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги жыйынына Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Кытайдын өкмөт башчылары, Өзбекстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери катышкан.

Кыргызстандын мурдагы баш прокурору Азимбек Бекназаров 2005-жылдын 23-сентябрында “Агым” гезитине маек куруп, Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдары менен кылмыш чөйрөсү аралашып кеткендигин, айрым жерлерде кылмыштык топтор мамлекеттик структуралардын кемчиликтерин жакшы билгендиктен аларды каалагандай жетелеп алгандыгын коомчулукка кабарлаган.

Президент К. Бакиев 2005-жылдын 23-сентябрында «Интербилим» борборунун директору Асия Сасыкбаева, «Эл аралык толеранттуулук» коомдук фонддун президенти Раиса Кадырова, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмдун жетекчиси Азиза Абдырасулова, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов менен жолугушуп, Конституциялык кеңешменин иши, өлкөдөгү кырдаал тууралуу пикир алмашкан. Жолугушууга катышкан Э. Байсалов, президентке биз өлкөдөгү кылмыштуулуктун көбөйүп, коррупциянын кучак жайып баратканын жана жаңы бийликке элдин ишеними кетип баратканын айтып, ошондой эле президенттин уулу Максим менен бир туугандарынын айланасындагы коомчулукта айтылып жаткан ар кандай пикирлерди мамлекет башчысына кулак кагыш кылгандыгын билдирген.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык байланыштарынын 15-жылдыгына арналган салтанат 2007-жылдын 23-сентябрында белгиленди. Фестивалдык салтанат Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында өтүп, ага жапониялык “Global Beauty Co. Ltd.” компаниясы баш болгон алтымыштан ашык өкүл катышкан.

Рим императору Калигуланын көз жумган карындашы 23-жылдын 23-сентябрында Друзилла кудайынын катарына коюлган.

Испан королу Филипп II 1561-жылдын 23-сентябрында Флориданы колониялаштырууну токтотууга буйрук берген.

Берлин обсерваториясында эмгектенген немис астроному Иоганн Готтфрид Галле окумуштуулардын көрсөтмөлөрүнө таянып, 1846-жылдын 23-сентябрында Нептунду тапкан.

Франциядагы биринчи профсоюз 1894-жылдын 23-сентябрында уюшулуп, ал Эмгектин жалпы конфедерациясы деп аталган.

Болгариядагы сентябрь көтөрүлүшү 1923-жылдын 23-сентябрында башталган.

Архангельск жана Вологод областтары 1937-жылдын 23-сентябрында уюшулган.

Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жарманке алкагында 1939-жылдын 23-сентябрь күнү 6939-жылы ачылат деп ырымдалган капсула салынган. Капсулага айымдардын баш кийими менен эркектин тамеки мүштөгү жана 1100 микротасмалар орун алган.

Донецк шаарындагы көркөм искусство музейи 1939-жылдын 23-сентябрында негизделген.

Этникалык украиналыктар 1944-жылдын 23-сентябрында Польшадан Украинага күчтөп көчүрүлгөн.

Квебек шаарында англис тилиндеги жардыктарга 1981-жылдын 23-сентябрында тыюу салынган.

Америкалык окумуштуу астрофизик Чарльз Хайдер 1986-жылдын 23-сентябрында Ак Υйдүн алдында ачкачылык акциясын баштаган.

РСФСР Министрлер Кеңешинин 1991-жылдын 23-сентябрь күнкү чечимине ылайык, Ленинград экономикалык институту, Санкт-Петербург мамлекеттик экономика жана финансы университети болуп өзгөртүлгөн.

Армения 1991-жылдын 23-сентябрында эгемендик алган.

Тажикстан парламенти 1991-жылдын 23-сентябрында компартия ишине тыюу салган чечимди жокко чыгарып, президент К. А. Аслоновду кызматынан кетирип, аны мурдагы компартия лидери Р. Н. Набиев менен алмаштырган чечим чыгарган.

Кытайда жашы 9000 жыл чамалаган эң эски музыкалык инструмент эсептелген флейта табылгандыгы 1999-жылдын 23-сентябрында кабарланган.

Воронеждеги пиротехника сакталган кампа 2009-жылдын 23-сентябрында жарылган.