30-июль: Тарых барактары

"Форд" унаасы

Фергана областтык аскер командачысы, генерал-майор М. Д. Скобелевдин Алай чапкыны туурасындагы рапортунда, козголоңчулардын Кызыларт аркылуу Каракөлгө качканы туурасында маалымат алынгандыгы кабарланат.
Генерал-майор М. Д. Скобелев аларга камынтпай сокку уруу максатында капитан Боголюбов баштаган орус аскерлери менен Шабдан баатырды отуз жигити кошо Каракөлгө 1876-жылдын 30-июлунда аттандырган. Ушул эле күнү кечки саат он чамасында подполковник, князь Виттенштейн жетектеген атчандар дивизионун орус аскерлерине жардамга жөнөткөн.

Фрунзе шаардык жергиликтүү чарба бирдиги 1929-жылдын 30-июлунда борбор калаанын Совет көчөсүнүн түндүк бөлүгүндө орун алган саздак жерден торфтун катмарын ачканын билдирген. Жергиликтүү чарбакерлер катмарда 600 миң рублдик торф бар деп жар салып, аны каалаган ардамдарга ижарага берүүгө даяр экендигин кабарлашкан.

Борбор шаардын Каражыгач сейил багында орун алган Комсомол көлү 1939-жылдын 30-июль күнү салтанат менен ачылган. Жүздөгөн шаардыктар жана чет жакадан келген коноктор жай саратанында салкын сууга кирип, сергүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Анткен менен жасалма көлдө пляж, секирчү тепкич, чатыр сыяктуу эс алуу каражаттары салынбаса да шаардыктар болгонуна каниет кылып кетишкен.

Кыргыз ССР элдик комиссарлар кеңеши менен Кыргызстан КП (б) Борбордук комитетинин «Кант-Рыбачье багытында темир жол куруу» туурасындагы токтому 1939-жылдын 30-июлунда жарык көргөн. Темир жол курулушуна 150 коммунист менен 3 миң комсомолду мобилизациялоо каралган. Кыргыз ССР ички иштер элдик комиссары Абушенко да курулуш ишине эркинен ажыратылган адамдар менен жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.

Коммунисттик партиянын 1937-жылдын февраль-март айында өткөн пленумунан кийин кыргыз калкына каршы моралдык террор башталган. Партиялык маалымдоо каражаттарында «Абдрахмановщина», “Жанузаковщина”, «Худайкуловщина» сыяктуу макалалар жарык көрүп, аты аталган жолдоштор камакка алынып, алар менен байланыштагы адамдар куугунтукталган. Аталган каралоо ишинин уландысы катары Е Султанбекованын ушул жылдын 30-июлунда жарык көргөн ««Контрреволюционный национализм в литературе Киргизии» аттуу макаласын атасак болот. Макалада кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнө каршы сын айтылып, алардын чыгармачылыгна көө сүртүлгөн.

Христофор Колумб майя элинин өкүлдөрү менен биринчи жолу 1502-жылдын 30-июлунда жолуккан.

Америкалык Мэриленд штатындагы ири шаар жана эбегейсиз порт оруна алган Балтимор шаары 1729-жылдын 30-июлунда түптөлгөн. Шаардын аталышы колониянын ээси лорд Чарльз Балтимордун урматына байланышкан.

Император Николай I 1840-жылдын 30-июлунда «Белоруссия» терминин колдонууга тыюу салып, аны «губернии Северо-Западного края» деп атоого буйрук берген.

Англис изилдөөчүсү Жон Спик Африкадагы Виктория көлүн 1858-жылдын 30-июлунда ачкан.

Львовдогу этнографиялык музей 1895-жылдын 30-июлунда түптөлгөн.

Москвадагы биринчи шаардык канализация 1898-жылдын 30-июль күнү салтанат менен ачылган.

Император Тайсё 1912-жылдын 30-июлунда Жапон тагына отурган.

Түштүк Африкалык коммунисттик партия 1921-жылдын 30-июлунда негизделген.

Албания, Греция жана Югославия мамлекеттери бири-биринин чек арасын таануу туурасындагы келишимге 1925-жылдын 30-июлунда кол коюшкан.

Борбордук Аткаруу комитетинин 1930-жылдын 30-июль күнкү токтому менен Москва полиграфиялык факультети менен ленинграддык ВХУТЕИНдин базасынын негизинде Москва полиграфиялык институту уюшулган. Кийин ал 1992-жылы Москва мамлекеттик басма академиясы болуп өзгөртүлгөн.

Нацисттик Германия америкалык унаа магнаты Генри Фордду германдык бүркүттүн Темир крести менен 1938-жылдын 30-июлунда сыйлаган.

Биринчи Радиолокациялык станция (РЛС) 1948-жылдын 30-июлунда Ливерпулда курулган.

Москва шаарындагы Лужникиде орун алган Борбордук стадион 1956-жылдын 30-июлунда ачылган.

Красноярск ГЭСи 1972-жылдын 30-июлунда ишке киришкен.

Европадагы коопсуздук жана кызматташууга арналган жыйын 1975-жылдын 30-июлунда Хельсинки шаарында ишин баштаган.

Америкалык NBC телеканалында көп сериялуу «Санта-Барбара» тасмасы 1984-жылдын 30-июлунда көрсөтүлө баштаган.

ГДРдин мурдагы жетекчиси Эрих Хонеккер 1992-жылдын 30-июлунда Орусиядан Германияга чыгарылган.