"Манастагы" жоолордун айкелдери алынды

Аянттан Нескаранын эстелиги алынууда.13-июнь, 2009-жыл.

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына “Манас” эпосундагы каармандарга тургузулган эстеликтердин арасында хан Манастын душмандарынын да эстеликтери бар экени ачыкка чыккан соң, коомчулукта нааразылыктар айтыла баштаган. Мындан улам ишембиде "жоо" деп баяндалган каармандардын айкелдери борбордук аянттан чыгарылды.
“Манас” эпосундагы каармандардын эстеликтери борбордук "Ала-Тоо" аянтына ушул айдын башында, аянт жаңыланып ачылганда коюлган. Жаңыланган аянттын ачылышына президент Курманбек Бакиев баштаган расмий өкүлдөр да катышкан эле.

Бирок анда аянтка Манастын түбүнө жеткен, кыргыздын тарыхый душмандары эсептелген баскынчы калмактардын жана башка чыгыштагы жоолордун (кытай-манжу) ханы Нескаранын, Жолойдун жана Манастын аргымак атын атып өлтүргөн мергенчи Шыпшайдардын эстеликтери кошо коюлуп калышына эч ким көңүл бурган эмес.

А түгүл алгачкы күндөрдө эстеликтердин астына каармандардын аттары толук жазылып, кийинчерээк ал жазууларды кимдир бирөөлөр жулуп кеткен.

Манастын элдешкис жоолорунун минтип өлкөнүн борбордук аянтына коюлуп калышы маалымат каражаттарында уу-дуу талаш-тартышка коштолуп айтылып чыккан соң, коомчулукта бул айкелдерди орнотууга карата нааразы пикирлерди пайда кылып, бул өтө уят иш болгону айтыла баштады. Ушундан улам ишембиге (13-июнга) караган түнү Шыпшайдар менен Жолойдун, бүгүн күндүзү Нескаранын эстелиги аянттан алынды.

Бул эстеликтер аянтка кантип коюлуп калганы, ага кимдер жоопкер болгону тууралуу азырынча расмий тарап эч кандай түшүндүрмө бере элек. Коомчулукта болсо мындай ишке жол берген тиешелүү жетекчилерге тезинен чара көрүү зарылдыгы тууралуу сунуштар айтылууда.

Ал эми кыргыз бийлиги болсо жалпы Борбордук Азиядагы көчмөндөр цивилизациясына кыргыз эли кошкон бараандуу салым кылдат иликтениши керек деп санайт. Бул багытта атайын долбоор да жарыяланды.

Ошол эле учурда "Манас" дастанына жана андагы каармандарга өзгөчө маани берүү аракетин колдоп жаткандар да бар.

Сүрөтчү жана айкелчи Жоомарт Кадыралиев да өз учурунда "Манас" менен байланыштуу айкелдер ансамблин ордо шаардын чордонуна жайгаштыруу сунушун айтып, өз долбоорун даярдаган. Бирок айкелчи учурда орнотулган эстеликтерге өзүнүн эч тийешеси болбогондугун, мурдагы долбоорун азыркы өкмөткө кайра сунуш кыла электигин "Азаттык" үчүн курган бүгүнкү маегинде билдирди.