Өзбекстан Кыргызстандын күчтөнүшүн каалабайбы?

Кыргыз жана өзбек президенттери Ислам Каримов менен Курманбек Бакиев Чолпон-Ата шаарында. 31-июль, 2009-ж.

Кыргызстан менен Орусия ортосунда кол коюлган меморандум кимдин кызыкчылыгын көбүрөөк көздөйт? Москвадагы саясий жана аскердик анализ институтунун өкүлү Александр Храмчихин ой бөлүшөт.
Александр, жакында Медведев менен Бакиев кол койгон меморандумду Бишкектеги маалымат каражаттары кыргыз бийликтеринин жетишкендиги деп бааласа, москвалык айрым гезиттер Орусия Бишкекти көндүрдү деп жазып атышат. Деги бул болочок базадан кайсыл тарап көбүрөөк пайда табат?

- Мен бул болочок база үчүн Москва канча акча чыгараарын билбейм, ошондуктан азыр бул суроого так жооп бере албайм. Бирок баары бир Кыргызстан утат болуш керек. Анткени аябай эле чакан аскер контингент, батальон деген эмне, бир нече жүз аскер дейли, алардын колунан эмне келмек эле, бул тактикалык аскердик бөлүк бир да маселени чече албайт. Бирок мекенинен алыста жүргөн аскерлер үчүн Москва аябай эле чоң каражат сарптоого аргасыз болот.

Ошончо каражат сарптап жаткан соң, Орусиянын да бир кызыкчылыгы бар болсо керек да?

- Бул жерде Орусия деп айтууга болбойт, ал эми Кремлдин акылы ордунда деп айта албайм. Кремлдегилер өзүлөрүнүн жеке ички психологиялык проблемаларын алдыга чыгарып, Кыргызстанда ушундай база ача койсок, АКШга айбат көрсөтүп, мурдагы советтик аймакта таасирибиз күчөйт деп ойлошот. Башка бир да себеп таба албай турам, анткени бир батальондун колунан эч нерсе келбейт, урушка катыша албайт.

Кыргызстандык маалымат каражаттары батальон 350дөн 800гө чейин аскерден куралат деп чечмелеп атышат. Канча кишиден куралат деги?

- 350 дегени чындыкка жакын. 800 кишиден турган батальон көрө элекмин, бул жасалма көрсөткүч.

Бүгүн Өзбекстан Кыргызстанда дагы кошумча орус аскерлерин жайгаштыруу планына терең тынчсыздануусун билдирди. Бишкек коңшусунун ачуусуна тийди окшойт. Москва мындай болорун алдын-ала биле алган жокпу?

- Менимче, Орусия, туурасын айтканда, Кремль ал жөнүндө ойлонгон деле жок. Дал ушул окуя Жамааттык коопсуздук келишими уюму кандай уюм экенин даана көргөзөт. ЖККУга мүчө бир өлкө бир аскердик чечим чыгарса, экинчиси ага каршы, дайыма ушундай болуп келген. Өзбекстан эч кандай Орусиянын, же Кыргызстандын аскерий өнөктөшү эмес, бул айдан ачык. Ташкендин билдирүүсү жөн эле бир шылтоо. Бир батальон улуттар аралык мамилени курчутуп, кырдаалга чагым салып иймек беле? Менимче, Өзбекстан жөн гана Кыргызстандын күчтөнүп кетишин каалабайт. Кыргызстан Орусия тараптан кандайдыр бир колдоо алышын да каалабайт, ал чакан батальон болсо да. Болгону ошол себеп.