Саясат таануучулар Пакистандагы талиптердин согушу Орто Азия чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргызстанга дагы терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн деген божомолдорун айтышууда. Президент К.Бакиев дагы Нарын облусундагы иш сапарында Пакистан менен Ооганстандагы кырдаал кыйындап баратканын, бул маселе жакында Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында козголорун билдирди.
Нарын облусунда президент Курманбек Бакиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Пакистандагы талибдер менен болгон согуштан улам качкындардын саны 2 миллионго чукулдаганын белгиледи. Анын айтымында, Пакистандын жоокерлери менен талибдердин карама-каршылыгы күчөсө Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстанга дагы чоң коркунуч туулушу мүмкүн.
-Бул маселе боюнча биз ЖККУга кирген мамлекеттер, ШКУ, КМШ өлкөлөрүнүн жакын арада жолгушуулары болот. Бул маселелерди биз карашыбыз керек. Кудай сактасын, эгерде бир чатак чыгып кетсе, согуш чыгып кетсе анда биз бардык нерселерди унутабыз.
Курманбек Бакиев буга чейин Оогастанда күч аркылуу маселелер чечилбегенин, ал жердеги чыр-чатакты кыска мөөнөттүн ичинде тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу чечүү керектигин айтты:
-Мына Кыргызстан Америкага базаны бердик. Жети жыл, сегиз жыл пайдаланды. Ооганстанда абал жеңилдеген жок. Тескерисинче маң заттарынын көлөмү көбөйдү.
Бакиев Ооганстандагы маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу экономикалык жол менен чечүү боюнча демилге көтөрүп чыкканын, Бишкек бул маселе боюнча “Сүйлөшүү аянты” болуп берүүгө даяр экендигин билдирди.
Президенттин эл аралык саясат боюнча бөлүм башчысы Айбек Молдогазиев “Азаттыкка” берген маегинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жыйынында Ооганстандын айланасындагы маселелер боюнча “Манас” аба базасы башкы тема болбостугун, негизинен ал жыйында Ооганстандагы кырдаалды тынчтык жолу аркылуу сүйлөшүп жөнгө салуу боюнча президенттин демилгеси тууралуу кеп болорун белгиледи.
Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жапон басылмасына берген маегинде АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасынын өлкөдө калар-калбасы тууралуу суроого Кыргызстан өлкө аймагын Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн антитеррордук коалициянын ишмердүүлүгү үчүн пайдаланууга кызыкдар болгон тараптар менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген жооп кайтарган.
Ал эми айрым саясат таануучулар АКШнын аба базасын чыгаруу боюнча кыргыз бийлиги башка коңшу мамлекеттердин кысымынан улам экономикалык жагына шылтоолоп “ойлонулбаган кадамга” барышканын белгилешүүдө. Буга президент Курманбек Бакиевдин АКШнын базасын чыгаруу жөнүндө өкмөт чечим кабыл алганын Орусиянын баш калаасы Москвадан туруп жарыялаганы негиз болду.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов болсо азыркы бийликтин жүргүзгөн эки жүздүү саясаты Кыргызстандын аброюн эл аралык коомчулуктун алдында төмөн түшүрүп, мамлекеттин эгемендүүлүгүнө коркунуч туудуруп жатканын белгиледи.
Анын баамында, Пакистан-Ооган тирешүүсү жалпы Орто Азияга чоң коркунуч туудурат.
-Авиа базаны кетирбей деле калышы мүмкүн. Мына президент Хамид Карзай дагы, Түркиянын президенти Абдуллах Гүл дагы Ооганстан боюнча эл аралык коомчулукка кайрылып жатпайбы. Булар биздин бийликке караганда акыбалды жакшы түшүнүшөт, тереңирек билишет. Биздин бийлик болсо “баштарын тырмап коюп” мындай кылабыз же тигиндей кылабыз деп теңирден тескери иш кылып жатышат. Ошон үчүн бизде туруктуулук жок. Тышкы саясатыбыз дагы туруктуу эмес. Ички саясатыбыз дагы туруктуу эмес. Эми бул авиа базаны калтырса биздин тынччылыгыбызды коргоп берет.
Мирослав Ниязов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда АКШнын аба базасын калтыруу керектигин мамлекет башчысына бир нече ирет эскертип, муну менен Кыргызстандын аймагына инвестиция тартууга чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып, өлкөнүн коопсуздугу үчүн пайдасы зор экендиги тууралуу кеңеш бергенин учкай эскерип кетти.
Талдоочулар АКШнын аба базасынын Кыргызстандан чыгарылышына Жогорку Кеңештеги “Ак жол" фракциясы менен Кыргызстан коммунисттери фракциясынын таасири тийгенин айтышууда. 19-февралда парламент отурумунда кыргыз өкмөтү менен АКШнын аба база жөнүндө келишимди жокко чыгарууда аталган фракциялар өкмөттүн чечимин бир добуштан колдогон эле. СДП фракциясы гана каршы болуп, бул маселеге өтө астейдил мамиле кылууга чакырган.
Ошол отурумда “акжолчу” депутат Мухамеджан Мамасаидов укуктук жактан, саясий-экономикалык жактан алып караганда АКШнын аскер базасын Кыргызстандын аймагында кармоонун кажети жоктугун айтып, аны чыгаруу чечимин эл чыдамсыздык менен күтүп жатат деген болчу.
Мирослав Ниязов кыргыз өкмөтүнүн АКШнын аба базасын Кыргызстандан чыгаруу жөнүндө келишимди жокко чыгарууну колдогон парламент элдин кызыкчылыгын эмес, жалгыз адамдын кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл алууга барганын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын көз карандысыздыгын, элдин тынчылыгын камсыз кылабыз десек АКШнын аскер базасын Кыргызстандын аймагында калтыруу зарыл.
Ал эми Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынан депутат Осмонали Аттокуров болсо “эгерде кыргыз бийлиги Манаста АКШнын аскер базасын калтыруу жөнүндө чечим кабыл алса, анда өлкөнүн тынчтыгы үчүн ал чечимди дагы колдоп беришерин” билдирди.
Айрым серепчилер “Манас” аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу тууралуу кыргыз бийлигинин чечиминен кийин Пакистан, Ооганстандагы азыркы жагдайдан мурда эле Кыргызстандын түштүк чек арасында кооптуу жагдай түзүлүп, кырдаал курчуп баратканын айтышууда.
Тасмада: АКШ базасы: Сын жана жүйөө
Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу програмасы көрсөтүлүп, Ооганстандагы анти террордук иштерге негизги таяныч болгон АКШнын Кыргызстандагы “Манас” базасы тууралуу бир катар маалыматтар айтылган. Бирок база жетекчилиги булар менен макул эмес. ES, MiT, SA

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.