Саясат таанучу Табылды Акеров шайлоо алдындагы саясий кырдаалга салган байкоолорунан чыккан ой-пикир менен бөлүшөт.
- Бүгүн Аликбек Жекшенкуловдун соту башталат. 1-Май райондук сотунун алдында БЭК "Жекшенкулов бошотулсун" деген талап менен акция өткөрөт экен. Мындай иш чараларга бийлик президенттик шайлоо алдында көңүл бурушу мүмкүнбү жана ал коомго кандай таасир бериши мүмкүн?
- Бул иш чараларга президенттик бийлик көңул бурушу мүмкүн, күч органдары аркылуу көңүл бурушу мүмкүн. Анткени мындай акциялардын байма-бай өтүп турушу президенттик шайлоо алдында өтө кооптуу. Себеби буга чейин бийлик көп катачылыктарды кетирген жана көп киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылган эмес.
Ошолордун тууган-уруктары дагы ушундай акцияларды баштап жибериши мүмкүн. Мисалы, Шабатоев, Жээнбековдун уулу, Петровкадагы окуя, ушунун баары тең майда-майда локалдуу митингдерге айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан сөзсүз көңүл буруп, күч органдарын колдонуп чара көрүшү мүмкүн.
Ал эми саясий негизде эч кандай чара көрүлбөйт, анткени Жекшенкуловдун камалышынын негизги максаты бул оппозицияны чет элдик коомчулукка шайлоо алдында чыгарбоо болуп саналат. Себеби Жекшенкулов Акаевдин учурунда дагы тышкы саясатты жөнгө салып турган жана Бакиевдин мурунку президенттик шайлоосунда ошондой эле ишти аткарган. Ошондуктан мунун тажрыйбасы көп деп шайлоо учурунда камап коюшту.
- Оппозиция президенттик шайлоодо жеңишке жетишпесе коомдо карама-каршылыктар күч алат, ага коом бышып жетилип калды деп айтып жатышат. Саясат талдоочу катары шайлоо алдындагы элдин маанайына сиз кандай баа берип жатасыз, коом мамлекет башчысын чындап тандоого даярбы, же саясий окуяларга кандайдыр бир деңгээлде кайдыгерлик менен карап жатабы?
- Кайдыгерлик менен карап жатат деп айтуу болбойт го. Себеби коом жаңы талапкерлердин келишин күткөн. Ошондой талапкердин бири Т. Сариев болуп жатат. Көпчүлүк интеллегенция Сариевге көңүл буруп жатат десек болот.
Ошол эле маалда Атамбаев дагы өтө жакшы позицияларды көрсөтүп келатат. Ошондуктан эгерде шайлоо бурмаланып, мыйзам бузуулар аныкталса, анда карама-каршылыктар өтө кескин түрдө болушу мүмкүн.
- БЭК кыймылы 31-майда Түптө төртүнчү элдик курултайын өткөрүп, анда президенттик шайлоо маселесин талкуулайт экен. Бул окуя оппозициячыл күчтөрдүн талапкерлердин мындан аркы аракетине, тактап айткандай Атамбаев менен Сариев бири-бирине жол берип, бирөөнүн талапкерликтен баш тартышына таасир бериши мүмкүнбү?
- Ошондой сүйлөшүүлөр менин билишимче болуп жатат эки тараптан тең. Президенттик администрация, балким, ушул негизде “Ала-Тоо” кыймылын да өз тарабына тартуу аракетин жасады. Өткөндө эле “Ынтымак” кыймылын президент кабыл алды, бирок эч кандай колдоо жөнүндө сөз болгон жок. Кандайдыр бир деңгээлде эки тарап тең бири-биринин тамырын тартып көрдү десек болот.
Ал эми Сариев менен Атамбаевдин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп атат, бирок жеке отуруп сүйлөшүлгөн жок, ортомчулар аркылуу жүрүп атат, же эки штабдын ортосунда деп айтсак болот.
- Маегиңизге чоң рахмат.