Коогалаңды иликтөөчү улуттук комиссия ишке киришти

Миңдеген адамдардын кайгысы үчүн ким жооп берет? Ширин Айтматованын сүрөтү.

Июнь айындагы этностор аралык араздашууга алып келген коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча түзүлгөн улуттук комиссия мүчөлөрү жеринен иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн 28-июлда Ош жана Жалал-Абад шаарларына жөнөп кетишет. 36 адамдан турган комиссия курамы бир канча багыттар боюнча иш алып барып, ушул жылдын аягына чейин жалпыланган корутундунун негизинде окуяга саясий баа берилмекчи.
Июнь айындагы Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңды иликтөө боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев анын курамына түрдүү улуттун өкүлдөрүнөн турган көз каранды эмес адистер, укук коргоочулар, конфликтологдор, окмуштуулар жана башка коомдук ишмерлер киргендигин белгиледи.

Улуттук комиссия этностор аралык араздашууга от койгон чагым чыгаруунун себептери, аны уюштурган ички-тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгы сыяктуу жагдайларга басым жасап, анын негизинде окуялардын кесепеттерин жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыкмакчы.

- Иликтөөнүн багыттарын эки жолу талкуулап, бул боюнча макулдаштык. Бул маселенин тарыхый тамырларын да иликтейбиз. Айрыкча 1990-жылдагы окуянын келип чыгуу себептерин да иликтеп, быйыл чыккан жаңжалдын негизги себептери менен салыштырабыз. Окуялардын курч өнүгүп кетишинин экономикалык, саясий, социалдык, укуктук, маданий, керек болсо адеп-ахлактык жагын да иликтеп көрөбүз. Мындан сырткары чагымды уюштуруудагы тышкы күчтөрдүн тиешесин изилдеп, баа беришибиз зарыл. Анын ичинде диний факторлор да каралат.

Ош, Жалал-Абад окуяларын иликтөө боюнча улуттук комиссия мүчөлөрү буга чейин түрдүү булактардан маалыматтарды чогултушуп, окуялардын чыныгы удаалаштыгын калыбына келтирүүгө аракет кылышкан. Ошол эле учурда окуяларды атайылап бурмалаган жана жалган маалыматтар аркылуу чагымчылдыкты күчөткөн тараптардын аракеттерине да баа бериле тургандыгы айтылды.

Улуттук комиссия төрагасынын орун басары Жыпар Жекшеев атайылап даярдалган кылмыштуу күчтөрдүн жүзүн ачып, окуяга укуктук жана саясий баа берүүгө бардык шарттар бар экенине токтолду:

- Иликтөө иштеринин башталышында эле бизге келип түшкөн колдо бар маалыматтарда бир кыйла олуттуу жагдайлар бар да. Анын ичинде окуянын кантип башталгандыгы, анын өнүгүшү жана жалпы эле хронологиясы да толук келтирилген. Биздин колдо турган маалыматтарды азырынча жарыялай албайбыз. Анткени окуя болгон жерге барып бул боюнча кошумча дагы бир жолу тактоо иштерин жүргүзөбүз. Биз өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен да, окуянын күбөлөрү жана алардын түздөн-түз катышуучулары менен да бир сыйрадан жолугушуп чыгышыбыз керек.

Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев өз кезегинде окуянын себептерин аныктоо боюнча түзүлүп жаткан эл аралык комиссия менен кызматташтыкта иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле ал өлкөнүн ичинен жана чет өлкөлөрдөн тиешелүү маалыматтарды талап кылууга улуттук комиссиянын мандаты жетишерлик экендигин белгиледи.

Абдыганы Эркебаевдин
айтымында, комиссия курамынан сырткары атайын адистер да иликтөө иштерине тартылмакчы. Анткен менен ири көлөмдөгү иликтөө иштерин жүргүзүү чоң каржылык чыгымды жана интеллектуалдык ресурсту талап кылары айтылды.

- Мамлекеттин жетекчиси Р. Отунбаева менен сүйлөштүм, ушул иликтөө иштерин толук жүргүзүүгө жетиштүү каражат табабыз. Мындан сырткары окуу жайлары болобу же илимий мекемелер болобу мүмкүнчүлүктүн болушунча бардыгын иликтөө иштерине тартабыз. Акыл-эс ресурсу жагынан да, каржы жагынан да толук мүмкүнчүлүктөрдү мобилизация кылганга аракет кылабыз.

Улуттук комиссия тергөө материалдарынан сырткары башка кошумча булактардын маалыматтары боюнча да иликтеп, тактоо иштерин жүргүзүшөт. Укук коргоочу Изатилла Рахматуллаев комиссиянын бейтарап, калыс жана акыйкат иш алып баруусун камсыздоо анын ишине болгон ишенимди бекемдейт деп эсептейт:

- Башка татыктуу комиссия курамы болбогондон кийин ушулардын иликтешине эле макул боло беребиз. Эң башкысы бардыгы акыйкат, таза, так жана бейтарап жүргүзүлүшү керек. Улуттук комиссиянын курамына ишеним билдиребиз. Башка айлабыз жок да. Эң башкысы алар ишенимди акташса.

Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кандуу калабанын келип чыгыш себептерин иликтөө боюнча улуттук комиссия негизги төрт багыт боюнча, жер-жерлерде тайпаларга бөлүнүп иш алып барышмакчы.