Ал тартат, бул тартат, туризмге ким тартат?

Кыргызстанда туристтердин көзүн кызарткан ажайып жер - Ысык-Көл

Кыргызстанда бизнес өкүлдөрү президенттен “Туризм жөнүндөгү” жаңы мыйзамга вето коюну өтүнүп жатышат. Алар бул мыйзам туризм чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечпейт, ал эми ишкерлердин иш аракеттерин чектөөлөргө салат деген жүйөөсүн айтышууда. Мыйзамды иштеп чыккандар болсо бардык тараптын кызыкчылыгы эске алынгандыгын белгилеп жатышат.
Кыргызстандын Ишкерлер Союзунун туризм боюнча кеңешинин төрагасы Михаил Халитовдун пикиринде, жаңы мыйзам долбоорунда бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү берген сунуштардын көбү эске алынбай, айрымдары гана киргизилген. Ал эми жалпысынан бул мыйзам мамлекетке туризм чөйрөсүндөгү ишкердүүлүктү көзөмөлдөөнүн кошумча механизмин берип коет. Мындай мыйзамдын бизге кереги жок дейт ал:

- Чектөөлөр киргизилип жатат. Кошумча статистикалык отчеттуулук, бизнести Адилет министрлигинде эле эмес, дагы кошумча туризм менен алектенген органдарда каттоо, бизнести жүргүзүү боюнча кошумча каржылык жоопкерчиликтер өңдүү нерселер киргизилип жатат. Анан бизнес жүргүзүүнү эң оорлото турган бирдиктүү сертификация, стандартизация системалары да бар экен. Демек, туризм жаатында иштеген ишкерлер эмне иш баштабасын, кандай ишкана ачпасын кошумча кыйынчылыктарга тушугуп жатат.

Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Турусбек Мамашев бул мыйзам долбоорунун ар бир беренеси ошол эле нааразы болуп жаткан бизнес өкүлдөрү менен чогуу дыкаттык менен каралганын, анын оңдой турган жери деле жок калгандыгын айтат. Анын белгилешинче, мыйзамда мамлекеттин, туристтердин, аларды тейлеген туроператорлордун кызыкчылыктары тең каралган:

-Ар кимиси өз алдынча каалагандай иштеп келген туроператорлордун ишин жолго коюп, мамлекет кичине көзөмөл жүргүзсүн деген идея аларга жакпай жатат. Биздин туроператорлорго лицензиянын, салыктын кереги жок. Өлкөгө ким келип, ким кетип жатат менен иши жок ар кимиси өз алдынча иштеп жатат. Ар бир өзүн өзү сыйлаган мамлекет мыйзамдын алкагында иштеп жатат. Мыйзам менен бир цивилизациялуу өнүгүүгө жетишибиз керек. Антпесек качан өнүгөбүз. Бирок нааразы тараптын дагы бул мыйзамга кол койдурбай кайра каратууга укуктары бар. Мейли, анда президенттин юристтери карап көрүп, кимдики туура болсо жыйынтык сөзүн айтсын.

Михаил Халитовдун айтуусунда, бул мыйзам долбоору эч кимге деле керек эмес болчу. Анын артында депутаттардын гана кызыкчылыгы турат:

- Биз мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жаткандардан “Бул мыйзам долбооруун чыныгы демилгечиси ким” деп кызыктык. Көрсө аны эл, ишкерлер, инвесторлор, ал эмес өкмөт дагы сурабаптыр. Бул мыйзам депутаттарга эле керек экен. Анда бизге анын кереги эмне.

Жаңы мыйзам кабыл алынардын астында Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев Кыргызстандын элине таандык ажайып кооз жаратылыштын пайдасын он чактыдай эле турфирма көрүп жүргөнүн айтып, эми жаңы мыйзам Кыргызстандын экономикасы жана пайдасы үчүн гана иштээрин белгилеген:

-“Шелковый путь” деген фирма бар экен. Былтыр 300 кишини чек аранын аймагынан алып өтүп, альпинисттерге деп алып келген экен. Ошонун ичинен катталганы бир он киши экен. Минтип олтурсак, Кыргызстан байыбай эле, башка бирөөлөр байыбайбы.

Мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын 29-майында парламентте экинчи жолку окууда кабыл алынган. Аны 76 депутат колдоп берген. Алгачкы жолу 2008-жылдын жай айында каралып баштаган бул документ биринчи окууда катуу талаш жаратып, аны кайра иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссиясы түзүлгөн. Мыйзам долбоору комиссиянын жети жолку кеңешмесинен кийин кайрадан парламенттин экинчи жолку кароосуна жиберилген.