Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева 25-июнда Өзбекстандын Анжиян облусундагы ооруканаларда жаткан качкындардын абалы менен таанышып, аларды Кыргызстанга кайтууга үндөдү.
Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу калаба учурунда Өзбекстанга өтүп кеткен качкындардын дээрлик көпчүлүгү азыр мекенине кайтышты. Бирок Анжияндагы ооруканаларда дале болсо жүздөгөн өзбек улутундагы кыргыз жарандары дарыланып жатышат.
22 жаштагы Шухрат Ош окуясында бутунан жаракат алып, анжияндык дарыгерлердин колунан операция жасаткан. Ал айыгаары менен мекенине кайтууга камынып жатканын айтат:
- Барайын дейбиз, бирок ал жакта аскерлер дале кысым көрсөтүп жатышканын жакындарым телефон аркылуу айтышты. Бир аз чочулап турам. Бирок өз үйүмө кайтып барам.
Учурда Шухрат сыяктуу кыргызстандык 589 качкын Өзбекстандын ооруканаларында дарыланып жатат.
Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Адхам Икрамов Ош жана Жалал-Абад тополоңунан улам мекенинен качып, кошуна өлкөнүн аймагына кирип келген жарандар толугу менен медициналык кароодон камсыз болгонун, аларга үзгүлтүксүз жардам берилгенин кыргыз кесиптешине билдирди. Икрамовдун маалыматына ылайык, 75 миңдей качкындын 63 миңден ашуусу медициналык жардам сурап кайрылып, эки миңден ашуун адам ооруканага жаткырылган.
- Өзгөчө оор абалдагы адамдар чукул жардам көрсөтчү медициналык борборго жайгашты. Ошол эле убакта жеңил жарат алгандарды биз райондордогу ооруканаларга да жаткырдык. Биздин республикада чукул жардам көрсөтчү 173 медициналык борбор уюшулган,- дейт Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри.
Өзбек министринин айтымында, оор жарат алган качкындардын 22си ооруканада көз жумган. Ал эми 175 качкын аял Анжиянда көз жарган. Министр ошондой эле азыр Өзбекстанда ооруканада жаткандардан башка качкындар дээрлик калбаганын да кошумчалады.
Биз ооруканада жаткан бир катар качкындарга кайрылып, алардын да Кыргызстанга кайтуу ниетин билдик.
Нигора өзү Өзбекстанда, үй-бүлөсү Кыргызстанда калган кыргыз жараны:
- Кыргызстанга кайтып барайын десем, жолдошум чалып бул жак дагы дале кооптуу деп жатат. Качан кайтаарымды билбейм. Бул жакта балам ооруканада.
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Дамира Ниязалиева Анжиянда жаткан оорулууларды жана алардын жакындарын Кыргызстанга кайтып барууга үндөдү. Министр айым аларга Кыргызстандагы коогалаң токтоп, кырдаал турукташканын, алар өз мекенине барган соң медициналык кароо акысыз болоорун айтты:
- Биз ооруларды өзүбүзгө алып келели деген маселени талкууладык. Алардин ичинен 143 оорулунунун акыбалы оор экен. Эгерде биздин жарандар Кыргызстанга кайтууну кааласа бул жактагы кесиптештерибиз атайын унаа менен “Достук” чек ара бекетине жеткиришет, ал жактан биз тосуп алып кетебиз. Медициналык кароо да акысыз болот.
10-июндун кечинде Ошто башталып, кийин Жалал-Абадда уланган кандуу кагылыштан каза тапкандардын саны 25-июнга карай 264 кишиге жеткенин Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Мындан сырткары эки миңден ашуун адам медициналык мекемелерге жардам сурап кайрылып, алардын миңден ашууну ооруканаларга жаткырылган.
Көз карандысыз айрым байкоочулар болсо калабада каза тапкандардын саны расмий маалыматтагыдан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн айтып келишет. Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева да бул каргашалуу окуядан ажал тапкандардын саны расмий маалыматтардан алда канча көп болушу мүмкүн экенин буга чейин билдирген.