24-июль: Тарых барактары

Михаил Булгаков «Батум» пьесасын 1939-жылдын 24-июлунда жыйынтыктаган.

Курманжан датканын уулу Абдылдабек 1876-жылдын бул күнү Фергана аскер губернатору, генерал-майор М. Д. Скобелевге жооп кат жөнөткөн. Абдылдабектин катында алайлык кыргыздардын орус бийлигине каршы көтөрүлүшүнүн себеби, алардын көздөгөн максаты ачык кабарланат.
Мындан тышкары Абдылдабек орус бийлигине толук ишенбей тургандыгын, эгер айтылган убадалар толук сактала турган болсо, бийликке моюн суна тургандыгын билдирген. Абдылдабек “эгер орус бийлиги Ош уездинде Шабдан баатырды калтырса, аймакта тартип орной тургандыгына ишенем” деп айткан.

Ош уездине караштуу Үч коргон айылында 1916-жылдын бул күнү калк козголуп, аскерге кишилерди бербейбиз деген чакырык менен болуштук башчынын үйүн курчоого алышкан. Падышалык бийликтин саясатына каршы чыккан үчкоргондуктар болуштан аскерге чакырылгандардын тизмесин тартып алууга аракет жасашкан.

Жетисуу областынын дыйкан депутаттарынын съезди 1917-жылдын бул күнү ишин баштаган.

Пишпек уезддик эл депутаттарынын Аткаруу комитети 1918-жылдын 24-июлунда Эл чарбасы боюнча кеңеш куруу туурасында токтом кабыл алган. Токтомго ылайык, өлкөдө биринчи өкмөт модели уюшулуп, анын иштөө тартиби, курамы сыяктуу маанилүү маселелердин мерчеми бекитилген.

Кыргыз обком ВКП (б)сы менен өкмөтүнүн үчүнчү бириккен пленуму 1931-жылдын бул күнү ишин аяктаган. Пленумда колхозчуларды келишим менен жумушчу катарына тартуу боюнча партия органдарынын ишин жандандыруу маселеси талкууланган. Мындан тышкары пленумда жазгы айдоо ишинин аткарылышы, 1932-жыл үчүн элдик чарбаны пландоо жана коомдук-маданий турмуштун өнүгүү келечеги, көмүр өнөр жайын өнүктүрүү маселелери каралган.

Кыргыз интеллигенциясынын күзгүсү жана улут сыймыгы, академик Абдулхай Алдашев 2003-жылдын бул күнү жарык дүйнө менен кош айтышкан. Академик А. Алдашев 1918-жылы Жети Өгүз районунун Ак-Кочкор айылында туулуп, өмүрүн илим, билимге арнаган инсан болгон.

Вятка шаары 1374-жылдын 24-июлунда негизделген.

Жак Картье жетектеген француздук экспедиция 1534-жылдын 24-июлунда Канададагы Ыйык Лаврентий дарыясынын булуңуна жеткен.

Детройт шаары 1701-жылдын 24-июлунда негизделген. Шаарды түптөөчүлөрдүн бири катары - Түндүк Америкадагы француз ээлигинин башкаруучусу Антуан Кадиллак эсептелинет.

Орус аскерлери 1704-жылдын 24-июлунда Юрьев шаарын шведдерден бошоткон.

Витус Берингдин командачылыгы менен «Ыйык Гавриил» кемеси 1728-жылдын 24-июлунда Камчаткадан сапар тарткан.

Екатерина II 1790-жылдын 24-июлунда «Петербургдан Москвага саякат» чыгармасынын автору А. Радищевди сот жообуна тартылышын талап кылган.

Британияда терезеге салык 1851-жылдын 24-июлунда жоюлган.

Сан-Францискодон чыккан биринчи трансконтиненталдык поезд 1870-жылдын 24-июль күнү Нью-Йоркко келген.

Орусиянын премьер-министри П. Столыпин 1906-жылдын 24-июлунда «коомдук душмандарга» каршы күрөшүү туурасында чакырык таштаган.

Америкалык археолог Хайрем Бингхэм 1911-жылдын 24-июлунда Перудагы Мачу-Пикчу Инк Империясынын «жоголгон шаарын» ачкан.

Лозанн конференциясында 1923-жылдын 24-июль күнү кысыктардын режими туурасындагы конвенцияга кол коюлган.

СССР Ички иштер элдик комиссары 1925-жылдын 24-июлунда советтик кинонун Достук коомунун уставын бекиткен. Жаңы коомго бир жыл мурун планеталар аралык байланыштын жетекчилигине дайындалган Феликс Дзержинский төрагалык милдетин алган.

Николай Рерих 1928-жылдын 24-июлунда Индияда «Урусвати» коомун негиздеген.

Эриме кофе 1938-жылдын 24-июлунда ойлоп табылган.

Михаил Булгаков «Батум» пьесасын 1939-жылдын 24-июлунда жыйынтыктап, анын текстин МХАТка берген.

Фашисттик Германия аскерлери 1942-жылдын 24-июлунда Ростов-на-Дону шаарын ээлеп, Кавказга карай чабуул коюп башташкан.

Советтер Союзу 1948-жылдын 24-июлунда Батыш Германия менен Берлин ортосундагы унаа жана темир жол байланышын жапкан.

Немис жазуучусу Томас Манн 16 жылдык куугунтуктан кийин 1949-жылдын 24-июлунда Германияга кайтып келген.

Американын Канаверал кысыгынан немистик “Фау-2” ракета 1950-жылдын 24-июлунда учурулган.

Советтер Союзуна иш сапары менен келген АКШнын вице-президенти Ричард Никсон 1959-жылдын 24-июль күнү Советтер Союзунун компартия лидери Никита Хрущёв менен кызуу талкуу уюштурган. Күбөлөрдүн айтымында, эки тарап тең өз пикиринде калып, талаштан майнап чыккан эмес.

Советтер Союзунда беш жыл мурун киргизилген шарап ичимдиктерине сатууну чектөө туурасындагы көрсөтмө 1990-жылдын 24-июлунда жокко чыгарылган.

Индия мамлекети 1991-жылдын 24-июлунда пландык экономикадан баш тарткандыгын билдирген.