Кылмыш дүйнөсү: кармалгандары арбын, колго тийбегендери андан аз эмес

11 ай ичинде катталган кылмыштар, алардын канчасы ачылып, канчасы ачыла электигин Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин башкарма жетекчилери апта соңундагы маалымат жыйынында жарыя кылышты.
Ага мисалды алыстан издештин деле кажети жок. Катуу таяк жеп ооруканага жатчулардын катары көбөйүп, оор кылмыштардын кыйласынын ачылбай калышы, зордук-зомбулуктардын күчөп баратышы көпчүлүктү кооптонтууда.

Алгач сандар...

Маалымат жыйынында айтылган кылмыштардын саны, алардын канчасынын ачылган-ачылбаганы тууралуу эки ооз сөз. Быйылкы 11 айдын ичинде 19 миңден ашуун кылмыш иши катталган. Ошого жакын кылмыш иштери козголгон. Ушу тапта тергелип жаткан кылмыш иштердин саны 22 миңге жакын. Булардын ичинен адам өлтүрүү боюнча 345 кылмыш иши катталып, анын 302 ачылган.

Министрликтин коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бир жылга жакын убакыт ичиндеги иштеринин статистикалык көрсөткүчтөрү 726 жеткен. Алардын арасынан 144 иш кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мүмкүнчүлүгүн пайдаланып көз боемочулук кылуу, уурдоо, паракорчулук сындуу көбүнесе аткаминерлердин колунан келчү кылмыштар. Диний чаарбаштык, баңгичиликке каршы күрөш жаатында 11 ай ичинде 4 тонна 220 кило баңгизаттары колго түшүрүлүп, диний чаарбаштыкка үндөгөн 14 миңге жакын китептер, башка көрмө, угузма материалдар тартылып алынган.

Иш жүзүндө кандай?

Ички иштер министрлигинин кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчи орунбасары Авазбек Алиев 9-декабрда үйүнүн жанында катуу токмок жеп ооруканага түшкөн Болот Жанузаков менен жолугушуп сүйлөшүүгө мүмкүндүк болбой жатканын белгиледи.
Болот Жанузаковдун сабалышы тоноочулукка байланыштуу деп ойлойбуз. Авазбек Алиев

- Б.Жанузаков боюнча 9-декабрда кечки саат 21 чамасында үйүнүн кире беришинде кирип баратканда баласы менен келип, ал машинасын койгону кеткен экен. Эшиктин алдында аны азия тибиндеги эки бала сабап, денесинен жаракат алып ооруканага жеткирилди. Ал боюнча ошол убакта дароо эле топ түзүлүп, болгон иштер азыр жүрүп жатат. Анын ал жерден чөнтөк телефонун алып кетишиптир. Бул тоноочулукка байланыштуубу деп ойлойбуз.

А.Алиев үйүнүн жанынан эле катуу таяк жеп, катуу жабыркаган саясат таануучу Александр Князевге байланышкан окуядан кабары жоктугун билдирди. “Манас аба майданы” акционердик коомунун жетекчиси Бактыбек Сыдыковдун автоунаасы Казакстандан табылып, ал жерде кыргызстандык тергөөчүлөр иш жүргүзүп жатышканын маалымдады.

Укуругум долоно...

Министрликтин коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Абдраимов кызмат абалынан пайдаланып кылмыштуу ишке баргандардын саны арбып баратканын, козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндар 181 миллион ашуун сомду түзөрүн белгилеп, кармалгандардын көбү жоптуу кызмат адамдары экенин ырастады.
Коррупция тузагына илингендер жөн-жай адамдар эмес. Адилбек Абдраимов


- Алар жөн-жай адамдар эмес. Эми эң чоңдору дей турган болсок, булардын арасында эми соттоло электери бар. Ошон үчүн алардын аты-жөнүн жылдын жыйынтыгы боюнча айтып беребиз.

Кыргызстанда диний чаарбаштыкка үндөгөн адабияттар, курал-жарактар быйыл да арбын табылганын министрликтин 9-башкармалыгынын жетекчиси Азамат Кутманалиев кабарлады. Анын ырасташынча, шектүү кишилерден тартылып алынган 13 миң ашуун диний-экстремисттик адабияттардын текши баарын адистер текшерип чыгышкан.

- Эгерде бир киши Куранды көтөрүп алып кетип баратса, арабча жазылса, сиз аны кантип билесиз, биле албайсыз да Куранбы же башка немеби?

Ички иштер министрлигинин кылмыштардын катталышы менен ачылышына байланышкан барандуу сандарынын артында өлкө ичинде кийинки кездери кыйла күчөп кеткен саясий кысым, куугунтук, чет жерден баш паанек издеп кетип жаткандардын көбөйүшү, бийлик атаандаштарына каршы соттук териштирүүлөрдүн токтолбой жатышы калууда.