12-майда Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналып бактар тигилди. Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетинин студенттеринин демилгеси менен уюштурулган бул иш-чаранын жүрүшүндө Тыналиева көчөсүнүн боюна 250 даанага жакын жаңы көчөт отургузулду.
7-апрелде курман болгондорду эскерип, аларга таазим кылууну максат кылган бак тигүү иш-чарасы эртең мененки тогуздан баштап түшкү саат бирге чейин созулду. Жүздөн ашуун студент жана мугалимдер Жал кичирайонундагы Тыналиев көчөсүн бойлой Түштүк магистралынан баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин дарак тигишти. Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетинин студентти Султаналиев Самат иш-чара жөнүндө мындай оюн билдирди:
-Бул жерге университеттин көпчүлүк факультеттеринен студенттер келишти. Өзгөчө биринчи курстун студенттери абдан көп. Анткени алар чыныгы мекенчилдер. Студенттердин көпчүлүгү апрель окуяларында курман болгондордун унутта калбашы үчүн өз салымдарын кошууну чечишти.
Студенттерден сырткары бак тигүү иш-чарасына мугалимдер дагы өз салымдарын кошушту. Студенттерден түзүлгөн демилгечи топтун жетекчиси аталган университеттин социалдык иштер боюнча проректору Гүлмира Белекова бул иш-чаралар апрель окуяларында курман болгондордун элесине арнап гүлбакча түптөөгө багытталгандыгын айтат:
-Бүгүн курман болгондордун кыркылыгы эмеспи. Аларды эскерип, өзүбүздүн ишибиз менен көрсөтүп коелу деген жаштардын демилгеси болду. Жал кичирайону жаңы өсүп келе жаткан кичирайондордун бири. Мына ушул жерге курман болгондорго эстелик болсун деп, атайын гүлбакча түптөйлүк дедик.
Гүлмира айым студенттердин көчөт отургузуу демилгесине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек шаардык мэриясы дагы колдоо көрсөткөнүн белгилейт. Бак тигүү иш-чарасына катышып жаткан Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Төлөс Абылкасымов бул иш-чара тууралуу төмөнкү ойлору менен бөлүштү:
-Бул жер баатырлар аллеясы деп аталат деп жатышат. Аны эми келечек көрсөтөт. Негизгиси бактарды отургузуп сугарып, көчөттөрдү карап келечеги болот деп ойлоп жатам. Себеби, бул баатырларга арналып бак-дарактардын отургузулушу биринчи саамалыктардан го.
Көчөттөрдү отургузуу иш-чарасы түшкө чейин уланып, баш аягы 250гө жакын жаңы көчөт Тыналиев көчөсүнүн боюна тигилди. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Перизат Топоева бактарга кам көрүүнү студенттер колго ала турганын айтат:
-Биринчи кезекте биз, жергиликтүү тургундар жаңы отургузулган көчөттөргө жакшы мамиле кылат деп ишенебиз. Биз деле алыс жерде эмеспиз. Балким ар жума жадыбал түзүп студенттер кезеги менен бактарды көзөмөлдөп турат. Бул бактар эмгек менен тигилгендиктен аларды өстүрүү үчүн бардык аракеттерди кылабыз.
Бул иш-чаранын уюштуруучулары жана ага катышкан көпчүлүк студенттер белгилегендей, тигилген бактар апрель окуяларында курман болгондорго арналган эстелик эстелик болуп калат.