Башкы токойчу пара менен кармалды
Кыргызстанда 30-июлда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысы пара менен кармалышты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Рустамов Ысык-Көлдөгү Ананьева айылындагы облустук токой чарбанын 5 гектар жерин берүү тууралуу чет элдик жарандын пайдасына чечим чыгарып, андан акча талап кылганын маалымдады. Жетекчи менен анын жардамчысын кармоо учурунда чөнтөгүнөн чет өлкөлүк жаран берген эки миң доллар табылганы белгилүү болду.
Бишкектеги Биринчи май райондук соту 2-августта Рустамов менен жардамчысын эки айга камоо тууралуу чечим чыгарды.
Абдыкалык Рустамов 2010-жылы апрель ыңкылабынын шары менен жогорку мамлекеттик кызматка келген жана өзүн «революционер» деп атап жүрчү. Ал Токой чарба агенттигин 2016-жылдан бери башкарып жаткан. Рустамовду жетекчилик кызматка ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дайындаган. Ага чейин алты жыл ал агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
2017-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жаратылышты коргоо жаатында паракорчулук күчөп кеткенин, зыяндын көлөмү көбөйгөнүн сынга алган жана Рустамовго катуу эскертүү берген болчу. Былтыр ал кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдон да катуу сөгүш алган. Жыл башында Рустамовго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да катуу эскертүү берген.
Ушул жылдын башында Эсеп палатасы Токой чарба агенттигинде ири каржылык мыйзам бузуу фактыларын тапкан. Мекеме буга байланыштуу президентке, өкмөт башчыга, Коопсуздук кеңешине отчет, сунуштама берип, Башкы прокуратурага тиешелүү чара көрүү боюнча кайрылган. Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес.
Дагы караңыз Экологдорду түйшөлткөн демилгеБыйыл апрель айында президентке караштуу Коопсуздук кеңеши аталган мекеменин ишиндеги олуттуу кемчиликтерди, ири каржылык мыйзам бузуу фактыларын аныктаган. Анда Рустамов шоопурун Европага экология боюнча эл аралык жыйынга жөнөткөнү таң калтырган окуя болгон. Бирок өкмөт анда да Коопсуздук кеңеши аныктап чыккан фактылардан улам Рустамовго чара көргөн эмес.
Абдыкалык Рустамовдун маселеси Жогорку Кеңеште да бир канча жолу көтөрүлгөн. Быйыл май айында парламент жыйынында «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов Абдыкалык Рустамовдун жоопкерчилиги каралышы керектигин айткан:
«Агенттикте көптөгөн мыйзам бузуулар, коррупциялык схемалар аныкталган. Башкы прокуратурага 12-апрель күнү 135 барактан турган материалдар жөнөтүлгөн экен. 15 миллион сом натыйжасыз пайдаланылган деген аудиттин жыйынтыгы бар. Глобалдык экологиялык фонд бөлгөн акча да мыйзамсыз пайдаланылганы такталган. Мунусу аз келгенсип, 2018-жылы Женевадагы эл аралык жыйынга өзүнүн шоопурун жиберген. 2018-жылы штаттагы эмес кызматкер агенттиктин атынан жети жолу чет өлкөдөгү жыйындарга катышкан. Бул эмне деген жорук? Өкмөт башчысы Токой чарба агенттигинин жетекчисинин мыйзамсыз иш-аракетине канчага чейин чыдап отурат? Ал жактагы кадрдык башаламандыкты айтпай эле коеюн. Ал токой чарбасын толук жок кылгандан кийин «аттиң» деп калбайлы».
Кыргызстанда жазында уран казууга байланыштуу талаш-талкуу чыкканда бир катар активисттер Абдыкалык Рустамовдун иштен алынышын талап кылышкан. Ал пикирин бир канча жолу өзгөрткөнүн, чалкеш маалымат бергенин белгилешкен. Абдыкалык Рустамов дооматтарын баарын четке кагып жүрчү. Буга чейин «Азаттыкка» берген комментарийинде өзүн «коррупцияга каршы мыкты күрөшкөн жетекчи» катары сыпаттаган:
«Жаңыдан жетекчи болуп келгенде системалуу коррупцияны жоюу боюнча кол койгом. Жаңы эле иш баштаганда мага каршы кишилер көп болгон. Алар демилге көтөрүп, катуу эскертүү алгам. Мен чоң акча жасап жүргөн кишилерди токтоттум. Гранттардын каякка кетип жатканы билинчү эмес, аларды токтоттум. Убагында «Жети-Өгүздө бак кыйылып жатат» деп премьер-министрге чейин жеткиришкен. Текшере келгенде эч кандай бак кыйылбаганы аныкталган. Мен Кыргызстан боюнча дарак кыюуну токтоттум. Ушундай жалган маалыматты таркатышты. Себеби мен көп коррупциялык иштерди, схемаларды жаап койгом», деген эле Рустамов.
«Азаттык» экология, кен тармагындагы коррупция, аңчылык тууралуу бир канча иликтөө материалдарды даярдаган. Анда чуулгандуу бир топ жагдайларда Рустамовдун аты аталган, доомат-сын айтылган.
Тендерден чалынган аткаминер соттолду
Ири өлчөмдө пара алган деген шек менен кармалган транспорт жана жол министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевге сот өкүмү чыкты. Жусубалиев 14 жылга эркинен ажыратылды.
Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Жусубалиев «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган», «опузалап ири өлчөмдө пара алган» деп тапты.
«Жусубалиев Азимкан Ильясович Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен күнөөлүү деп табылып үч жылга, Жазык кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара алуу») менен күнөөлүү деп табылып 10 жылга, Жазык кодексинин 325-беренеси («Пара алуу») менен айыптуу деп табылып тогуз жылга кесилсин. Жазык кодексинин 59-беренесине ылайык, жалпы 14 жылга соттолсун».
Дагы караңыз Пара чыры: аткаминер 14 жылга соттолдуСоттун чечимине ылайык, Жусубалиев менен кошо айыпталган Болот Токтобаев алты жылга кесилди, бир айыпталуучу Бехруз Гулрузов 2 миллион сом доого жыгылып, сот залынан бошоду.
Азимкан Жусубалиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев райондук соттун мындай чечимине нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрыларын айтты.
«Өкүм туура эмес чыкты. Себеби, сот биз келтирген жүйөлөрдүн бирин да көңүлгө алган жок. Азимкан Жусубалиев мыйзамсыз чогулган далилдердин, мыйзамсыз берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде соттолду. Гулрузов өзүн сактап калыш үчүн Жусубалиевге каршы көрсөтмө берип, ошонун негизинде азыркыдай өкүм чыкты».
Атайын кызмат Азимкан Жусубалиевди өткөн жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаганын жарыялаган. Анда аткаминер жол куруу боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон «кызматы» жалпысынан 520 миң долларга баалаганы, ортомчулар аркылуу 120 миң долларын алганга үлгүргөнү айтылган. Паранын суммасы коомчулукту таң калтырган.
Курманбек Бакиев тойлоду
Узап бараткан аптада Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Беларустун Минск шаарында 70 жылдык мааракесин өткөрдү. Анын алдында жергиликтүү «New TV» жана «Нур ТВ» телеканалдары Бакиевди мактап-жактаган, анын бала кезин эскерген даректүү тасма көрсөттү.
«Нур ТВнын» башкы кеңсеси Ош шаарында жайгашкан. Айрым маалымат каражаттары мындан эки жыл мурун ачылган каналга саясатчы Ахматбек Келдибеков ээлик кыларын жазып чыгышкан. Келдибеков муну ырастаган да, төгүнгө да чыгарган эмес. Каналды болсо анын баласы Бекболот Келдибеков жетектейт.
Дагы караңыз Бакиевди даңазалаган каналдар эскертүү алдыЭл арасында «New TV» телеканалын «Ихлас» курулуш компаниясы аркылуу учурдагы бийликке жакын адамдар каржылай турганы айтылып келет. Каналды Нурлан Шакиев башкарат. Ал убагында Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болгон.
Нурлан Шакиев «Азаттыкка» комментарий берип, тасманы көрсөтүү менен телеканал саясий да, коммерциялык да максат көздөбөгөнүн айтты:
«Бул тасманы биз даярдаган жокпуз. Биздин телеканалдын эч тиешеси жок. Бул жерде эч саясат жок. Биз бейтарап телеканалбыз. Тасманы көрүп чыксак, Бакиевдин балалык чагы, окуучулук эле тагдыры экен. Ошондуктан көрсөтөлү деп чечкенбиз. Алар менен эч кандай байланышып же Бакиев тарапты колдоп, коргогон максат да болгон эмес».
УКМК 1-августта Нурлан Шакиев менен Бекболот Келдибековду профилактикалык маекке чакырып, «коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол берилбейт» деп эскертүү берди.
Курманбек Бакиевдин 70 жылдык мааракесине белек иретинде тартылган бул тасманы анын классташтары каржылаган.
Дагы караңыз Бакиевдердин Беларустагы бизнесиТасма социалдык тармактарда кызуу талаш-талкуу жаратты. Муну мурдагы президентти актоо аракети катары баалагандар да болду. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, саясатчы Эмилбек Каптагаев Бакиевди даңктаган тасманын көрсөтүлүшүн «мамлекетке чыккынчылык кылуу» деп сыпаттады:
«Канкор Бакиевди даңазалоо, мактоо катары анын туулган күнүнө карата ушундай тасманы көрсөтүп жатса, ошону даярдаган журналисттердин, аны обого алып чыккан каналдын моралдык жактан мунжулугу. Моралдык принциптин жоктугу. Жүзгө жакын адамды атып, мамлекетти сызга отургузуп кеткен кишини кумир тутуп, көрсөтүүнү элге жана мамлекетке карата чыккынчылык деп эсептейм».
Курманбек Бакиевдин тасмасы боюнча жагдай тууралуу «Медиа Полиси» институту үн катты. Анда бул этикага байланыштуу маселе экенин белгилеп, күч органдары аны шылтоолоп цензурага жол ачпашы керектиги айтылган.
Апрель ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев 1-августта 70 жашка чыкты. Анын мааракеси Минск шаарында ресторандардын биринде шаан-шөкөт менен белгиленди.
Мурдагы президенттин тарапташтары ага 300гө жакын адам чакырылганын билидиришти. Кыргызстандан бир нече адам Минскиге тойго барганы маалым болду. «Азаттыктын» ишенимдүү булактары айрым мурдагы жетекчилер жана чыгармачыл адамдар жолго аттанып жаткан жеринен азыркы бийликтин кийлигишүүсүнөн кийин барбай калганын айтып беришти.
Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.
2010-жылы үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, президент Бакиев бийликтен кулатылган. Элге каршы ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, жүздөн көбү жараат алган.
Курманбек Бакиев Кыргызстанда бир нече кылмышка айыпталып, 30 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган. Мындан сырткары мурдагы президенттин дагы бир иниси Акмат Бакиев 2010-жылдан соң камалып, кийин абактан качып кеткен.
Москвада митингге чыккандар соттолду
Орусиянын Тергөө комитети Москва шаарында 27-июлдагы нааразылык акциясына байланыштуу «калайман башаламандык, аны уюштуруу жана катышууга чакыруу» беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бул Москвадагы соңку ири митингден кийин козголгон төртүнчү кылмыш иши болуп калды.
Мекеменин сайтында «Тергөөдө айрым адамдардан турган топ калайман башаламандык болуп кетерин билип туруп мыйзамсыз митингге катышууга чакырган билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жайгаштырганы аныкталды» деп жазылат.
«Калайман башаламандык уюштурду» деген айып менен төрт адам - Иван Подкопаев, Кирилл Жуков, Самариддин Раджабов жана Алексей Миняйло эки айга камакка алынды. Кирилл Жуков андан сырткары «күч органынын кызматкерине кол көтөргөн» деп да күнөөлөнүп жатат.
«ТАСС» маалымат агенттиги өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып 2-августта бул кылмыш ишинин алкагында дагы беш адам камакка алынганын кабарлады. Андан сырткары Москва шаарындагы соттор митингге чыккан 40 адамга камоо тууралуу административдик жаза берди. Эң чоң жаза мөөнөтүн «Навальный Live» студиясынын алып баруучусу Владимир Милов алды. Ал 30 күнгө эркинен ажыратылды.
Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Ивана Жданов баштаган төрт адам 15 күнгө кесилди. Калгандарына 3 күндөн 13 күнгө чейин абакта камоо боюнча жаза мөөнөтү чегерилди. Камалгандардын арасында Москва шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган талапкерлер Алья Яшин менен Константин Янкаускас да бар.
Москвадагы соттор 79 адамга жалпы суммасы жарым миллион рублге чамалаган айып пул салды. Эң чоң айып пулду «Pussy Riot» тобунун өкүлү Мария Алёхина төлөмөкчү.
Сот жалпысынан ишемби күнкү нааразылык акциядан кийин административдик мыйзам бузуу тууралуу 200дөн ашуун протокол түшкөнүн билдирди.
Москва полициясы оппозиция лидери Любовь Соболдун штабы менен кызматташкан Алексей Миняйлонун үйүндө 1-августта тинтүү жүргүздү. Ушундай эле тинтүүлөр буга чейин да жүргүзүлгөн.
Москвада 28-июлда шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерди колдоп жүздөгөн адам митингге чыккан. Полиция 1373 адамды кармап кеткен. Кууп таратуу маалында 70тен ашык адам жараат алган.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 27-июлдагы нааразылык акциясын «калайман башаламандык» деп сыпаттаган жана бийликтин уруксаты жок өткөнүн белгилеген.