Э. Каптагаев: Кырдаалды турукташтырганга күчүбүз жетет

Оштун көчөлөрүнөн бир көрүнүш, 16-июнь

Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев Кыргызстанга азыр сырттан аскер күчтөрүн алып кирүүнүн кажети жок, Убактылуу өкмөттүн абалды турукташтырганга толук мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт.
- Ош, Жалал-Абад облустарындагы соңку кырдаалга токтоло кетсеңиз, ушул тапта абал кандай?

- Азыркы абал салыштырмалуу тынч деп айтсак болот. Анткени 4-5 күн мурдагыдай курч абал жок. Бирок жер-жерлерде, айрыкча Ош шаарынын тегерегинде Нариман, Фуркат жакта, Жалал-Абаддын Сузак, Базар-Коргон райондорунда курчураак кырдаал бар. Негизинен тынч.

Эмилбек Каптагаев
- Түштүктөгү тополоңго байланыштуу 27-июнда өтүүчү референдумду 2-3 аптага жылдыруу керектиги айтылууда. Референдум жылдырылбайбы?

- Бул референдумду жылдыруу, же токтотуу дегенди ошол тополоңду уюштургандар, ошого шыкакчы, көмөкчү болгондор көтөрүп атат. Мына эки күн мурда эле БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдар айтып атат, референдумду токтотууга болбойт азыркы шартта, муну кыргыз эли туура түшүнүп, туура көтөрүп референдумду өз убагында өткөрүп алган бул саясий жагынан да, абалды турукташтыруу жагынан да, бардык жагынан туура болот деп. Убактылуу өкмөт да ушул эле көз карашта. Биз кыргыз эли ушул референдумду өткөрүп алышыбыз керек, бул Убактылуу өкмөт үчүн кереги жок, азыркы шартта мамлекетти сактап калыш үчүн, элдин мындан аркы турмушунда ушундай коогалаң болтурбай кармап туруш үчүн эң зарыл шарт.

- Демек 27-июнда референдум өткөрүлөт?

- Эми биз Кудай буюрса деп турабыз. Элдин ичинде азыр түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп атабыз, жанагыдай ар кандай ой айтып аткан саясатчылар менен да жолугуп, алар менен да сүйлөшүп атабыз. Биз азыр ушул маселе боюнча бир пикирде болушубуз керек. Биз азыр Конституцияны кабыл алып, мамлекеттик түзүлүш боюнча пикирибизди бириктирип, күзгү шайлоону так өткөрүп алганга аракет кылбасак, ушундай эле тополоң уюштуруп, кайрадан дагы кан төгүүгө алып келем деген аракеттер токтобойт.

- Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов менен тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев Орусияда иш сапары менен жүрүшөт. Алардын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жетекчилери менен жолуккандыгы тууралуу эмне айта аласыз?

- Кечээ Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Орозов менен тышкы иштер министри Казакбаев Москвада болушуп, ошол жерде ЖККУнун катчылыгынын жетекчиси Николай Бордюжа менген жолукту. Ошол жерде Кыргызстандагы шарт, абал талкууланды. Бул талкууда негизинен биздин шериктеш мамлекеттер, алардын жетекчиликтери биздеги абалды туура түшүнгөнү, туура баа берип атканы байкалды. Алар бизге, айрыкча биздин укук коргоо органдарына толук түрдө көмөк көрсөтөбүз, жардам беребиз деп, эң негизги Кыргызстанда туруктуулукту калыбына келтирүү, ошондой эле тиешелүү өлчөмдө гуманитардык жардамдар да жөнөтүлө турганын тастыкташты.

- Айрым саясатчылар айтып атышат Кыргызстанга ЖККУнун жана БУУнун тынчтык күчтөрүн киргизиш керек деп. Буга кандай дейсиз?

- Аскер күчтөрүн киргизүү ою биринчи тополоң чыгып аткан кезде аябай актуалдуу болгон. Ошол кезде биз Орус мамлекетине да жардам керек деп кайрылганбыз. Анткени бул провокациянын масштабы ушунчалык кенен, ойлонулган, аябай даярдалганы көрүнүп турду. Бирок аскер киргизүү өтө оор, татаал шарт, киргизүү тартиби да оор. Биринчи эле оорчулук ким менен кимдин, аскерди кайсы жерге коёт, кайсы урушуп, же согушуп аткан элдин ортосун бөлөт деген маселелер болду. Ош менен Жалал-Абадда эл менен эл кырылышкан жок. Бул жерде бир эле топтор өзбек элинин ичинде да, кыргыз айылдарында да болгон. Азыркы күнү аскер киргизүүнүн кажети жок. Биз өз күчүбүз менен толук турукташтырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

- Рахмат.