Кандуу калабанын себептерин мамлекеттик комиссия иликтейт

Оштогу качкындар лагери

Убактылуу өкмөт өлкө түштүгүндө болгон кандуу окуялардын себептерин иликтөөчү комиссия түзүп жатат. Бул боюнча Убактылуу өкмөттүн идеология жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Эркингүл Иманкожоева “Азаттыктын” түшкү түз обосунда кеп салып берди.
- Учурда өлкөнүн түштүгүндө болгон акыркы окуяларды иликтөө боюнча коммиссия түзүлгөнү жаткан экен, ушул туурасында кеп салсаңыз.

Эркингүл Иманкожоева
- Түштүктөгү калабанын себептерин изилдөө жана сунуштарды берүү үчүн убактылуу өкмөтүн алдында атайын комиссия түзүлүп жатат. Бул коммиссияны убактылуу өкмөттүн мүчөсү Абдыганы Эркебаевич жетектемекчи. Комиссия курамына профессорлор, маалымат каражаттарынын, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ар кайсы улуттагы жарандар дагы кирип атат.

- Коммиссия качан ишке кирет?

- Азыр курамы толук куралып бүтсө, жакын арада президент Роза Отунбаева кол коёт. Анан комиссия ишин аркы жумада баштап калат.

- Сиз Ошто болуп келген экенсиз, ал жердеги абал кандай экен?

- Мен 25-июндан 28-июнга чейин түштүк тарапта болдум. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү аймактан баш паанек тапкан Жаңы-Турмуш айылынан келген ачкындар менен сүйлөштүк. Алар “бир жактуу маалыматтар кетип жатат, биз жөнүндө көп маалымат кетпей жакшы каралбай калдык, гумжардамдын бардыгы жапа чеккен делип көрсөтүлүп калган жактарга кетип жатат” деген нааразычылыктарын айтышты. Ал жерде 464 кишиден турган 72 үй-бүлө жашап жатышыптьр, арасында кичинекей балдар да бар экен. Карандай чай, нан менен отурушкан экен. Ал боюнча Кара-Суу районунун акими Байыш Юсупов менен дагы сүйлөшүп, ал киши азыр кайрадан жарандар өз айылына кетишти деп маалымат берди.

- Сиз эки элди элдештирүү жаатында кандай конкреттүү чараларды сунуштайт элеңиз?

- Бул боюнча элдик дипломатия принциби менен иштейли деп атабыз. Эки жактагы кадыр-барктуу аксакалдар, башка адамдар менен биргелешип ошол жерден иш жасайлы деген ойлор бар.

- Негизи элдештирүү аракеттери кандай жыйынтык берет деп ойлойсуз?

- Илгертеден бери кыргыз-өзбек түштүктө бир үй-бүлөдөй жашап калган. Кыргызстанда сексенден ашуун улуттун өкүлдөрү бар, ошолордун ичинен өзбек улутундагы жарандарды биз абдан жакшы эле көтөрүп келгенбиз. Мисалы? алардын өз тилиндеги мектептери, драм театры, телеканалдары бар. Биздин өлкөдө башка улутту чектөө деген болгон эмес.