Кыргызстан Өзбекстандын жолоюна түштүбү?

Кыргызстан Өзбекстандын башкаруу жолоюн көздөй ыктап баратат. Мындай көрүнүш жакынкы жылдары дагы күч ала бермекчи. Мындай пикирин саясат таануучу Александр Князев кечээ өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
КМШ инстититунунун аймактык филиалынын жетекчиси Александр Князевдин айтымында, Кыргызстанда өкүмзор бийликтин өктөм аракети күч ала баштады:

- Кыргызстанда 2005-жылга чейин калыптанып калган демократиялык эркиндиктин либералдуугу чектелип баратат. Менин оюмча мындай көрүнүш кийин да улана берет. Бул ушундай либералдуу демократия модели жараксыз экенинин дагы бир жолу айгинелеп турат.

Саясат талдоочу Аскар Мамбеталиев да учурда өлкөдө болуп жаткан саяий процесстер Кыргызстан башкаруунун өзбек моделин, башкача айтканда, авторитардык жол менен баратат деген көз карашын “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Өзбекстанда да так ушундай болгон. Анжиянда көтөрүлүш чыгып, диний фактор аркылуу президент өзүнүн бийлигин чыңап, жарандык коомду динге шылтап, басып салган. Азыр биз да ошого баратабыз.

Анткен менен мындай көз караштарды колдобогондор да жок эмес.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Кыргызстандын башкаруу системасын Өзбекстандыкы менен салыштырып да болбостугун белгиледи:

- Өзбекстандагы бийлик сыяктуу бийликке бизде эч кимиси бара албайт. Барам деген адамдар болгон, ал кишилер азыр кайда жүргөнүн билебиз. Ошону үчүн Өзбекстан менен салыштыруу болбойт. Башкаруу системасына баа берүү үчүн биздин мыйзамыбызды терең карап чыгыш керек. Сырткы көрүнүш менен эле Кыргызстан мындай болду, тигиндей болду деген үстүртөн берилген баа.

Учурда дүйнөлүк кризис өнүккөн өлкөлөргө гана эмес, экономикасы жаңыдан калыптанып келаткан мамлекеттерге аз да болсо кедергесин тийгизип жатканы айтылууда. А.Князевдин белгилешинче, мына ушундай кризистен улам, жыл өткөн сайын дүйнө мамлекеттери жалпы эле жаратылыш ресурстарынын жетишсиздигин башынан өткөрүп, ошол ресурстарды пайдалануу жана аларга ээлик кылуу үчүн ири мамлекеттердин ортосунда атаандаштык күч алат. "Андыктан, - дейт Князев, - мына ушундай шартта башкаруунун авторитардык жолун тандагандардын гана туруктуу жашап кетүүгө кудурети жетет."

Князевдин мындай көз карашына А.Мамбеталиев төмөндөгүчө пикирин айтты:

- Дүйнөдө авторитардык гана мамлекеттер кризистин шартында жашап кете алат дегенге кошула албайм. Анткени өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы тең демократиялык мамлекеттер.

Дүйнөлүк кризис демекчи, жалпы эле дүйнөдө каражаттын тартышытыгы күч алып турган мезгилде Орусия Кыргызстанга 2 млрд доллар насыя бере ала тургандыгын билдирген. Ал аралыкта орусиялык “Время новостей” гезитинде, К.Бакиев Орусиядан 2 млрд доллар насыя алыш үчүн Москвага сапарынын алдында америкалык “Манас” аскерий базаны чыгаруу боюнча жардыкка кол коюшу мүмкүндүгүн жазып чыкты. А.Мамбеталиев кыргыз бийлиги базаны чыгарган, чыгарбаган күндө да өлкөнүн тышкы карызын 2 млдр долларга көбөйтө турган дагы бир насыя албашы керектигин баса белгиледи:

- Алган акчаны иштетип кете алган потенциалыбыз жок. Аны бары бир жеп коебуз да, аракетибиздин бары ошол карызды төлөгөнгө кетип калат.