Бир нече күндөн бери дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан чочко тумоосу аз убакытта эле Америка континентинен Европага тарап, бир нече кишинин өмүрүн алып кетти. Бул коркунучтуу тумоо Кыргызстанга да келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги чочко тумоосуна каршы кандай аракеттерди көрүп жаткандыгы тууралуу санитардык-эпидемиологиялык департаменттин жетекчиси Төлөн Исаков “Азаттыктын” түз обосунда сөз кылды.
- Алгач чочко тумоосуна бир аз мүнөздөмө берип кетсеңиз, бул оору аба аркылуу жугат деп айтылып атты эле?
- Ооба, чынында эле бул кадимки эле вирустун белгилерин билдирет. Бул вирустук инфекция болот, аба аркылуу жугат. Адам бири-бири менен мамиледе болгондо, чүчкүргөңдө кадимки эле кишинин сасык тумоосунун белгилери болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чочко тумоосу катталган эмес. Ошентсе дагы ветеринария департаменти жана башка башка мекемелер болуп чараларды көрүп атабыз, Кыргызстанга чочко тумоосу өтүп кетпесин деп.
- Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы даярбы кокусунан бул оорунун белгилери бизде байкалып калса аны жайылтпоого?
- Бүгүнкү күндө куш тумоосу деп атпайбызбы, мында да кадимкидей эле куш тумоосунун белгилери болот. Ошол үчүн эки жылдан бери жакшынакай чараларыбызды көрүп атабыз. Бул жагынан бизде вирусологиялык лабораториябызды республикалык деңгээлде жана региондордо атайын акыркы дүйнөлүк стандартка жооп бере турган жабдыктар менен жабдып алдык. Бүгүнкү күндө эгерде вирус чыга турган болсо, аны аныктай турган лабораториябыз бар.
- Бул коркунучтуу дарттын алдын алуу чаралары барбы?
- Кыргызстан боюнча чек араларда Ошто, Нарында, Ак жол постунда, темир жолдо, аэропорттордо биздин карантиндик пункттар иштеп атат. Атайын адистер бул боюнча окутулган. Мисалы, учак учуп биздин аэропортко коно электе эгерде адамда оорунун белгилерин байкап кала турган болсо, алар аэропорттун башчысына чалып, санитардык-карантиндик пунктка кабар беришет ушундай оору катталып атат деп. Учак конгондон кийин биздин адистер тосуп алышып, белилерин карайт, эгерде сасык тумоонун белгилери байкала турган болсо аны атайын адистер инфекциялык жугуштуу ооруканадан адистерди чакырып, андан ары чара колдонот.
- Маегиңизге рахмат.