УТРКны коомдук башкарууга өткөрүү идеясы кайра тирилди

Улуттук телеканалга реформа жүргүзүү маселесин башкы каналдын жамааты далай жолу көтөрүп, ар кандай акцияларга чыгып келди

Убактылуу өкмөт Улуттук телерадио корпорациясын коомдук телекөрсөтүү кылып кайра түзүү ниетин билдирди. Ага ылайык мындан ары, УТРК каржы маселесин албаганда бир дагы мамлекеттик органга баш ийбей, эркин болот.
Айрым эксперттер Бакиев бийлиги учурунда деле бул маселе байма-бай көтөрүлүп, кийинчерээк теңирден тескери чыгып, сунуштар кумга сиңген суудай жок болгонун айтып келишет. Деги УТРКны коомдук телеканалга айлантуу ишке ашабы?

Улуттук телерадио корпорациясы буга чейин, Акаевдин тушунда да, Бакиевдин тушунда да бийликтин арыгын чаап, жалаң гана бир тараптуу маалымат таратып жатат делип катуу сындалып келген. Ал тургай Акаев бийликте турган кезде “кара куту” атка да конгон. Ушул себептүү Бакиев бийликке келген алгачкы жылдары УТРКны коомдук телеканалга айлантуу аракеттерин байма-бай жар салып келгени да белгилүү.

Бирок медиаэксперттер Бакиев бийлигинин бул аракеттери тескери ооп, басма сөздү ооздуктоо, кысым, басым, ал тургай курч жазган журналисттерди өлтүртүп, ачык эле радио, гезиттерди жаптырып салуу менен алмашканын белгилешүүдө. Кийинчерээк ММКларды каттабай коюу, катталгандарын кайрадан каттоо зарылдыгы да айтыла баштаган. Ушулардан улам да эл аралык уюмдардын иликтөөсүндө Кыргызстан соңку жылдары эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошулган болчу.

7-апрелден кийин түзүлгөн Убактылуу бийлик да УТРКны коомдук телеканалга айлантаарын айтып жатат. Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев бул багытта иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеген. Ага ылайык эки-үч жумада документтери иштелип чыгып кабыл алынса, УТРК үч айдын аралыгында коомдук телевидение болуп толук кандуу иштей баштайт:

- Биз эки принципти айкалыштыралы деп жатабыз. Телевидениены бюджеттен каржылоо калат, ал эми башкаруу системасы алынат. Ал жерде Байкоочу кеңеш бүт аткаруу бийликтерин, коомдук телевидениенин саясатын аныктайт.

Өткөн жылы апрелде парламент “Телеберүү жана радио уктуруу жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алгандан кийин Кыргызстанда мамлекеттик башкы каналдын базасында коомдук телеканал түзүү идеясы дагы биротоло токтогон. Бул мыйзамга ылайык улуттук каналдын Байкоочу кеңешин да бүтүндөй президент сунуштайт, жетекчисин да түздөн түз президент дайындамай болгон. Ошол себептүү медиаөкүл Акмат Алагушев бул багытта мыйзамдар толук бойдон каралып чыгышы керек деген пикирде:

- Албетте, аны коомдук телеканал кылыш керек. Көп нерсени кайрадан карап чыгыш керек. Мыйзам түрүндө коомдук телевидение болгон, Бакиев кол койгон. Анан кийин эле башка бир мыйзамдын ичине бир берене кошуп туруп, аны жокко чыгарып жатпайбы.

Ал эми “Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бийликтин бул багытын катачылыкты оңдоонун бир жолу катары баалайт. Ошондой эле ал бул маселени парламент бекитип бериши керектигин белгилейт:

- Коомдук телевидение болгондо мамлекетте коомдун кызыкчылыгы коюлат. Бул таризден алганда УТРК коомдук болоору менен мамлекеттик-коомдук кызыкчылыкты алып кете берет, бийликтин өз кызыкчылыктарынын таасири минималдашат деп ойлойм. Чынын айтканда ал канчалык деңгээлде тез ишке ашат, ал башка кеп. Эмнеге дегенде бул мыйзамды парламент кабыл алып бериши керек. Бирок жаңы курулган парламенттин күн тартибиндеги алгачкы маселелерден болушуна биз дагы аракет жасайбыз.

Өз кезегинде УТРКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кубат Оторбаев башында эле ушул идеяны жактагандардын бири болгонун, бул иш-чараны ара жолдо калтырып, бийликтин сөзүн сүйлөгөн канал болтурбоого аракеттер көрүлөөрүн айтып жатат:

- Коомдук телеканал болуш керек. Мен, албетте, бул идеяны колдойм. Журналистиканын стандарттары менен эч кимдин абийирине шек келтиребей калыс, так маалыматтарды берген, ошол эле убакта эч бир күчтөрдөн, ошол эле бийликтен да көз каранды болбогон телеканал сөзсүз болуш керек.

Медиаөкүлдөр да ушул багытта өзүнчө долбоор даярдап жатат. Ал жакынкы убактарда Убактылуу өкмөткө сунушталмакчы. Анткен менен ушул убакка чейин коомдук деп эсептелип келген ЭлТРдин айрым кызматкерлери азыркы бийликтин эмитен эле тигини жаз, муну жазба деп көрсөтмө берип жатканына нааразы болуп келет.

Ал эми Убактылуу бийликтин сациалдык тармагын жетектеген өкүлү Элмира Ибраимова бир гана УТРК эмес, өлкөдөгү башка телеканаларды көзөмөлдөп турчу өздөрүнүн чакан кеңеши болоорун бышыктады. Ошондой эле ал басма сөз эркин болушу керектигин, обьективдүү маалыматтар жалпы элге да, өкмөткө да пайда алып келээрин белгилеп жатат.