Т. Юлдашев: Анжиян окуясы – бул бийлик тарабынан болгон террор

Бүгүн Анижиян окуясына төрт жыл толду. Жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган бул кандуу окуянын төрт жылдыгына байланыштуу учурда Бишкекте баш калкалап жүргөн өзбекстандык серепчи Ташпулат Юлдашевди сөзгө тарттык.
- Ташпулат мырза, Өзбекстандын Анжиян шаарындагы мындан төрт жыл мурда болгон кандуу окуя бүгүн Бишкектен башка жерлерде дагы эскерилдиби?

- Анжиянда өзү тынчтык митингке талап менен чыккан адамдарга бийликтин аскерлери ок аткан. Окко учкандардын арасында карапайым эл болгон. Өзбек бийлиги болсо билегине чейин канга баткан күнөөсүн тазартууга аракет кылып жатат. Куралсыз элге ок атууга ким буйрук берди, кимдин көрсөтмөсү менен кан төгүлдү? Бул боюнча кимдер камалды, кимдер айыпка тартылды? Аныгын, чындыгын билген адам жок. Мына ошол Анжиян окуясын эскерүү максатында бүгүн чет жерде жүрүшкөн өзбек жарандарынын катышуусунда акция өткөрүлүп, бейажал кеткендер эскерилди. Бүгүн Бишкекте дагы бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү тилектештигин билдирип, өзбекстандык качкындар Анжиян окуясын эскерип, каза болгондорго таазим кылышты. Эми мунун бардыгы Ислам Каримовго болгон нааразылык, анын калкка жасаган терроррчулук ишине карата каршы иш-чара болуп жатат.

- Мына ошол Анжияндагы кандуу окуядан кийин адам укуктары жаатында Өзбекстан бийлигинин саясаты өзгөрдүбү?

- Жо-ок, Каримовдун саясаты өзгөргөн жок. Тескерисинче диний көз караштагы адамдарга ахрамиячысыңар, хизбутчусуңар, ваххабистсиңер, нурчуларсыңар деп айып тагылууда. Анжиян окуясынан кийин Каримовдун ички саясаты өзгөрдү деп айтууга болбойт. Жок, бул террор. Азыркыга чейин көпчүлүк өзбекстандыктар Ислам Каримовдун жүргүзүп жаткан саясатын каралап, анын кызматтан кетүүсүн талап кылып жүрүшөт.

- Анжиян окуясы болгондон бери төрт жыл өттү. Ушул аралыкта Өзбекстандан качкандар токтодубу? Алардын саны азайдыбы?

Жо-ок, токтогон жок. Албетте мурдагыга караганда качкындардын саны азайды. Кыргыз бийлиги Өзбекстан менен алакаларын бузбашы үчүн “ынтымактуу коңшулук” саясатын алып барып, расмий Ташкендин кыжырына тийбеши үчүн дагы Өзбекстандан келаткан качкындарды кабыл албай жатат. Андан тышкары Кыргызстандын өзүндө шарт жок. Ушул жана башка маселелерди эске алып Кыргызстан Өзбекстандан жана башка мамлекеттерден качкындарын келишин анчейин каалай бербейт. Келгендер дагы Кыргызстанда узакка жашабайт. Маселен көп болсо бир жыл жашашы мүмкүн. Андан кийин БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын көмөгү менен үчүнчү мамлекетке чыгарылып кетет.

- Маегиңизге рахмат