“Лексус” автомашинасында күйгөндөрдүн бири М. Садыркулов болушу мүмкүн. ИИМдин башчысы Молдомуса Конгантиев азырынча бул алгачкы божомол экендигин жана окуяга байланыштуу айтылып жаткан көз караш, ой-пикирлер негиздүү болуш керектигин эскертти.
Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин айтуусунда, азырынча ДНК, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бирок бул окуя боюнча тиешелүү адамдардан алынган көрсөтмөгө ылайык, “Лексуста” күйгөн адамдардын бири Садыркулов болушу мүмкүн.
- Моргдогу экспертиза учурунда Садыркуловдун аялы күйгөндөрдөн табылган чынжырчаны күйөөсүнүкүнө окшош экендигин жана өтүндө таш бар экендигин айтты. Күйгөн адамдардын биринин өтүнөн үч таш табылган. Ал эми тиш дарыгери Башыров тиштин калдыгынан өзүнүн пациентин тааныды.
Министр Контантиев бул окуя боюнча азыр айтылып жаткан ар кандай көз караштар, ойлор тергөө үчүн да кызык экенин, бирок ар кандай божомолдорду эмес экспертизанын жыйынтыктарын негиз катары караш керек дейт:
- Мисалы бүгүн Өмүрбек Текебаевди сурадык. Ал муну “саясий киши өлтүрүү” деп айткан болчу. Элмира Ибраимова болсо Медет Садыркуловдун өзүнүн артынан аңдуу болуп жаткандыгы тууралуу айтканын билдирген. Эгер Садыркулов ошентип айтса, аны ырастап такташы керек. Кимдир бирөө бул кылмыш ишине тиешелүү эмне айтса, аны тергөөгө жеткириши керек. Чоң трагедиядан саясий упай топтобой, ар бирибиз бир багытта изилдөө иштери менен алек болушубуз зарыл.
Соттук-медициналык экспертиза бул адамдардын эмнеден өлгөндүгүн, жынысын, ким экендиктерин аныктай алган эмес. Соттук-медициналык эксперт Табылды Матсаков азыр ДНКны башка мамлекеттен текшерүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана учурда андан башка лабораториялык экспертизалар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады:
- Текшергенде үчөөнүн тең организминде спирт ичимдиктери жок экендиги аныкталды. Уйку дарылар, баңги заттары да табылган жок. Азыр башка экспертизалар да жүрүп жатат.
ИИМдин өкүлү Эшмурат Азимжановдун айтымында, “Аудинин” айдоочусу Осмонов уктап кетип, рулду башкара албай калган. Ошондо ал “Лексус” менен кагылышкан. Кагылышкан автомашиналар күйө баштаганда "Аудинин" айдоочусу машинадан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Ал азыр өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, камакта сурак берип жатат.
-Айыпкер качкан эмес. Ал өзү өрт өчүргүчтөрдү чакырып, кабар берген өзү болгон. Кармалды. Ага 281- статьянын 3-бөлүгү, 121- статьянын 2-бөлүгү боюнча айып коюлуп, соттун санкциясы менен камакка алынды. Ал жигиттин берген көрсөтмөсү туурасында тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык эч нерсе айта албайбыз.
Ал эми “Лексустагы” адамдардын бул учурда кандай абалда олтургандарын азыр аныктоо кыйын болуп жатат.
-Алардын машинада отуруп же жатып турганын айта албайбыз. Анткени катуу күйүп калышкан. Ал эми айыпкер Осмоновдун денесинде жаракат жок экен. Бир версия болуп жатат. Ал жапалдаш бойлуу, бир аз спортсмен жигит экен. Ошонусу жардам бергенби айтор билбейм,-дейт Чүй облустук ички иштер башкармалыгын башчысынын орун басары Кубанычбек Култаев.
Кубанычбек Култаевдин айтымында, Бишкекте “ДНК технология Манас” деген жеке фирма генетикалык экспетиза жүргүзөт. Ал жерде ДНКны аныктоого Садыркуловдун туугандары каршы болушкан эмес. ДНКнын анализдери ошол эле мезгилде Казакстан жана Иранда жасалышы мүмкүн. Мындай анализ 3-4 жумада жыйынтык чыгара алат.