Ташкенден таш капкан үмүт

Жаратылыш газына 18 млн доллар карызды төлөө үчүн жыл аягына чейин убакыт сурап Ташкенге барган “Кыргызгаздын” жетекчиси Саламат Айтикеев жолу болбой кайтты.
-Саламат мырза мына сиз Өзбекстанга барып, газ маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдиңиз, ушул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болду?

-Буга чейин Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп аткан, 18 миллион доллар карызыбыз жазында эле пайда болгон. Буга чейин алар убакыт берип, газды кыскарпай берип атышкан. Биздин сүйлөшүүлөр боюнча 1-октябрга чейин бул карызды жабышыбыз керек болчу.

Тилекке каршы, жаба албай калдык, себеби “Кыргызгаздын” мүмкүнчүлүгү болгон жок. Ошон үчүн булар 22-сентябрдан баштап газды кыскарта башташты. 24-сентябрга түштүк регионго газды толук жаап койду. Ошол себептен мен 24-сентябрда Ташкентке барып, жылдын аягына чейин дагы убакыт бергиле деп сурандым.

Себеби мен ушул проблемалар менен өкмөткө кайрылдым, өкмөт азыр карап атат бул маселени. Менин жаңы жылга чейин узартып берет деген үмүтүм бар болчу, себеби бир да жолу төлөбөй койгон болгон эмес. Канча жылдан бери алып атканбыз, баарын кичине кечирээк болсо дагы төлөчүбүз. Ошол жүйөөлөр менен барып сүйлөштүм, бирок тилекке каршы алар макул болбой коюшту.

-Түндүк тараптыкын дагы 30 пайызга кыскарттыбы газды?

-Азыркы учурда 30 % кыскартышты газды, бирок келип аткан газ бизге баарыбызга толугу менен жетип атат.

-Саламат мырза, мына парламентте биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов айтпадыбы 18 миллион доллар карыздын 13 миллиону каякка кеткени белгисиз жоготуу деп. Эмне себептен жоготулган бул газдар?

-Кыргызстан жылына 600-700 миллион кубометр газ алчу, анан биздин системада газ түтүктөрүндө жоготуулар болот дайыма. Ошол жоготуулардын көлөмү дайыма 12-13 пайызга жетчү ар бир жыл сайын. Ошондо эсептегенде мисалы 750 кубометр газ келсе, 100 миллион кубометр газ жоголот. Бул деген техникалык жоготуулар, эсептеги жоготуулар. Эми ачык айтканда, анын ичинде уурдагандар дагы бар, уурдап төлөбөй жүргөндөрдүн дагы көлөмү бар.

-Мына 13 миллион ушул жоготууларга кеткен каражат экен. Ушул 13 миллионду эми өкмөт төлөйбү?

-Жок, муну “Кыргызгаз” төлөш керек, бирок тилекке каршы газдын баасы аябай кымбат болгондон кийин ошол көлөмдү жаңы баага көбөйткөндө аябай көп болуп кетип атат. Ошон үчүн баасы да өсүп кетип атат, бирок бул сумманы “Кыргызгаз” төлөш керек. Азыркы учурда бизде андай акча жок, себеби быйыл заводдор иштеген жок.

-Газ уурдагандар кармалып, жазага тартылдыбы же кармалган киши болгон жокпу?

-Андай фактылар абдан көп, бул фактыларды таап туруп укук коргоочу органдарга берип атабыз, сотко берип атабыз.

-Жалал-Абад, Баткен, Ош аймактарында газга кардарлар төлөбөгөндүктөн ушундай карыздар көбөйүп кетти деген маалымат болуп атат. Чынында эле катардагы керектөөчүлөр акча каражатын төлөбөй жатабы?

-Бүгүнкү учурда калктын карызы 200 миллиондон ашык сом, бул деген 5 миллион доллардын тегерегинде. Андан тышкары ишканалардын карызы, электр станциялар тармагынын карызы бар. Биздин 18 миллион ошол карыздардан түзүлөт.

-Эми ушул кырдаалдан чыгуу боюнча кандай иш-чараларды көрүп атасыздар?

-Биз биринчиден “Кыргызгаздын” акчасы азырынча жок болгондон кийин үмүттөнүп атабыз, балким өкмөт караштырып же “Кыргызгазга” болобу, же электростанция тармагына болобу, кредит берсе, ошол акчаны газга жумшап туруп андан ары иштейли деген оюбуз бар. Анан балким менин деңгээлим жетишпесе, өкмөт өзү кайрылып Өзбекстан менен карызды кечирээк төлөө боюнча келишим түзөбү деген оюбуз бар.

- "Газпром" менен кызматташуу болуп атты эле, ушул маселе кандай болуп атат учурда?

-Түзүлгөн план боюнча "Газпром" буга чейин "Кыргызгазды" сатып алып иштей бермек болчу. Бирок, тилекке каршы, ал иш токтоп калды. Биз Кыргызстан тарап бүт айтылган милдеттердин баарын аткардык, орус компаниясы азырынча токтотуп атат, себебин билбейм.