Борбордук Шайлоо Комиссиясы Токтайым Үмөталиеваны президентике талапкер кылып каттады. Токтайым Үмөталиева президенттик шайлоого жолдомо алган бешинчи талапкер жана жалгыз аял талапкер. Аял жана саясат темасында “Азаттык” менен Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжамал Султаналиева ой-пикир бөлүштү.
-Быйылкы президенттик шайлоого талапкерлер арасына ошентип аялдардын бир өкүлү кошулду Токтайым Үмөталиева ушуну менен өлкөдөгү башкы жарышка экинчи жолу чыгып атат. Аялдар арасынан президенттикке талапкер аз чыкканы алардын коомдогу ордуна байланыштуубу же башка да себеби барбы?
-Эми чынында аялдар бизде коомчулукта активдүү иштерди жасап атат. Бирок ушул коомчулук аял саясатчыны кабыл алууга даярбы деген деген суроо туура болсо керек да. Чынында биринчи жолу парламентте жыйырмадан ашык аял келип, саясатчы катары отуруп иштеп атат. Бирок ошол эле учурда мамлекеттин жетекчилигине аялдын көтөрүлүп чыгышы үчүн биринчиден каражат керек, экинчиден ошого бир руханий күч керек. Бул жерден Токтайым Үмөталиеванын талапкер катары президенттике чыгып атканына дагы өзгөчө баа берип койсок болот.
Эми биздин коомчулук ушул аялды чоң саясатчы катары көргөнгө даяр болбой аткандыгы гендер маселеси биздин коомчулукта толук кандуу чечилбегендинен болсо керек да. Гендер дегенди бүгүнкү күнү аял жана аялдардын маселеси гана деп түшүнүшөт да. Бирок гендер деген бул аял менен эркектин тең укуктуулугу, социалдык тең укуктуулугу. Аял менен эркек социалдык эле эмес, саясий да тең укукта болуш керек .
-Азыркы парламентте өзүңүз айткандай айымдар аз эмес, ошолордун күчү менен жалпы Кыргызстандагы аялдардын иштеги, үйдөгү укуктарын коргоп абалын жакшыртуу жагында кандай конкреттүү аракеттерди көрүп жатасыңар?
-Бүгүнкү күндө аялдар ошол парламенттке квота менен келдик. Бирок менин жеке пикиримде аялдардын табигый тандоо менен саясатка чыкканы жакшы болот эле да. Бүгүнкү күндө балдар укугу, үй бүлө саясаты жана ошондой эле жаштар саясаты боюнча мына көп-көп маселелер көтөрүлүп атат. Ошону менен бирге ушул биздин коомчулуктун социалдык маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бүгүнкү күндө ошол маселелерди чыгарганга аракет кылып атабыз да.
- “Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык” өңдүү башка да макал- лакап жолоюндагы сөздөр бийик жыйындарда айтылбаса да кадимки күнүмдүк жашоодо көп эле учурайт. Гендердик теңдик тууралуу канча мыйзам кабыл алсак да элдин аң-сезиминде чоң жылыш байкалбайт го?
-Эми мындай да, өзү мыйзамдын чегинде гана гендердик саясатты жүргүзүш керек деген бул өтө жаңылыш ой-пикир да. Чынында гендер деген нерсени биз ушул коомчулукка киргизишибиз керек да. Гендер деген бул социалдык маселе, ошол социалдык теңчиликке биз коомчулукту алып келип, ошондой мыйзамдарды кабыл алсак, мына ошондо гана биз ошол гендер саясатын туура жүргүзө алабыз. Тилеке каршы, бүгүнкү күндө бизде парламентте мындай маселелер өтө аз көтөрүлүп атат. Көтөрүлгөн күнү дагы ошол маселелерди чечкенге биздин экономикалык акыбалыбыз, мамлекеттин бюджетинын чама-чаркы жетпей атат да.
-Рахмат.