Укугуңду билесиңби, журналист?

Кыргызстандын аймактарында журналисттердин эмгек укуктары корголбой жатканы тууралуу көптөн бери айтылып келет. Адистер бул маселени чечүү үчүн жер жерлерде көз карандысыз профсоюздарды түзүү керектигин айтышат. Таласта бул маселе кантип чечилүүдө?
Бурмагүл Чабдарова Талас телерадио компаниясында алгач кабарчы болуп иштеп, бара-бара бул компаниянын жетекчиси болуп, ушул тапта директордун орун басары болуп эмгектенүүдө. Бурмагүл Чабдарова мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү профсоюзда мүчө болгону менен аларга көзгө көрүнөр жардам болбогонуна нааразы.

- Бул маселе бизде жаңы көтөрүлгөнү менен чет мамлекетте бул маселе калыптанып калган. Тармактык профсоюздук баштапкы уюмдар эң зарыл маселе деп ойлойм. Негизи мамлекеттик профсоюздар уюмунун төлөмүн төлөгөнүбүз менен, бир жылда бир жолу көргөн белек-бечкектери болсо болгондур, бирок бизге салмактуу журналисттердин эмгек укуктарын коргогон уюмдар керек деп ойлойм.

1999-жылы Кыргызстанда Журналисттердин республикалык көз карандысыз профсоюз уюму түзүлгөн. Ошондон көп өтпөй облустарда профсоюздук уюмдарды түзүүгө аракеттер көрүлгөн. Бирок журналисттер тарабынан атайын төлөмдөр өз учурунда төлөнбөй, бир топ калем чеберлери мамлекеттик профсоюздарда да мүчө болгондуктан ал уюмдун иши солгундап, акырындап токтоп калган.

Медиа өкүлү Марат Токоевдин пикиринде, Кыргызстанда профсоюздун төрагалары ошол мекеменин жетекчилерине көз каранды болгону – ошол журналисттердин өздөрүнүн эркин эместигин билдирет.

- Бизде жумушка орношсоң профсоюзга мүчө кылып коет. Айлык акыны карасаң профсоюздук төлөмдөр кетип жаткан болот. Чынында профсоюзга кириш үчүн арыз жазыш керек, өз калооң менен. Мисалы облустук ТРКга кирип арыз жазбасаңар профсоюзга кирбестен иштей берсеңер болот. Нарын ТРКда 27 киши иштейт экен, алардын он бири өзүнчө профсоюз уюмун түзүп иштеп жатышат.

Жол башка, ыкма бир


Айрым адистер ушул тапта журналисттердин көз карандысыз профсоюздук уюмун кайра жандандыруу талабы пайда болгонун, бирок бул үчүн башка жолду тандоо керектигин айтышат. Медиа адис, юрист Акмат Алагушев:

- Мыйзам түрүндө, мисалы, ядро деп айтсак болот ошондон бүт баары тараш керек экен. Баштапкы ячейка жок болсо анда профсоюзду түзүүнүн да кажети жок. Өйдө жактан эмес, ар бир ЖМКдан баштапкы ячейка түзүш керек экен. 3 журналист болобу, башка жумушчу болсо деле боло берет. Эң кыйыны мурдагы түзүлгөн баштапкы профсоюздун жетөө азыр жок.

Ошентсе да мамлекеттик болсо да бардык профсоюздар жалпысынан көз карандысыз тармак экендигин айткандар да жок эмес. Облустук телерадиокомпаниянын профсоз уюмунун төрагасы Орозбек Бейшебаев маселе профсоюздун активдүү иштешинде деп эсептейт:

- Бизде профсоюз уюму дурус эле иштеп жатат. Себеби жакында эле Ысык-Көлгө коллектив менен барып эс алып келдик. Андан тышкары 8-9 адам Ысык-Көлгө жана башка курортторго эс алууга барып келишти. Профсоюз уюмунун иштеши-иштебеши ал ошол уюмдун жетекчисине жана жамаатына карата болот. Коллективдеги чатакты прокуратура, сотко жеткирбей эле чечип койсо болот.

“Азаттык”: Ошондой болуп жатабы?

- Андай окуя көп болду бизде, жетекчи, администрация менен макулдашып, жеринде чечип койгонбуз.

Таласта бир облустук телерадио компания жана облустук “Талас турмушу” гезитинен тышкары 4 райондук, бир шаардык «Жаңы багыт» гезити бар. Ошондой эле көз карандысыз “Дабан” гезити, “Некст” жана “Мост” үналгылары иштеп келет.